Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Адам укуктары / Жалпы укуктар жана эркиндиктер

“МЕН ИШЕНБЕЙМ” КЫЙМЫЛЫ КАЙРАДАН КАМАКТА (Сүрөт баян)

17.03.2008

Элеонора Бейшенбек кызы, Бишкек

Бүгүн түштөн кийин Жогорку Кеңештин имаратынын алдындагы аянтта аталган кыймылдын жыйырмадан ашык мүчөсү парламенттин азыркы курамынын тарашын талап кылып нааразылык иш-чара уюштурду.

Баштарына койдун башынын сүрөтү тартылган кагаз тагып, парламентте койдой башкарылгандар отурат дешип, колдоруна “бул айтылгандардын баары ойдон чыгарылган, кандайдыр бир окшоштуктар болсо, ал кокусунан” деген жазууларды кармап турушту.







Он мүнөттөй туруп таркап бараткан жеринен нааразылык акция уюштурган жаштардын милиция алардын иш-аракеттери мыйзамсыз деп кармап Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө алып кетти.





Ал жерде Мурунку депутат, “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев да болду.





Ө. Текебаев жаштардын кармалышы бийликтин жазгы чабуулунун башталышы катары сыпаттады. Ал милициянын аракетин мыйзамсыз болгонун айтып, жаштардын бошотулушу үчүн адвокат жалданып тез арада чара көрүлөөрүн билдирди.



Милиция “Ата Мекен” партиясынын бул нааразылык чарага аралашпаган мүчөсү Бакыт Калпетовду да күч органдарына каяша айтты деген кине менен салып кетти.



Кармалган он адамды Биринчи Май райондук милициясы түшүнүк кат жаздырып жатканы маалым болууда.



"Мен ишенбейм" кыймылы былтыр парламенттик шайлоодон кийин, анын жыйынтыгына нааразыланган саясий партиялардын, ар кандай уюмдардын, кыймылдардын жаштары тарабынан түзүлгөн.
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)