Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:13

ПАКИСТАНДЫН ЖАҢЫ ПРЕМЬЕРИ ТЕРРОРЧУЛУККА КАРШЫ КҮРӨШҮҮГӨ СӨЗ БЕРДИ


Пакистандын жаңы премьер-министри Юсуф Реза Гилани парламентте сүйлөгөн сөзүндө анын өкмөтүнүн эң башкы багыты – терроризмге каршы күрөш болоорун белгиледи. АКШ жетекчилиги оппозициячыл эки партия биригип түзгөн коалициялык өкмөт менен президент Первез Мушаррафтын мамилеси кандай болот деп кабатыр.

Пакистандын жаңы премьери Юсуф Реза Гилани ишембиде парламентте чыгып сүйлөп, өкмөттүн башкы багыттарына токтолду.

- Өлкөдө тынчтык орнотуп, терроризмге каршы күрөшүү биздин эң артыкчылыктуу быгытыбыз. Террорго каршы согуш – бул биздин согуш, анткени анын айынан биздин далай балдарыбыз менен жоокерлерибиз курман болду. Тилекке каршы, айрым адамдар өз көз карашын билдирүү үчүн кол салууну тандап алышкан. Азыр биздин өлкөбүз демократия жолуна түшкөндүктөн, баарыңардан кол салууну токтотуп, бизге кошулууну суранат элем.

Гилани Пакистандын Элдик партиясынын атынан көрсөтүлгөн, партиянын лидери Беназир Бхутто былтыр декабрь айында киши колдуу болуп өлгөн эле. Өлкөнүн Улуттук ассамблеясы анын талапкерлигин бир добуштан колдоп берди, шейшембиде Гилани Элдик партия менен экс-премьер Наваз Шарифтин Мусулман лигасы биригип түзгөн коалициялык өкмөттүн башчысы катары ант берген.

Бул эки оппозициячыл партиянын 18-февралдагы парламенттик шайлоодо жеңгенин байкоочулар Пакистандын президенти Первез Мушарраф үчүн оор сокку катары сыпатташкан.

Былтыр Пакистанды каптаган кол салуу, жанкечтилердин жардырууларынан жүздөгөн кишилер, алардын арасында коопсуздук кызматынын аскерлери каза болду, ал чабуулдар үчүн “Ал-Каида” жана талип согушкерлери күнөөлөндү. Президент Мушарраф Ооганстан менен чектеш уруучул аймактардагы согушкерлердин катыгын бериш үчүн ал жактарга он миңдеген аскерлер жөнөттү.

АКШнын Мамлекеттик катчысынын орун басары Жон Негропонте жана Түштүк Азия боюнча жардамчысы Ричард Баучер ушул аптада Пакистанда болуп, жаңы өкмөттү терроризмге каршы күрөш жаатындагы кызматташтыкты улантууга үндөштү. Жума күнү Исламабадда Ричард Баучер кабарчыларга буларды билдирди.

- Биз баарыбыз Пакистан, Ооганстан, Европа, Америкага жана дүйнөнүн башка аймактарына каршы чабуулдарды даярдап пландаштырып жаткан абдан кооптуу кишилер бар экенин билебиз. Аларга каршы биргелешип күрөшүү жолдорун табышыбыз керек. Ооганстанда ооган өкмөтү менен, бул жакта Пакистан өкмөтү менен өнөктөш катары, биргелешип өз элдерибиздин бейпилдигин бекемдөөгө милдеттүүбүз.

Вашингтон Юсуф Реза Гиланинин коалициялык өкмөтү менен президент Мушаррафтын ортосундагы тирешүү атомдук бомбасы бар өлкөдөгү туруксуздукка май тамызышы мүмкүн деп кабатыр. Ишембиде парламентте чыгып сүйлөгөн премьер Гилани жаңы өкмөт былтыр ноябрда кызматынан бошотулган Жогорку сот судьяларын кайра кызмат ордуна отургузууга аракет кылат деп билдирди. Аларды президент Мушарраф иштен алган эле, ал судьялардын айрымдары ошондон бери үй камакта.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG