Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:46

ИРАКТА АШУРА ФЕСТИВАЛЫ САЛЫШТЫРМАЛУУ ТЫНЧ АЯКТАДЫ


Иракта Ашура диний фестивалы салыштырмалуу тынч аяктады. 10 күндүк Ашура майрамынын чордону болгон Кербала шаарында айрыкча акыркы күндөрү коопсуздук чаралары кескин күчөтүлдү. Фестивалдын жүрүшүндө башка шаарларда полиция менен кагылышууларда ондогон киши каза тапты.

Ирактын баш калаасы Багдаддан 100 чакырымдай түштүктө жайгашкан Карбала шаарында шийи мусулмандары ыйык туткан Хусейн жана Абас имамдардын көрүстөндөрү жайгашкан. Жылыга ушул маалда Ашура деп аталган майрамдык жүрүштө бул жакка жүз миңдеген киши келет. Мында алар Мухамед пайгамбардын небереси болгон Хусейн имамдын 680-жылы киши колдуу болушун эскеришет. Быйыл да Ашуранын соңунда Карбалада 2 миллиондой динзар чогулду.

Зыяпатчылардын арасында айрым эркектер ак кийинип, баштарын кылыч менен кесип канатышты. Өз денесине мындай залака келтирүү менен алар Хусейн имамдын өлүмүнө күйүнгөнүн билдиришет. Башкалар добулбастын добушуна кошулуп, көкүрөгүн койгулашат. Мындай ритуалдар Ирактын башка шаарларында гана эмес, шийилер көп жашаган Иранда да катардагы көрүнүш болуп саналат.

Ирактын түндүгүндөгү Киркук шаарындагы Ашура фестивалынын бир катышуучусу Азаттыктын ирак кызматына бул үлпөттүн шааниси тууралуу буларды билдирди:

-Бул Ашура жүрүштөрү чындык, эркиндик жана аброй үчүн козголоң чыгарган Хусейн имамга болгон нагыз сүйүүбүздү жана берилгенибизди билдирет. Жаткан жери жайлуу болсун, Хусейн имам мусулмандар жамаатынын же умманын аброюн жана күчүн калыбына келтирген. Бул жүрүш аркылуу биз Хусейн имамга абройдун жана эркиндиктин жолунан жаңылбайбыз деп милдеттенебиз.

Киркукта бомба жарылганда эскерүүгө катышкандардын кеминде экөө каза тапты.

Ашуранын соңку күндөрүндө түштүктөгү ал-Насирия шаарында полиция менен согушкерлердин ортосундагы кагылышуулар да кайталанды. Полицияга ылайык, ал-Насирия менен ал-Басра шаарларында 18-январдагы кагылышууларда кеминде 50 кишинин өмүрү кыйылды. Кагылышуу Асман армиясы деп аталган шийи машаякчылардын тобу менен болгондугу айтылууда. Былтыр АКШ колдогон Ирактын коопсуздук күчтөрү менен кагылышта бул топтун 260 мүчөсү окко учкан эле. Айрым маалыматтарга караганда, Асман армиясынын жолдоочулары ал салгылашта курман болгон өз жол башчысы Диа Абдул Захраны 9-кылымда жашап өткөн Мехди машаяк деп эсептешет.

Ашуранын тушунда Ирактын шийилер жана алар менен башкалар аралаш жашаган аймактарда коопсуздук чаралары айрыкча күчөтүлдү. Дияла шаарында губернатор кеңешинин төрагасы Ибрагим Бажилан Азаттыктын ирак кызматына ал-каидачы жан кечтилер деп шектелгендер, анын ичинде бир аял, эки шийи мечитине кол салгандан кийин машина айдоого тыюу салынганын маалымдады:

-Бакуба жана ал-Микдадыя оодандары ал-Каиданын бардык турумдарынан тазалангандан кийин, террорчуларда белге байлаган жана машинага салынган бомба колдонуудан башка айла-амалы калган жок. Кудайга шүгүр, машина бомбалары жок кылынды. Азыр эми аялдар белдериндеги бомбаны жардырып жатышат. Бизде даярдык жакшы, 18-19-январь күндөрү шаардын бардык оодандарында машина айдоого тыюу салынды.

Анын аралыгында Ооганстанда президент Хамид Карзай мусулмандарды Исламга жамынып, жан кечтилик менен жардыруу жасаган "карөзгөйлөргө" каршы биригүүгө чакырды. Ал Кабулдагы мечитте Ашурага байланыштуу чогулгандардын алдында сүйлөдү:

-Хусейн имамдын өлүмү, анын ыйык канын биз үчүн төккөндүгү бизге сабак болушу керек. Биз кыямат-кайымга чейин зордук-зомбулукка каршылык көрсөтүшүбүз керек. Ислам дүйнөсү бүгүн эбегейсиз карөзгөйлүккө дуушар болуп турган чак.

Ооганстанды өткөн жылы жан кечтилердин ондогон чабуулдарынан жүздөгөн кишинин каны төгүлгөн эле.

XS
SM
MD
LG