Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:50

ПАРЛАМЕНТ ДЕПУТАТЫ ҮЧ КҮНДӨН БЕРИ ДАЙЫНСЫЗ


Бүгүн Социал-демократтар фракциясынын төрагасы Бакыт Бешимов, фракция мүчөсү, депутат Руслан Шаботоевдин 30-сентябрдан бери дайынсыз жок болуп жатканы тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында жарыялады. Буга чейин Социал-демократтар фракциясынын дагы бир мүчөсү Жусупжан Жээнбековдун уулу да дайынсыз жоголгону тууралуу айтылган эле. Ички иштер министрлиги болсо бул табышмактуу жоголуулар тууралуу тергөө-иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Жогорку Кеңештин Социал-демократтар партиясынан шайланган депутаты Руслан Шаботоевдин сырдуу жоголушу, Кыргызстандын саясий элитасын кыйла күдүк ойго салды. Буга чейин ушул эле партиядан шайланган депутат Жусупжан Жээнбековдун уулу дайынсыз жоголгонун эске сала кетели.

Депутаттын жоголгону тууралуу бүгүн Социал-демократтар фракциясынын төрагасы Бакыт Бешимов парламентте жарыялады:

- Кечээтен бери биз бир маселе менен катуу алек болуп атабыз. Азыр колубузга биздин депутат Руслан Шаботоевдин жубайынын кайрылуусу түштү. Анткени биздин депутат үч күндөн бери дайынсыз жок. Депутат Ж.Жээнбековдун да улуу уулу дайынсыз жок болгонун билесиздер, азыр ар кандай божомолдор айтылып атат. Эми азыр Р.Шаботоев жоголуп отурат. Төрага катары ушул депутаттын дайынсыз жок болуп жатканы тууралуу тиешелүү органдарга жеткирип койсоңуз...

Айтибай Тагаев:- Кайсы күндөн бери жок?

- Үч күн болду...

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Мурат Суталинов, бул жоголуу фактылары боюнча ал жетектеген орган иш алып барбаганын билдирди:

- Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет депутат Руслан Шаботоевдин жоголуп кетүү маселеси боюнча расмий түрдө иликтөө иштери менен алектенбейт. Менимче бул боюнча Ички иштер министрлигин угуу туура болот. Ошол себептүү бул эки жоголуу боюнча бизде эч кандай божомолдорубуз жок.

Ички иштер министринин биринчи орун басары Сабырбек Курманалиев, бул эки жоголуу боюнча чукул иликтөө топтору түзүлүп, тергөө жүрүп жатканын маалымдады:

- Бул факт боюнча чукул иликтөө топтору түзүлдү. Ал жоголгон күнү досу менен “Майкл” кафесинде отурганы аныкталды. Аны ошол жерден таңкы саат үчтөрдө официант аркылуу белгисиз бирөө чакырган. Ошол бойдон ал үйүнө барган эмес. Бүгүн ал кафеде кимдер иштегени такталып, бардыгы суралып жатат. Машинеси текшерилип, шаардык ички иштер башкармалыгынын бөлүмүнө жеткирилди.

1974-жылы 6-апрелде Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Эпкин айылында туулган 34 жаштагы депутат үй-бүлөлүү. 1992-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына тапшырып, аны 2000-жылы “хирург” дарыгерлик кесибине ээ болуу менен аяктаган. 1998-2002-жылдар арасы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин “Укук” факультетин да бүтүрүүгө үлгүрүп, юристтик кесипке ээ болгон. 2005-жылы “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” микрокредиттик компаниясы Ачык акционердик коомунун генералдык директору кызматына келген. 2006-2007-жылдар арасы акционер чечими боюнча “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” МКК ААКсынын башкармалыгынын төрагасы кызматына бекитилген. 2007-жылы Социал-демократтар партиясынын курамында Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

XS
SM
MD
LG