Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:59

ЖАҢГАКТАН ТУТАНГАН ЧАТАККА БЕРИЛГЕН БАА


Өлкөдөгү соңку саясий кырдаалга --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/40F170F8-2BE9-4697-9273-442C8A4CCE7D.asp байланыштуу “Азаттык” үналгысы уюштурган тегерек үстөлдөгү талкууга “Ак жол” фракциясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Бегалы Наргозуев менен Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев катышты. Талкууну Замира Кожобаева алып барды.

Замира Кожобаева: -Бүгүн биздин талкуубуз бийлик төбөлдөрүнүн айланасында болуп жаткан окуяга байланыштуу болот. Бүгүн “Ак жол” фракциясы өзүнүн партиялашы, Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаровду мөөнөтүнөн мурда чакыртып алуу маселесин карашы айтылууда. Ушундай эле маселе башка эки фракцияда - Социал-демократтар менен Комунисттер фракциясында дагы каралышы күтүлүп жатат.

Өткөн жумадан бери парламент төрагасынын айланасында түрдүү пикирлер айтылып, кээ бир саясатчылар президент менен төраганын ортосунда мурдатан келе жаткан жарака чоңоюп, ушуга жетти деген ойлорун айтып жатышат. Төраганын партиялашы катары, Бегаалы мырза, сөздү сиз баштасаңыз.

Бегалы Наргозуев: -Суроону кызык койдуңар. Мен президент менен төраганын ортосунда андай жиктешүүнү байкаган эмесмин. Ушул биздин “Ак жол” партиясынын саясий кеңеши бир кезде бизге Адахан Кимсанбаевичти талапкер катары көрсөткөн, биз аны колдоп бергенбиз. Эгерде алардын ортосунда кандайдыр бир жиктешүү болсо, Адахан Кимсанбаевичтин талапкерлиги көрсөтүлбөйт болчу.

Мен буга чейин эле айтып келе жатам, биринчи күндөн баштап эле биздин фракциянын лидери Элмира Султановна менен Адахан Кимсанбаевичтин ортосунда кандайдыр бир тирешүүлөр пайда болгон. Ага биз биринчи күндөн баштап эле күбө болгонбуз. Ошол тирешүү эч бир басылбай, өчпөй, улам чыңалып отуруп, ушундай жыйынтыкка алып келди. Ал эми ага кандайдыр бир күчтөр таасир бериши мүмкүн. Бирок негизинен эки кишинин ортосундагы жиктешүү бизде ушундай кыска убакыттуу кризиске алып келди деп эсептейм.

Замира Кожобаева: -Демек бул мамлекет башчы менен төраганын ортосундагы ажырым же пикир келишпестик эмес, фракциянын ичиндеги гана пикир келишпестик турбайбы?

Бегалы Наргозуев: -Ооба, эми туура түшүндүңүз.

Замира Кожобаева: -Өмүрбек мырза, ушул эле суроо сизге дагы багытталат. Буга байланыштуу сиздин пикириңиз кандай?

Өмүрбек Текебаев: -Мен өткөндө эле айткандай, “Ак жол” фракциясы монолит эмес, ар кандай экономикалык, финансы, саясий кландардын өкүлдөрү ал жерде отурат. Алар оппозициянын коркунучу алдында бириккенге аргасыз болгон. Эгерде оппозиция алсыз болгондо бул жерде отурган адамдардын жарымынан башкасы башка жерде болмок.

Үч-төрт топ киргенге мажбур болгон дагы, алардын экономикалык кагылыштарынын кээ бир учурлары биздин турмушта көрүнүп жатат. Булар – кышында президенттин администрациясынын жетекчисине адамдын кулагы менен башынын белекке берилиши, Садыркуловду бошотуу жана башка бирөөнү дайындоо боюнча 15-февралда чыккан указ, президенттин Германияга күтүүсүздөн эс алууга кеткендеги ушак-айыңдар - бардыгы келишкис чабыштын көрүнүштөрү болуп эсептелет.

Жаңгак уюлу, ремонт - бул шылтоо. Мына ошол шылтоо оң келип калып, экинчи топ башка топтун өкүлү болгон Мадумаровду жыга чапканды көздөп жатат. Албетте президент өзү сөз илештирген. Мына кечээ президент “мен айткам, шашылбай, бюджетке киргизип туруп, кийинки жылы баштасаңар болот, деп айттым” деп жатат. Мына, Бегалы мырза дагы укту. Бүгүн баштаганы менен баары бир алты айдан кийин кийинки жыл келет. Алты айдан кийин баштагандын айырмасы барбы? Эмне, алты айдан кийин кап менен Жогорку Кеңешти ремонт кылабыз дегенди эл жыргап, куунап, кол чаап кабыл алабы?

Мына, президенттин өзүнүн көз карашы жок. Азыр эмес, алты айдан кийин баштагыла, дейт. Ошондуктан мен ойлойм, шашылыш түрдө Адахан Кимсанбаевич Венага кеткенде анын партиялаштары, президент өзү баш болуп, этикасын карап, аны алабыз деп чечкендиги дагы туура эмес. Мына, кечээ Бегалы мырза маек берип жаткан, Адахан Кимсанбаевичти биз капа кылдырбайбыз. “Ак жолдун” 70 пайыз депутаттары колдойт, деген. Бүгүн эле Бегалы жар салып, “биз муну ала турган болдук, кокуй, кетпесе болбой калды. Биз талапкерлерди карап жатабыз” деп кечээ агенттиктерге маек куруп берип жатат. Мунун өзү “Ак жол” фракциясында пикир жок, президент же башка анын кожоюндары айтканды жасай турган депутаттардын топторунан турган фракция экендигинин далили болуп турат.



Замира Кожобаева: -Рахмат. Ушул эле суроого анда, Бегалы мырза, сиз дагы жооп берсеңиз. Буга чейин деле ушул коомчулукта президенттин ыйгарым укуктары абдан кеңейип кетти, бирок жоопкерчилик жок, ал эми партиялык система менен келген “Ак жол” партиясы парламентте добуш берүү машинесине гана айланып калды деген пикирлер айтылып келген. Ушул пикирлерге жалпылап жооп берип кетсеңиз.

Бегалы Наргозуев: -Ар түрдүү ойлор айтыла берет. Андай машинеге айланып калбаганын өзүңүздөр көрүп турасыздар. Ошол күнкү кызуу талаштын өзү эле “Ак жол” фракциясында дагы ар түрдүү пикирлер бар экендигин билдирет.

Ошол күнү Адахан Кимсанбаевич өзү мага ишеним көрсөтүп, же көрсөтпөө маселесин добушка коемун деп, бирок ошол күнү койбой койду. Ошол күнү добушка койсо, ошол кездеги маанай боюнча аны колдоп кетишет эле. Анан ага өзү барган жок.

Бирок андан кийинки талкууларда ар түрдүү ойлор, талаш-тартыштар менен, Өмүрбек Чиркешович айткандай, биз ошону келгенче талкуулабайлы деп атайын жылдырып, кечээ күндөн бери күтүп жатабыз. Ошон үчүн Өмүрбек мырза бул жерде маалыматты туура эмес берип жатат. Кызуу кандуулукка алдырып жатат деп ойлойм.

Мына бүгүн келсе, бүгүн Адахан Мадумаровду астыбызга коюп алып талкуулайлы деген гана максат менен жылдырып келе жатабыз. Болбосо, ошол күнү талкуулайлы деген кишилер чыкты. Бирок азчылык болду. Бардыгы “жок, өзү келсин, өзүнүн жүзүнө кемчилиги болсо айтып, кемчилиги жок болсо мактап, ошол күнү талкуулайлы” дедик.

Бирок кечээ мен пикиримди айтканда, “болбой калды кетирбесек” деп айткан жокмун. Бул жерде дагы Өмүрбек мырза бузуп айтып жатат. Мен дээрлик фракциядагы депутаттардын маанайын айттым. Анан талапкерлерди көрсөткөн дагы жокмун, депутаттардын өз ара пикирлешкен учурда ким жарайт деген пикирлерин айттым. 24.кейжи агенттиги материал окумдуу болсун дегенби, “ушулар талапкерлер” деп жазып койгон экен. Бул журналисттик ыкма болсо керек. Ошон үчүн бул жерде Өмүрбек Чиркешовичтин айткан айыптары бир аз орунсуз деп ойлойм.

Замира Кожобаева: -Спикер Мадумаров менен президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркуловдун ортосунда дагы пикир келишпестиктер болуп жүргөнү тууралуу көптөн бери айтылып келе жаткан эле. Адахан Мадумаровду мамлекеттик экинчи бийликтен алып түшүү аракети мурдатан максатташтырып жүргөндүгүн төрага чыр-чыккан күнкү отурумда белгилеп өттү эле. Ал айтты, “бул маселени даярдап, добушка коем, ушуга көптөн бери жетише албай жүрүшөт, мен өзүм жолуңарды ачып берейин” деди. Ушул боюнча сиз кандай пикирдесиз?

Бегалы Наргозуев: -Экөөнүн ортосунда мурун кандай мамиле болуп келгенин мен жакшы билбейм. Аны иликтеп көргөн эмесмин. Бирок ошол күнү өзүңүздөр көрүп жаттыңыздар, экөөнүн ортосунда маалымат сайттарынан бир аз кайым айтышуулар болуп кетти. Бул жерден Адахан Кимсанбаевич жалпыга ал кишинин атына катуу сөздөрдү айтканда биз таң калдык. Эми экөө тең тажырыйбалуу саясатчы болчу, мынчалыкка барбай, башкача жолдор, сүйлөшүү жолдор менен чечишсе болмок. Анын үстүнө өздөрүнүн ички мамилелерин мамлекеттин жогорку органдарынын бири - парламентте бири-бирине нааразылыктарын билдиргени жакшы болбой калды. Менимче, муну башкача чечишсе болмок.



Замира Кожобаева: -Өмүрбек мырза, анда ушул эле суроону сизге дагы багыттасам. Кыргызстандын башкаруу айдыңында жогорку бийлик башчыларын кызматтан алуу иши көбүнчө ал кишилер сырт жакта жүргөн учурда ишке ашырылып жүрөт. Бул мурдагы президент Аскар Акаевдин тушунан бери белгилүү. Бүгүн ушул көпчүлүк Мадумаров ээрден шыпырылып түшүрүлөт деп гана күтүп жатышат. Сиз кандай айта аласыз?

Өмүрбек Текебаев: -Мына, биз Адахандын келишин күтүп жатабыз деп “акжолчулар” айтып жатышат. Бирок алардын жүргөн-тургандары, берген интервьюларын, билдирүүлөрүн уксаңыз алар саясий жаназасын окуп, ишин бүтүрүп койгондугу гана ачык болуп калды. Буга биз эртең-бүрсүгүнү өзүбүз күбө болобуз.

“Акжолчулар” биз ар кандай пикирлерди айтып, ушул жерде талашып жатабыз дейт. Эмне үчүн “акжолчулар” маанилүү маселе каралып, “Североэлектрону” сатабыз дегенде антип бөлүнүшпөйт? Эмне үчүн Каркыра менен төрт пансионатыбызды мыйзамсыз түрдө башка бирөөгө кармата берели дегенде кабыргалары кайышып, талашышпайт дагы, анан ушул төраганы кетирип-кетирбеш боюнча, ремонт маселесине келгенде жаңжал болот? Бул жерде учурдан пайдаланып, төраганы кетирүүгө аракет кылып жатышат.

Мен төраганы кызуу кандуулукка алдыргандай колдобойм деле. Аны колдогондор, дос болуп жүргөндөр кызуу кандуулукка алдырып, кызыл чеке болсо жарашмак. Бирок мен президенттин күнөөсү бар деп эсептейм. Жарым жылдан кийин менен азыркынын айырмасы кандай? Баары бир элдин акчасы кетет. Кышта тескерисинче азыркыдан дагы кымбаттайт, баа мындан дагы көтөрүлөт. Курулушка кете турган акча мындан дагы кымбаттайт. Мисалы парламенттин конок үйүн 3 жыл мурун бүтүргөндө үч эсе арзан бүтмөк. Мына азыр 3 жылдан кийин баштап жатат, эми үч эсе кымбат бүтөт. Мына ушуга окшогон маселелер бар.

Анан ошентип жаш, тажрыйбасы жок жигитти алдыга түртүп чыгарып коюшуп, депутат, президент баш болуп, анан орто жолдон элге жакпай калат экен деп буйтап качып, аны жалгыз калтырып жатышат, анан күйүп кетти да. Адахан дагы кызуу кандуу жигит. “Тойдум байдын кызына” деп айтаарын айтып алды, эми президент болгондон кийин мындай сөз болбош керек эле. Мамлекет башчысы деп коет. Бирине минтип, тигиге башканы айтып, анан кийин жасаган жүрүш болбойт, деп ал президентке баа берди.

Анан Элмира Ибраимованын ортосундагы карама-каршылык болду деп айтканга аракет кылып жатышат. Элмира бирөөгө каршы тура турган кыз эмес. Мен аны 1990-жылдан бери билем. Пахтадан дагы жумшак кыз. Артында бирөө туруп, ушуну жасаган дебесе, ал антип жасай турган түрү жок.

Замира Кожобаева: -Өмүрбек мырза, сиз буга чейин президенттин айланасындагы топтор ич ара бийлик талашып, тирешип жатышат. Курманбек Бакиев болсо алардын барымтасында калды деп “Азаттыкка” айттыңыз эле. Мындай пикирдин келип чыгуу себеби кандай? Анан дагы бул күчтүү топтордун ичинде “Ак жол” партиясынын орду канчалык деп айта аласыз? Анткени кантсе дагы бул партия президенттин өзү жараткан баласы эмеспи.

Өмүрбек Текебаев: -Ал топтор экономикалык, кландык принципте бөлүнүшкөн. Алардын парламентте жана администрацияда өкүлдөрү бар. Бул топтордо президенттин жакын адамдары, үйбүлөлөрү, достору дагы тең бөлүнгөн. Ошондуктан бул кландар тең салмактуу, теңата болуп, президент эч кимисин кыя албай жатканынын себеби мына ушунда.

Ал эми фракциядагылар жөн эле айтканын жасай турган адамдар. Капа болушпасын, ал жакта менин досторум дагы бар, Бегаалы дагы досум. Адахан үкам. Алар айласыз. Коңшу Өзбекстан менен Түркмөнстанда дагы мындай жок. Императивдик мандат эч жерде жок.

Булар кичине тескери сүйлөп койсо, эртең мандатын партиянын саясий кеңеши чакырып туруп эле алып коет. Мына Конституцияга ушундай жобо киргизилген. Партия депутататтыктан алып коет деп. Ал жерден тескери сүйлөгөндөн бардыгы коркот. Болбосо, эртең депутаттыктан алынат, анан өзү түз эле түрмөгө барып отурат. Эгер мага ишенбесе, Бегалы ошентип аракет кылып көрсүн. Биздин депутаттар абдан оор, катаал кырдаалга коюлган. Бул тартип туура эмес. Мүмкүн болсо, биз муну тез аранын ичинде өзгөртүшүбүз керек.

Мына ушул кландардын чабышуусу болуп жатат. Мен бир аз мурун айткандай, президенттик администрациянын айланасындагы күрөш, аны кызматтан алып, кайра кечинде кайра койгондугунун өзү – президент кыя албаган адамдар бар. Алар акылынын күчтүү, же саясий салмагынын күчтүү болгондугунан эмес, президент кыя албаган адамдар бар экендигин билдирет.

Мына, азыркы жүрүш Элмира Ибраимованын вице-премьер-министр кылып алып, Адаханды кызматтан алабыз деп жатканды ошол көңүл кыя албай турган топтордун балансын сактап калыш аракети. Сеникин да жоготтум, сеникин дагы жоготтум деп тынчыта турган баланс түзүлүп, ары-бери жүрүш болуп жатат. Эгерде экөөнүн ортосунда чатак болсо, үстөлдү катуу эле бир койсо тынчышмак. Мына мен кепилдик берем. Ошондуктан көрдүңүзбү, эки эле кызмат орду эмес, министр, коргоо министри жана башка өзгөрүүлөр болуп кетти. Анткени ошол топтун өкүлдөрүнүн бийликтеги балансын сакташ керек. Алар үчүн акчаны дагы унутушту.

Азыр кыргыздар кур намыс дегендей бул күрөш намыстын дагы маселеси болуп калды. Анткени алардын жашыруун күрөшү ачыкка чыгып кетти. Азыр кимиси утат экен деген күйөрмандары дагы бар, оппоненттери дагы бар. Ошондуктан мен ойлойм, бул үйбүлөлүк, кландык, олигархтык күрөшкө Кыргызстан эли күбө болуп отурат.



Замира Кожобаева: -Бегалы мырза, жаңы эле Өмүрбек мырза айтып кеткендей, партия тууралуу кыскача өзүңүздүн пикириңизди айтсаңыз. Андан тышкары Элмира Ибраимованын жакында эле вице-премьер-министрлик кызматка барганы менен “Ак жолдун” ички чыры чечилди го деген ойлор пайда болуп калды эле. Бирок кайрадан сиздердин фракция тарабынан Адахан Мадумаровду мөөнөтүнөн мурда чакыртып алуу маселеси көтөрүлүп чыкканы дагы элди таң калдырып жатат. Ушул жагдайга дагы токтоло кетсеңиз.

Бегалы Наргозуев: -Өмүрбек Чиркешович күнөөлөп жатпайбы, эмне үчүн электр энергиясын менчиктештирүүдө, чегара маселелери боюнча чыркырашпай, ушул ремонт маселеси боюнча, Адахан Мадумаровдун тегерегиндеги ушундай окуялар боюнча чырылдашып, кызыл чеке болуп жатат деп. Бул жерде мен өткөндө дагы бир жерде айткандай болдум эле, анын себеби бар. Өзүңүздөр күбө болуп жүрөсүздөр, телекөрсөтүүлөрдөн дагы көрүп жатасыздар. Ошол маселелер: чегара, пансионаттар маселеси боюнча кызыл чеке болуп эле фракцияда талашканбыз. Бирок партиялык система менен келген парламенттин айырмачылыгын коомчулук акырындап сезип баратса керек. Мында фракциядан бир чечим кабыл алгандан кийин анын чечимине баш ийүүгө туура келет. Антпесең, анда сен кетишиң керек. Ушул эки гана маселе.

Мен мисалы чегара маселеси, пансионаттар боюнча дагы абдан каршымын. Пикирим ошол бойдон кала берет. Бирок фракциянын чечимине баш ийүүгө туура келди. Ал эми бул маселе боюнча эмне үчүн ызы-чуу чыгып кетти? Бул маселени фракцияда Жогорку Кеңешти оңдоо маселесин, анан кийин Элмира Ибраимованын тиги киши менен сүйлөштүм деген маселелердин бардыгын фракцияда алдын ала талкуулап, бир чечимге келе албагандыгы үчүн биздин жетекчилердин жаңылыштыгынан ушундай ызы-чуу болду. Эгерде ушул фракцияда мурун талкууланып, бир чечимге келсе, бардыгы бирдей чыкмак.

Ушунун өзү эле фракцияда, Өмүрбек мырза айткандай, үстөлдү бир койсо бардыгы унчукпай отуруп берет деген калп. Эгер куугунтук менен эле бардыгын түрмөгө отургуза турган болсо, Өмүрбек Чиркешовичтин радикалдуу көз караштарын бардыгыбыз эле билебиз да, ал деле түрмөдө отурмак.

Экинчиден, Элмира Ибраимова боюнча айтайын. Адахан мырзаны мен абдан тажрыйбалуу, акыл-эстүү саясатчы деп билем. Бирок баягы күнү кызуу кандуулукка алдырып, ушундай айтпай турган сөздөрдү айтып жиберди. Мага окшогон жаңы саясатчылар ошондой жаңылыштыктарды кетирсе болор эле. Ал киши эмне деген гана толкундарды башынан өткөргөн эмес. Анан ушундай болуп калгандан кийин ушунун этикалык жагын талкуулап көрүп, бирок өзүнүн келишин күтүп жатабыз.

Бирок мен бир аз мурун айтканымды кайталап коеюн. Биздин фракциядагы маанай ушундай: Адахан Мадумаров кетип калышы мүмкүн. Анын үстүнө биздин партиянын саясий кеңешинин президиуму ушуну сунуш кылып жатат. Анан мен ойлойм, бул жерде экөө тең кетсин деген чечим кабыл алса керек, талашкан, тирешкен эки лидерди кетирүү маселеси каралса керек.

Мен ойлойм Адахан Мадумаров деле талаада калбайт. Эгер ал өзү эле баш тартпаса, ал кишиге дагы кызмат сунуш кылынат, Элмира Ибраимова сыяктуудай эле. Ошонун экөө тең кетип, “Ак жол” жаңыча нукта кетсе деген жакшы ниет менен жасалган кадам болсо керек деп ойлойм.

Замира Кожобаева: Өмүрбек мырза, Бегалы мырза, тегерек үстөл үстүндөгү талкууга катышып бергениңиздерге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG