Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:37

“КУМТӨР” БЫЛК ЭТСЕ, “КАМЕКО” СОЛК ЭТЕТ


17-июнда “Центерра Голд Инк.” компаниясынын жетекчилиги жаңыланды. Жаңы компанияны башынан бери жетектеп келаткан Л.Хоменюк пенсияга кеткендигине байланыштуу кызматынан бошотулуп, ордуна Стивен Ланг дайындалды. “Центерра Голд Инк.” компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Жеймс Патрик “Лен Хоменюк компаниянын негизги активин түзгөн “Кумтөр” алтын кенин казып алуда өзгөчө маанилүү кызмат көрсөткөнүн” баса белгиледи.

Леонард Хоменюк мырза кыргызстандыктардын кыйласына 16 жылдан бери талаштан башы чыкпаган “Кумтөр” алтын кен долбоору аркылуу таанымал болуп калды окшойт. Башкы келишим шартына ылайык “Кумтөр” алтын кени 2007-жылы Кыргызстан ээлигине биротоло өтмөк. Аны күтпөй “Камеко” корпорациясы 2003-жылдын аягында кыргыз өкмөтү менен Башкы келишимди өзгөртүп, “Центерра Голд Инк.” компаниясын түзүүгө жетишти. Мурда алтын кендин үчтөн эки үлүшүнө ээ Кыргызстан жаңы келишим боюнча компаниянын 33% акциясына ээ болуп отуруп калды. Анын да теңинен көбүн сатып жиберип, ушу тапта 15% акциясын кантип көбөйтүүнүн амал-аргасын издеп отурган чагы.

А бирок 2003-жылдын аягында түзүлгөн келишим мыйзамга кайчы келерин ырастап, аны жараксызга чыгаруу өтүнүчү менен кыргыз парламентинин вице-спикери Кубанычбек Исабеков ушул жылдын февралында Бишкектин райондор ортолук экономикалык сотуна кайрылган. Сот 17-июнда “Кумтөр” алтын кенине кийинки жылдары берилген лицензиялар мыйзамдык күчкө ээ эместигин ырастаган чечимин чыгарып берди. Ал эми өкмөттүк токтомдун соттук териштирүүсү ушул жуманын аягына белгиленген.

К.Исабеков 2003-жылдын 31-декабрындагы токтомду азыркы өкмөттүн өзү эле жокко чыгарып койсо болмок, деп эсептейт.

- Булар канадалыктарга адвокат болуп калгандай сезилип жатат. Февралдын онбешинен баштап сот болуп жатат. Жогорку сот болуп өттү. Шаардык сот болуп өттү. Эки ишти бирге караганга да булар каршы болуп чыккан. Ал тургай “шоркелдей” (“несчастный”) бир токтомду, Н.Танаев кол койгон токтомдун көчүрмөсүн мага бир ай алып келбей жүрүшкөн.

Жакында парламент тоокен иштерине берилчү лицензиялардын акысын көтөрүү боюнча жаңы мыйзам кабыл алды. Ал биринчи иретте оголе көп жерди ээлеген “Кумтөр” алтын кенин эсепке алуу менен жазылганын баамдоо кыйын эмес. Кыргызстан өкмөтүнүн башчысы Игорь Чудинов эки жылдан бери парламенттен өтпөй келаткан 2007-жылкы келишим шарттары жаңыланыш керектигин кечээ парламентте билдирди.

- Мен дагы бир ирет айта кетейин. Биз “Кумтөр” долбоорунун иштешине каршы эмеспиз. Мындай ири долбоор Кыргызстан үчүн керек. Биз азыр “Центерра Голд” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Кыргызстанга тийген акциялар өлчөмү бизди канааттандырбайт. 2003-жылы ал өтөле азайтылып калган деп эсептейбиз. Кыргыз тарап ушу тапта ээлик кылгандан 10% арбын өлчөмдө болушун каалайбыз. Макулдашуулар жүрүүдө. Калыстыкка жетиш үчүн бизде жетиштүү материалдар бар.

И.Чудинов сүйлөшүүлөр ушул айдын 20-июнунан башталарын, Кыргызстан тараптын комиссия жетекчиси ким болору азырынча тактала электигин билдирди. 2005-жылдан бери кыргыз өкмөтү менен канадалык ишкерлер ортосунда ушуну менен үчүнчү ирет сүйлөшүүлөр өткөнү турат.

Өкмөт башчынын мурдагы биринчи орунбасары Д.Үсөновдун Москва менен Истамбулда өткөргөн сүйлөшүүлөрү майнапсыз аяктап, А.Атамбаевдин тушунда кол коюлган жаңы келишим парламенттен өтпөй, өкмөт “Центерра Голд Инк.” компаниясы менен жаңы келишим түзүүнү көздөөдө.

“Кабар” агенттигинин маалымдашынча, “Центерра Голд Инк.” компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Патрик Жеймс жетекчиликтин алмашуусу компаниянын мындан ары туруктуу өнүгүшү үчүн стратегиялык багытын кайра карап чыгуу зарылдыгынан келип чыкканын белгилеген. Андай зарылдыктын чыгышына биралдын кыргыз өкмөтү менен канадалык компаниянын ортосундагы соттук териштирүүлөрдүн көбөйүп баратышы, 2003-жылкы кыргыз өкмөтүнүн токтому сот аркылуу жокко чыгарылып калса “Центерра Голд Инк.” компаниясынын түзүлүшүнүн өзү мыйзамсыз болуп калары шыкак бериши деле мүмкүн.

XS
SM
MD
LG