Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:46

Ч.АЙТМАТОВ ААЛАМЫ: КӨРКӨМ ИЗИЛДӨӨ ЖООПКЕРЧИЛИГИ


Чыңгыз Айтматовдун адабий мурасын жарыялап туруу, улуу сүрөткердин ысмын түбөлүккө калтыруу боюнча сөз болгону менен азырынча өкмөт баш болуп расмий иш-чара жасала элек. “Азаттыктын” “бетме-бет” талкуусунун бүгүнкү катышуучулары мурдагы мамлекеттик катчы, профессор, Илимдер улуттук академиясынын мүчө- корреспонденти Осмонакун Ибраимов, Кыргыз-түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Сулайман Кайыпов, Кыргыз улуттук университетинин доценти, адабиятчы Садык Алахан менен ушул маселенин айланасында ой толгошту.

- Бүгүн биз Ч.Айтматовдун адабий мурасы, жазуучунун ысмын түбөлүккө калтыруу жайында ой бөлүшсөкпү деп турабыз. Осмонакун мырза, Ч.Айтматовдун ысмын түбөлүккө калтыруу деле оор маселе экен. Ал жөнүндө сөз болгону менен иштер жасалбай жатат. Мунун себебин сиз эмнеге байланыштуу деп ойлойсуз?

О.Ибраимов: - Мунун себеби ошол бийлик өкүлдөрүнүн, бул ишке жооптуу жетекчилердин оюнда бир жакшы идеялар, сапаттуу ойлор жокпу деп ойлойм. Ошондон болсо керек. Экинчи жагынан менин оюмча, шашылыш чийки чечим кабыл алганча бир аз ойлонуп, эл менен кеңешип-таңашып, анан Чыкемин өмүр жолу, анын чыгармачылыгынын мааниси жөнүндө ойлонуп туруп, анан анын атын түбөлүккө калтыруу маселесин ойлонгон менимче, туура маселе. Бул жерде шашылыштын кереги жок. Адегенде жакшылап ойлонуп туруп анан чечим кабыл алыш керек.

- Сулайман мырза, бул ишке шашылуунун кажаты барбы же болбосо бул иштин маалынан кечикпей эле бүткөнү дуруспу?

С.Кайыпов: - Бул бир утурумдук же өнөктүк катары өтчү иш эмес. Азыр эле жасай коюп “омийин” деп туруп кетер да иш эмес. Иш башталыш керек. Башталгандан кийин өмүр бою улана берчү нерсе. Ар бир муун Ч.Айтматовду өзүнчө ачып алат. Анан ошонусуна жараша өзүнүн эстелигин куруп алат. Эстелик дегенде аны таштан, граниттен же алтындан айкелин тургузуп коюу эмес, ал өзү ошол муундун Ч.Айтматовдун элесин эс тутумунда сактап калуусу. Менимче, эң негизгиси ушул.

Анан Ч.Айтматовдун кыркы өткөнөдөн кийин университетте атайын жыйын өткөргөнбүз. Башкаруу кеңешинин чечими менен Жалдагы кампусубузду Ч.Айтматов кампусу деп атаганбыз. Анан ар жылы апрель айында Ч.Айтматов жумалыгын өткөрүп турууну салтка айландыралы дегенбиз. Дагы ошол кампусубузда Маданият сарайын куралы деген ниетибиз бар. Ошол маданият сарайга Ч.Айтматовдун атын берсекпи деп ойлонуп жатабыз. Эгер ал сарай курулуп калса анын алдына Ч.Айтматовдун 6 метрдей чоң эстелигин орнотуп койсокпу деген оюбуз бар.

А бирок эң негизгиси Ч.Айтматовдун чыгармалары эмеспи. Ал чыгармаларын изилдөөчү атайын борбор түзүп, анын чыгармаларынын текстологиясын изилдеп, чыгармаларынын илимий басылмасын ишке ашырсакпы деген да оюбуз бар. Мунун баары азырынча ойдо, бир жыйынтыкка азырынча келе элекпиз.

- Садык мырза сиздин пикириңиз?

С.Алахан: - Бул багыттагы иштерди пландуy иштеш керек. Өкмөттүн аткара турган иштери бар. Эл өзү бүтүрчү иштер турат. Коомдук уюмдар, мекемелер аткарчу милдеттер турат. Мунун пландуу иштебесек, эртең айтылган сөз унутулуп калат.

- Осмонакун мырза, Ч.Айтматовдун көзү өткөндө сиз анын чыгармаларынын сыр сандыгы бар. Ошол сандыктын ачкычын изилдөө, анын катылган сырын табуу, жандырмагын жандыруу зарылдыгын айттыңыз эле. Ошол пикириңизди уланта кетсеңиз.



О.Ибраимов: - Жазуучунун көзү тирүүсүндө ал тууралуy көп нерселерди адабият изилдөөчүлөрү, сынчылар жаза албайт. Анын моралдык-этикалык себеп-жөнү бар. Анан эми Чыкемин көзү өтүп кетти. Анын акыркы романы “Тоолор кулаганда”, “Түбөлүк колукту” деп да айтып жүрөбүз. Ошол чыгармада Ч.Айтматовдун өзүнүн турмушу, анан да кантип бул дүйнөдөн кетери тууралуу жазган жерлери бар. Андан тышкары 20-кылым, биздин эгемендигибиз, тарых боюнча жаза турган ойлор бар. Буларды жазуунун кезеги эми келдиби деп ойлойм. Менин да өзүмүн пландарым бар.

Айтылган сөздөргө кошумчалай турган оюм. Ч.Айтматовдун атын көрүнгөн жерлерге берип, аны нускалап көбөйтүштүн кажаты жок. Арактан баштап, тамекиге чейин эле анын атын кое берүү туура болбойт. Менин оюмча, Кыргызстан аймагындагы үч төрт маанилүү жерлерге анын атын бериш керек. Институт, көчө, чолок көчөлөргө атын бере бериш туура эмес. Менин угушумда Бишкектеги Жаш Гвардия көчөсүнүн атын Чыкеме берели деген сөз болгон окшойт. Же болбосо Кара-Буура районунун атын өзгөртүп, Ч.Айтматовдун ысмын берели деп. Менимче бул туура эмес.

Бишкекте Ч.Айтматовдун атын берсек чоң көчөгө, проспектке, даңгыр жолго бериш керек. Жаш Гвардияны бергиче Чыкемин өмүрү өткөн, өзү басып жүргөн Эркиндик бульвары, мурунку Дзержинский бульварына атын берсек жарашат. Бул өзү саясий бульвар эмес, маданий бульвар. Тилекке каршы, бизде Эркиндик бульвары деп аталып калды. Ошол бульвар Ала-Тоо кинотеатрына барып такалат. Ошол жерге Чыкемин айкелин тургузсак, ары-бери өткөндө Чыкеми көрүп турсак, жарашып эле калмак. Ошондуктан эптеп эле атын коюп, ушул маселени жабалык деш туура эмес. Анын атын улуттук жерге койсок жарашат.

- Сулайман мырза, Ч.Айтматовдун өмүрүнүн акыркы күндөрүндө сиздердин университет менен мамиле-катнашы аябай күчөгөн. Сиз да ал киши менен көбүрөөк кездешип калдыңыз. Атын калтырууга а кишинин өзүнүн пикири кандай эле?

С.Кайыпов: - Осмонакун мырзанын пикирин кубаттап кетким келет. Биздин майда-чүйдө жерлерге бийик аттарды жармаштыра бермейибиз бар. Аны коюп, татыктуу жерге гана атын берсек. Мисалы, Кыргызстандын түштүгүндөгү бир шаарга Ч.Айтматовдун атын берсе жакшы болор эле. Район, айыл өкмөт, айылдарга адам атын кое берүү адатка айланып кетти. Ал такыр болбой калат. Кайсы бир айыл аксакалдын аты айыл өкмөтүнө коюлуп калса, анын жанында Ч.Айтматовдун аты турса такыр коошпойт. Себеби Ч.Айтматов жалгыз кыргыз эмес, жаамы дүйнөдө алдыга суурулуп чыккан лидерлердин бири эле. Ошон үчүн анын атына, даңкына, эмгегине жараша сый-урмат көрсөтүлсө жакшы болмок.

Анан Ч.Айтматовдун жеке өзү тууралуу. Насип экен, анын өмүрүнүн акырында көбүрөөк кездешип, сүйлөшүп калдык. Мен ошондо а кишини жакшыраак таанып калдым. Бул киши 80 жашында Кыргызстанга кайтып келди. Байкаганым, алыстан туруп Мекенин кароо менен Мекендин өзүндө туруп кароо таптакыр башка нерсе экен. Ч.Айтматов: “Мен тагдырыма ыраазымын, элиме ыраазымын, Кудайга миң мертебе ыраазымын, кыргыздын ушунчалык таланттуу балдары көп экен. Мени номур бешинчи мектепке алып барышты. Абдан сыйлашты, чыгарма жазды деп колуна көтөрүп алгылары келет” деп айтты. Ушундай сонун сөздөрдү бийик адамгерчилик, кишичилик менен эргип туруп айтканы менин эсиме тамга болуп сакталып калды.

Анан дагы бир сөзү: “Чыгарманы убагында жаздык, эл окуп жатат, жакшыбы-жаманбы окурмандары бар . Эми мен келдим. Бишкекте жашайм. Алматыга көбүрөөк барам го. Анан Москвага барам. Кээ-кээде Түркияга барышым мүмкүн. Көп сыртка чыкпайм. Жакында Бакуга барып келем. Андан кийин Казанга барып келем. Анан отуруп алып иштейм. Менин башкача пландарым болуп жатат. Эми айта турган сөз көп. Буюрса, мен аларды ойлонуп жатам. Аябай катуу ойлонуп жатам” деп айткан эле. Эмнени ойлоп жатканын сураган эмесмин.

Кишинин өмүрү кылдай ичке экенин, минтип өтүп кетерин ойлогон эмесмин. Менимче, ал чын эле кыргыздын атасы экенин эми сездиби деп ойлоп жатам. Дүйнөгө даңкы чыккан жазуучу эле эмес, бир улуттун атасы экенин эми сезгенде көзү жумулуп отурбайбы. Ошол чоң арман болуп жатат.

- Садык мырза, Ч.Айтматовдун көзү өттү, эми анын чыгармачылыгын чындап изилдөөнүн кези келди деген ой айтылды. Сиздин оюңуз кандай?




С.Алахан: - Ч.Айтматовдун атын кыргыздын адабий Меккесине, эл аягы үзүлбөй турган жерге айландырышыбыз керек. Мисалы, мына, алыстан келгендер Сулайман тоосуна барып сыйынышат. Пакистандын өкмөт башчысы Беназир Бхутто келгенде ошол жерге барып сыйынган. Мына кечээ Орусиянын Федералдык жыйынынын жетекчиси С.Миронов Ата-Бейитке барып, Ч.Айтматовдун мүрзөсүнө гүл койду. Ч.Айтматовго байланышкан жерлердин баары, ал музей болобу же эстелигин тургузабызбы, ал жерлер эл аягы үзүлбөгөн очок болушу керек. Башка жактан келгендер дитиндеги, көңүлүндөгүнү айта турган жерге айландырышыбыз керек.

Ч.Айтматов тирүү кезинде эле өзүнө эстелик тургузуп кеткен деп айтып жүрөбүз. Ал туура. Анын чыгармаларын изилдөөнүн азыр чети да оюла элек. Аны сезген адабиятчылар кийинки жылдары көп эмгектерди жарыялашты. Ким колунан келгенин жасай бериши керек. Кимдир бирөөлөр ээлик кылбашы керек. Айтматов таанучунун деңгээлин эл өзү тандап алат. Муну бардыгыбыз колго алышыбыз керек. Улуттук адабиятчылар гана иликтей турган проблемаларга үңүлүшүбүз керек.

- Осмонакун мырза, Ч.Айтматовдун жекече пенделик өмүр баяны туyралуy чыгарма жазуунун, көркөм иликтөөнүн кези келдиби?

О.Ибраимов: - Чыкем тууралуу көп чыгармалар жазылат. Мына Чыкем каза болгондо биздеги бири-бирин кагыштырмайды көрбөдүкпү. Кыргыздын эки бузугу А.Акаевдин китепканасын Ч.Айтматовго бериш керек деп айтпадыбы. Мен ойлойм, кыргыздын эки белгилүү инсанын кагыштырыштын кандай кажаты бар эле? Же башка жер жок бекен? Чыкем о дүйнө кеткeнде ариетин жакшы жасай албадык. Дүйнөдөн келген эл таң калып, “Атаңгөрү, ушундай эл турбайбы, бекеринен Чыкең менен Манас чыккан эмес экен” деп таң калгыдай кыла албадык. Анда да ич тардыгыбыз, көрө албастыгыбыз ойноп кетти. Мингенде ээрге кыйшык минип, атын дагы туура эмес жерге коюп алабызбы деп ойлойм.

Ч.Айтматов туралуу көп жазылат. Себеби, ал биздин 20-кылымдагы тарыхыбыздын бүт жагын өзүнүн чыгармаларында, инсан катары өзүнүн өмүр жолунда чагылдырып кеткен жазуучу. 37-жылкы террор, Улуу Ата Мекендик уруш, анан кийинки биздин улуттук кайра жаралуубуз, ренессансыбыз күзгүдөй чагылдырылып калган. А кишинин ички турмушу жөнүндө кабарыбыз болгон жок. Бул жерде Сулайман мырза анын айрымдарын айтып жатпайбы.

Сыртынан караганда Чыкем даңктын канатында, бакыттын илебинде, булуттун үстүндө жүргөндөй эле көрүнүп жүрдү. А бирок ички турмушу бир топ эле татаал, би ртоп эле драмалуу болгонун эми билип отурабыз. Аны менен үзөңгүлөш жүргөн орустун улу акыны Евгений Евтушенко: “Анын турмушу татаал, кыйын болгон” деп айтпадыбы.

- Сулайман мырза, Ч.Айтматовдун пенделик турмушун изилдөө мезгили келдиби?



С.Кайыпов: - Албетте, аны жасаса болот. Мен эми Ч.Айтматов менен бирге жүрбөгөн соң, кийинки эки айда эле таанышып калгандыктан алган таасирим бул болду. Бул адабияттагы эле чоң жазуучу эмес, турмушта инсан катары да өтө чоң улуу киши. Ч.Айтматовдун кыргыздан чыгып калышы да тегин жерден эмес. Инсан катары, талант катары, ойчул катары кыргыздан чыгып калышы жөнөкөй нерсе эмес. Кыргыздын миңдеген, а мүмкүн андан да көп жылдар жыйнап келген рухий, эстетикалык, философиялык потенциалынын бир көрүнүшү болчу. Ушунун баарын өзүнө бириктирип турган жыйындысы, анын киши түрүнө өтүп кеткени болчу.

Бул киши отурганда да, басып баратканда да, тамак ичип отурганда да башкача, дүйнөнүн адабияты дебейли, инсандык деңизи дейличи, ошондо сүзүп бараткан чоң ак кемедей сөөлөтү бар экен. Муну жанында турганда сезесиң. Ошол кыргыздын жыйнап келген аурасы, энергетикасын чачып турган өзгөчөлүгү бар экен. Мен эми мурда Ч.Айтматовду жанынан көрүп сүйлөшкөн эмесмин. Чыгармаларын окучумун. Анын үстүнө бу кишиге таарынычым да бар болчу. “Бул киши эмне үчүн Европада отуруп алат? Кыргызга ата болуп туруп аталык сөзүн айтпайт. “Ай, балдар, койгула” дебейт. Бекинип отуруп алат. Тигини колдойт, муну колдойт”, деген пенделик нерселер менде бар болчу. Алар эми деле турат. Мен аны эми түшүндүм.

Кыргызстандан 15 жыл сыртта жүрүү аны кыргыз рухунан бир аз алыстатып жиберген. Бирок келген соң кыргыз менен аябай жуурулушуп кетип, бул жерде жашап жаткандарга караганда он эсе, жүз эсе көбүрөөк билип, мындай турбайбы деп таң калып отурбайбы. Чыкемин өмүрү кыска экен. Биз аны 90-100 жыл жашайбы дечүбүз. Басканы менден тың болчу. Университетке келгенде байкачубуз. Бирок өлүм деген ушул экен, байкатпай туруп алып кетти.

- Садык мырза сиздин сөзүңүз менен талкуyну жыйынтыктасак.

С.Алахан: - Ч.Айтматовдун улуттук турмушка мамилеси айтылбадыбы. Ага ушунчалык күйгөнү “Тоолор кулаганда” романында көрсөтүлгөн. Мурда башкарма бирок турмуштун айынан “Мерген” деген фирманы ачып алган Бектур деген аксакал бар го. Ушул сыяктуу турмуш көрүнүштөрү аркылуу колхоздун кыйрашы, элдин итке минген абалына жүрөгү канап туруп жазган жерлери көп. Эми ушул романды кыргыз окурмандарына жеткириш керек. Азыр ал эки вариантта кыргызча которулуп жатат. Ар ким өз мүмкүнчүлүгүнө жараша Ч.Айтматовду ача бериши керек. Ошондо гана иш өтөлүнө чыгат.

- Осмонакун мырза обдулуп калдыңыз, айта бериңиз.

О.Ибраимов: - Былтыр 30-августта “Голос Америки” радиостанциясы Ч.Айтматов менен түз эфирде маек курду. Ошондо Сулханашвили деген кабарчы момундай суроо берди. “Чыңгыз Төрөкулович, мына 16 жыл эгемен мамлекет болуп атасыңар. Бирдеме чыгабы, келечегине ишенесизби?” дегенде Ч.Айтматов: “Мен ишенем, Кудай буюрса мамлекет болуп кетебиз. Мен ага ишенем, ишенем, ишенем” деп үч жолу кайталап айтты. Мен бир чети таң калып, экинчи жагынан сыймыктандым ошондо.

Советтер Союзу Чыкемин жеке тагдыры эле. Аны менен киндиктеш эле. Кыргызстандын эгемендигин башында ишенкебирээк кабыл алганы менен кийин ага толук берилип, анын келечегине ишенип калган болчу. Элдин пайгамбардай болгон кишисинен айтайын деген сөзүн айтаар маалында ажырап калдык. Бул да болсо Кыргызстандын тагдыры.

Чыкем жөнүндө айта турган сөз алдыда. Анын атын калтырууда миң ойлонуп бир кессек. Аны акыркы сапарга узатууда ариетин жакшы кыла албадык дегеним бул болуп атат да. Кенен аянтыбыз турса, “келем, топурак салам” дегендин баарына ошол жерден шарт түзүп берсе болмок. “Манастан” калган салт, сөөктү алып чыгып кетип атканда кыргыздын эр азаматтары бир дүңгүрөтүп өкүрсө болбойт беле. Ошол өкүнүч болуп калды. Чыкем аны “Гүлсаратта” башкасында жазган эле. Ошону жасай албадык. Ал эми бул жагын жакшы жасасак дагы эле кеч эмес. Менин оюм ушул.

- Ушуну менен маегибизди токтотсок. Сиздердин ишиңиздерге ийгилик каалайм!

XS
SM
MD
LG