Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:45

АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ: Атка минерлер шайлоодо Орусияны туурабашы керек


Алмаз Атамбаев менен Кубат Оторбаев
Алмаз Атамбаев менен Кубат Оторбаев

Алмазбек Атамбаев эмне үчүн так шайлоонун алдында премьер-министр кызматынан алынды? Ал өкмөт башчы болуп иштеген сегиз айдын ичинде эмнеге жетишти, эмнеден өксүдү? Шайлоонун шайтан оюндарынан кандай жаңжалдуу от чыгышы мүмкүн? Алмаз Атамбаев президент Курманбек Бакиев менен тымызын сүйлөшүп, шайлоо өткөндөн кийин премьердин кызматына кайра келген жатабы? “Азаттык” менен УТРКнын биргелешкен “Ыңгайсыз суроолор” телекөрсөтүүсүндө мына ушул жана башка суроолорго Алмазбек Атамбаев өзү чыгып жооп кайтарды.

- Сиз премьер-министрлик кызматка барганыңызга өкүнүп калган жоксузбу? Президенттин сиз боюнча кабыл алган чечими сиз үчүн күтүүсүз болгон жокпу?

- Билесиңер, мен кандай убакытта бардым. Чындыгында менде бир эле ой бар болчу, Кыргызстан бөлүнүп кетпесин, жарака кетпесин, Кудай сактасын, кан төгүлүп кетпесин, Тажикстандай бир балээ болбойлу деп. Мен ойлоп турам, негизги максатымды аткардым. Президенттин чечими мага анча деле күтүүсүз болгон жок. Анткени президент деле адам да. Мен премьер катары бир топ кишинин жолун бууп койдум. Бир топ киши мурункудай эркелеп ары-бери басалбай калды. Ошондуктан президентке деле бир топ басым болду го деп турам.

- Бул алдыда келаткан 16-декабрдагы шайлоолорго байланыштуу болгон жокпу?

- Ага деле байланыштыгы бар го. Анткени, мен дайыма эле айтып атпаймбы, административдик ресурсту колдонбой, шайлоону таза өткөрүш керек деп. Анткени, 2005-жылы шайлоо кандай ыплас өткөнүн билесиз да. Кайра деле чач ал деп атып, баш алабыз деген жергиликтүү бийликтегилер бир балээ кылып алып, кайрадан эл көтөрүлүп кеткенинен Кудай сактасын. Ошондой болбосун деп дайыма айтчумун. Азыр деле ошентип айтам.

- Сиз бийликке келгенде Конституциялык реформаны аягына чыгарайын деген тилегиңиз бар эле. Сизге азыркы кабыл алынган Конституция жагабы, сиз өзүңүздүн кайсы бир деңгээлде максатыңызга жеттиңизби?

- Билесиздер, менин долбоорум башкача болчу. Бирок бул Конституция деле канчалык кемчилиги болбосун, өткөн Конституцияга караганда менимче алдыга бир-эки кадам кетип атабыз. Албетте, бул Констититуция деле келечекте өзгөрөт деп ойлойм. Анткени, бул Конституцияда деле үй-бүлөлүк башкарууну жаратыш үчүн бир аз пайдубал калтырылган. Кыргызстан үчүн үй-бүлөлүк башкаруу эмнеге алып барарын көрдүк, жакырчылыкка, уурдамайга алып барат.

- Дагы бир маселе, мына сиз бир күнү кем сегиз ай иштептирсиз премьер-министр болуп. Ушунун ортосунда кандай ийгиликтерге жеттим деп ойлойсуз, айта жүргөнгө бул иштерди бүтүрдүм деп?

- Биринчиден, Кыргызстанда тынччылыкты сактап калдык. Экинчиден, болбой эле уурдамайды, таламайды кыскарттык деп ойлойм. Анткени, билесиңер баалар кескин көтөрүлгөн убакта деле кошумча бир топ акчаны таппадыкпы. Буудай болобу, ун болобу ошолорду алып келгенге жарадык, башка ресурстарды таптык. 10-15 жылдан бери туруп турган курулуштарды иштеткенге жарадык. Анткени билесиздер, ошол эле Камбарата 15 жылдан бери турган, ошол эле каналдар 15-20 жылдан бери турган, ошонун барын кайрадан иштетип баштадык. Негизи эл көрүп калды, эгерде өкмөт уурдабай, түз иштесе акча дайыма табылат.

- Сиз иштеп аткан убакта Центерра менен Кумтөр боюнча дагы бир келишим түзүлдү, 30 миллионго жакын акцияны Кыргызстан алды. Мына ошол акциялардын тагдыры азыр кандай болуп атат, же парламент ратификациядан өткөргөндөн кийин анан Кыргызстандын колуна тийеби?

- Кумтөрдүн маселеси дагы бир далил. Эгерде мурунку бийлик уурдабай түз иштесе, ошол акцияларды мурун эле алмакпыз. 62 жарым миллион акция алдык, ушул акциялардын баасы жаңы парламент бекиткенден кийин бир жарым миллиард долларга чейин барат, кудай буюрса. Бир жарым миллиард доллар эмне деген акча. Ошол акчанын баары Кыргызстандын экономикасына, айыл чарбага, мектептерге, ооруканаларга, пенсия, пособиеге жумшалса, элибиздин турмушу башкача болот. Мурун эле ушундай болмок, бирок мурунку бийлигибиз уурдачу экен. Биз 8 айдын ичинде көрсөттүк: эгерде бийлик, өкмөт уурдабаса, Кыргызстанда бардык нерсе бар, акча да бар, бирок уурдабаш керек.

- Cиздин оюңузча ушул акцияларды ким башкарыш керек. Өзүнчө компания же агенттик түзүлүш керекпи, же Кыргызалтында калыш керекпи?

- Агенттик же компания башкарат дегенде кайра эле уурдамай башталат. Бул акцияларды өкмөт башкарыш керек, бирок парламенттин, президенттин көзөмөлү алдында. Бул акциялардын же башка акчалардын тагдырын бир адам чечпеш керек. Билесиңер, биз деле кошумча акча тапканда дайыма парламентке алып барып берчүбүз, бөлүп бергиле, бул жакка жөнөтөйүн деп атабыз, туурабы, туура эмеспи айтып бергиле деп. Анткени, бардыгы ачык-айкын болгондо, жаманбы-жакшыбы парламенттин жүрүшүн теледен көрсөтөт, эл да көрөт, туура же туура эмес деп айтат.

- Кумтөр жөнүндө сөз болуп калды, ошол тууралуу кеп улайлы. Сиз өзүңүз да Кумтөргө бардыңыз, азыр жыл өткөн сайын жер жүзүндө аба ысып, түбөлүк тоңдор, түбөлүк муздар ээрип атат. Кумтөрдө билебиз хвостохранилище бар, ошонун тагдыры келечекте кандай болот?

- Кумтөргө ачык айтканда мен ошон үчүн эле баргам. Келечекте Кумтөр маселесин туура чечтик. Бирок кичине жүрөктө ооруу калган, хвостохранилище кандай болду экен, ар кандай ушак-айың, кеп болуп атты эле деп эрикпей барып атайын карадым. Ал жакта бир топ иштер жүргүзүлүп атат, кудай буюрса проблемалар чыкпайт. Жалгыз гана Кумтөрдө иштер башталып атканда, жардыруу иштери болгондо мөңгүлөргө, албетте, кичине чаң-паң кетип калыптыр. Жок дегенде шамалды карап туруп, башкачараак жарса болмок экен. Мындан кийин мындай жардыруу иштер болбош керек деп айттым. Ансыз деле негизги жардыруу иштери бүтүптүр. Бирок дамбаны абдан жакшы салып атат. Мен эрикпей барып өзүм карадым, анткени кийин тынч уктайын дедим.

- Башка алтын кендери боюнча сурайын. Жерүй алтын кенинде былтыр сентябрь айында эле “Глобал голддун” планы боюнча алтын берилип башталмак, бирок быйыл жыл бүтүп атат, эмдигиче берген жок?

- Жерүй боюнча билесиңер, көп ушак, көп кеп жүрүп атат. Бирок ошол эле Кыргызстандын Жерүйдөгү үлүшү 33 пайыз болгондо, ошол эле Майрам апчени инилери бакылдап мактап чуркап жүргөн, парламентте отурушкан. Жанузаков менен өбүшүп жүргөн. Аттарын айтпай эле коеюн, азыр Таластын кыйындары болуп жүрөт. Мына азыр 40 пайыз болду кыргыздын үлүшү, ал деле аз деп ойлоп турам. Жерүйдүн деле Кумтөрдөй кезеги келет. Анткени биз жаңыдан карап баштаганбыз. Президент деле айтпадыбы, өкмөт Жерүйдү карап атат, анын маселесин алып чыгат деп. Бирок ага үлгүрбөй калдык. Бирок Жерүй боюнча да Кыргызстан тарабы кошумча ала турган акчалары да чыгат.

- Кайсы бир акциянын бир бөлүгүн казакстандык бир фирмага өткөрүп беришти, сатып алышты. Ошого кандай карайсыз?

- Алар өздөрү билет кимге сатарын. Бир жери бар - мурункулар менен дагы эле соттошуу жүрүп атат. Негизи мурда алтын кендерин туура эмес караган. Билбейсиң, эмнеге лицензияны берип койгон, эмне үчүн ушундай иштерге барган. Мына Кумтөрдү карабайсыңарбы. Кумтөрдүн келишимдеринин кээ бирин керек болсо англис тилинен орусчага же кыргызчага которбой эле кол кое бериптир. 31-декабрда кол коюп атыптыр, түшүнүктүү да эмнеге. Мисалы эки жыл мурун мурунку өкмөтүбүз Талдыбулактын лицензиясын 300 сомго берип салыптыр, бул деген 8 доллар. Анан биз чакырып алып айттык, килейген алтын кенди 300 сомго алып койсоң уят деп, ары-бери тартыштык, сүйлөштүк. Алар да арага чоңдорду салды, бирок баары бир 750 миллион сом төлөтпөдүкпү. 300 сом менен 750 миллион сомдун айырмасы абдан чоң да. Мисалы Кумтөр боюнча кошумча канча алдык, Жерүйдүн деле кезеги келет, ал боюнча да кошумча алынат, алынып баштады. Кээ бирөөлөр менин оюмча мурунку “апчебиздин” долясында да бар болчу. Ошон үчүн элди бузуп кыйкырып жүрүшөт Таласта.

- Сиз Таласка барганда бир окуя болуп кетти эле. Ушул күнгө чейин ошолор камалганы камакта жатып, куугунтукталып келатат. Сиз балким ушул ыңгайдан пайдаланып таластыктарга айтаар сөзүңүз бардыр?

- Бул маселе боюнча Таластын чоңдоруна губернаторун баш кылып канча жолу кайрылдым. Убагында билесиңер, кат жазып да бергем буларга эч кандай капачылык жок деп. Булар алданган адамдар да. Алардын аркасында башка лөктөр турат. Ошондуктан ал адамдарды сөзсүз кое бериш керек. Менин официалдуу түрдө каттарым бар, жакында ошол жигиттердин адвокаттарына да жазып бердим. Эч кандай капачылык болбош керек аларга. Аларды мындай иштерге түрткөн башка лөктөр. Алар кычырап Джиптерди минип жүрөт.

- Өзүңүздүн сөзүңүздө айтып өттүңүз азык-түлүктүн август, сентябрь айларында кымбатташы боюнча. Бир четинен айтышат дүйнөдө баалар өстү деп. Бирок ошол эле убакта кыргыз өкмөтү дагы кемчиликтерди кетирген деген пикирлер бар?

- Кыргыз өкмөтү кемчилигин мындай кетирген. Акыркы 10-15 жылдан бери уктап отурбай, элдин пенсиясын, пособиесин көтөрсө болмок. Мисалы ошол эле Казакстанда, ошол эле Орусияда нандын баасы эки эсе өстү, көп тоготкон жок. Анткени пенсиясы, пособиеси биздикинен 10 эсе көп. Ойлосоңор Кыргызстанда өзүбүздүн буудайыбыз жетишпейт. Буудайын тышка сатып аткан Казакстанда наны эки эсе кымбаттады. Бул дүйнөлүк нерсе. Бирок казактар көп байкаган жок. Анткени пенсиясы, пособиясы биздикинен 5-10 эсе көп. Биздин деле өкмөт акыркы 10-15 жылда жок дегенде бизге окшоп квартал сайын көбөйтүп турса болмок да. Биз чечкенбиз квартал сайын көбөйтөлү деп. Мына үчүнчү, экинчи, биринчи кварталда, төртүнчү кварталда да көбөйттүк. 1-январдан да пенсия, пособие, айлык акы да көбөйөт, анткени акча бар. Биздин деле мурунку бийлигибиз уурдагандын ордуна ошол акчаларды пенсия, пособиеге жөнөтсө биздин деле эл анча байкабайт эле да. Биздин айыл чарбага таптакыр көңүл бурулбаптыр. Буудайды эч ким экпей калган, баасы 4 сом болуп калган. Суунун баасы 18 сом, буудайдын баасы 4 сом.

- Алмаз мырза, Орусиядагы мамлекеттик Думага болгон шайлоолордун жыйынтыгы белгилүү болуп калды. Дээрлик көпчүлүк орундарды Путин башында турган “Бирдиктүү Орусия” партиясы алды. Казакстанда болсо жагдай ошого эле окшош. Кыргызстанда алдыда 16-декабрда шайлоо келатпайбы. Сиз кандай прогноздорду жасайт элеңиз?

- Менимче биздин атка минерлер Россияны туурап, бийлик партиясына 62 пайыз добуш алып беребиз десе, аягы чатак менен бүтөт. Биз Казакстан, Орусия эмеспиз. Биздин эл башкача жашап көнгөн. Биздин элибиз чечим алганда аттуу-баштуулар чогулуп туруп, чогуу чечим кабыл алчу. Ошондуктан ушул жерден абайлаш керек. Биздин жолубуз башка. Керек болсо биз деле Курманбек Салиевич менен 8 ай иштедик. Убакыт көрсөтпөдүбү, бийлик менен оппозиция бир столго отуруп алып туруп, кадимкидей эл үчүн иштеп берсе болот. Тескерисинче эгерде бир тарап башкарып алса, анда жең ичинен уурдамай, туурамай, таламай, үй-бүлөлүк башкаруу башталат. Ошондуктан Кыргызстанда бардык нерсени бир столдун тегерегине отуруп чогуу чечиш керек, бардыгын ачык, айкын кылыш керек. Ал эми мурункудай эле адатка салып “Алга Кыргызстандын” жолу менен кетсек, балээ менен бүтөт.

- Саясий партиялар бизде 100дөн ашык болчу, ошолордон эленип отуруп 12 партия кирип атат. Өзгөчө элди чочулатып атканы жарым пайыздык чекти бардык региондон, Оштон, Бишкектен алыш керек деген талап болуп атат. Сиз ушул маселе боюнча кандай пикирдесиз?

- Жарым пайыздын ичинде конфликт турат. Анткени мүмкүн бир партия Кыргызстан боюнча 500 миң добуш алат, ал эми кичинекей региондон өтпөй калат. Эмнеге алып барат? Бир чатакка алып барышы мүмкүн. Менимче мындай нерселер кодексте болбой эле койсо болмок. Бул бир чатакка алып бара турган нерсе.

- Мына 16-декабрда шайлоодо административдик ресурстар колдонулбайбы?

- Азыртан эле колдонулуп атпайбы, көрүп атпайбызбы. КТРден карагыла кечки промтаймда кайсы партиянын ролиги кетип атат, биздики кеткен жок, мисалы.

- Алмаз мырза, чарбалык маселелерге кайрылсак. Кыргызстандагы жолдордун абалы боюнча сиз өзүңүз дагы бир топ маселелерди көтөрдүңүз эле. Ушул өлкөнүн күрөө тамыры болгон мисалы Бишкек-Торугарт, же Эркештам жолдордун акыбалы качан оңолот?

- Жол менен суу каналдарына эч качан акча аябаш керек. Булар мамлекеттин кан тамырлары. Ошон үчүн эки жыл мурункуга караганда быйыл жолдордун ремонтуна мамлекеттен 5 эсе көп акча кетти. Эмдиги жылы да ушундай өсүштөр болуп атат. Мындан тышкары эмдиги жылы каналдарды да салып баштаган атабыз. Канал салыш үчүн эмдиги жылы 330 миллион сом каралган. Мен ойлодум эле кеткенче өзгөртүү киргизип көбөйтүп калам деп. Эмдиги жылы жок дегенде жарым миллиард каналдарга кетет. Анткени жол менен каналдарды оңдомоюнча элдин, мамлекеттин турмушу оңолбойт. Бул күрөө тамырлар өзүң айткандай. Ошон үчүн жолго акча аябаш керек. Жыл сайын битумду жайында алчу экен, сезон өткөндөн кийин. Биз быйыл акчаны декабрда эле төлөп берели дегенбиз. Анткени, бюджетте акча бар. Кичине эле күн жылыганда ремонттор башталат. Жолдор башкача болуш керек.

- Быйылкы бюджеттин аткарылышы боюнча сиз айттыңыз. Ошол реалдуу акчабы, мисалы 1-2 миллиарддын тегерегиндеги профицит.

- Реалдуу профицит бар. Керек болсо Камбаратанын деле 300 миллиону кетпедиби. Мурункудай бир миллион сураганда ыйламай жок, 300 миллион керек деди, дароо акчаны жөнөттүк. Кыргызстанда азыр абал башка. 65 миң тонна буудайга, 10 миң тонна унга акча төлөп койдук. Дагы 50 миң тонна буудайга акча бар. Мындан тышкары бир канча миллиард сом запаста жатат. Кудай буюрса жаңы парламент Кумтөр менен келишимди бекиткенден кийин, андан башка дагы бир жарым миллиард доллардай акча болот. Биз Кыргызстандын финансылык пайдубалын түзүп кеттик.

- Сиз айтканга караганда жагдай ушундай жакшырып келаткан экен да, анда эмне үчүн ушундай маалда сиздин кызмат мөөнөтүңүз бүтүп атат?

- Ал президенттин чeчими. Ал деле адам, аны кыйнагандар, кыстагандар мүмкүн болду. Анткени кээ бир эрке адамдар мага мурунку премьерлерге окшоп эшигимен кире албай калды, телефон чала албай калды. Мурун тияк-биякка кеткен акчанын баары бюджетке кетти. Албетте, президентке дагы кысым болду деп ойлоп турам. Өзүңөр деле көрүп атпадыңарбы, ал деле мени сүйүнүп кетирген жок.

- Конституция боюнча премьер-министрдин өлкөдөгү маанилүү маселелерди чечкенге полномочиеси толук жетиштүүбү, же кайсы бир убакта чектелүүбү?

- Бул президенттин жана премьердин эркине жараша. Меникиндей эле полномочие мурунку премьерлерде деле болчу. Премьер таза болсо, кудайдан башкадан коркпосо ал эч кимди уурдатпайт.

- Камбарата боюнча дагы көп талаш-тартыштар парламентте болгон. Камбаратада иш башталды деп атасыз. Техникалык-экономикалык негизи түзүлдүбү?

- Бул Камбарата-экиде ТЕО эмес долбоору да капкачан бүтүп, курулуштун жарымысы бүткөн. Бирок урап баштаган. Камбарата-экини өзүбүз бүтүрөбүз, 5 жарым миллиард сом керек экен, аны бүтүрүш үчүн акча бар. Эки жылдын ичинде бүтөт.

- Камбарата-1 боюнча азыр кандай иштер жүрүп атат?

- Камбарата -1 боюнча азыр техникалык-экономикалык негиздерин түзүү иштери жүрүп атат, конкурс болот. Камбарата-бирди өзүбүзгө бүтүрүш кыйын болот. Ошондуктан Камбарата-1ге Камбарата-2 менен киребиз үлүшкө. Ошондо үлүшүбүз чоңурак болгону турат Кудай буюрса.

- Кызыккан өлкөлөр, фирмалар барбы?

- Кызыккан фирмалар абдан көп. Казагы болобу, орусу болобу, америкалыктар болобу, европалыктар болобу, кызыккандар абдан көп. Анткени, бул кылым энергетика менен суунун кылымы. Буюрса Кыргызстандын заманы келатат. Аман-эсен, тынччылыкта турсак, буюрса биздин заман келатат.

- Ушундай маалда Борбор Азияда суу тартыш болуп атпайбы. Өткөндө Бишкекте өткөн ШОСтун саммит убагында Өзбекстандын президенти айтып өттү, суу энергетикалык маселелерди Кыргызстан өз алдынча эле чече бербей, коңшулар менен дагы кеңешип-кесип туруп анан иштерди жасаш керек деп.

- Ачык айтканда, быйыл деле өзбектер таарынды. Анткени мен июлдан баштап электр энергияны саттырбай койгом Өзбекстанга. Биздин мурунку чоңдор өткөн жылы декабрда барып, электр энергияны бир центтен сатабыз деп кол коюп коюптур. Ошол эле убакта билесиңер быйыл суу азыраак болуп турат. Ошондуктан сууну топтойлу деп кымбатыраак баа бергендерге саттык. Анан аз баа бергендерге айттык, таарынбагыла, биз бир тууганбыз өзбектер менен, бирок мындай баа менен сата албайбыз, акчаңарды кайра кайрып беребиз дедик. Алар да ишенбей койду, силердин акчаңар жок, алдап атасыңар деп. Акча бар деп аларга далил көрсөттүк. Керек болсо айтып кетким келет, 28-августта мага түнкү он бирде үйгө энергетика министри телефон чалды, Алмаз Шаршенович бизге газды өчүрүп атышат деп. Түнү менен уктабай чыктым. Эки күндөн кийин эгемендик күнү эле. Эртеси эртең менен Өзбекстандын премьер-министрине телефон чалдым, бул кандай газды өчүрүп атасыңар деп. Үч жылдан бери төлөбөгөн карызыңар бар экен дейт. Канча десем, 2 млн. доллардай дейт. Мен эртең төлөп берейин дедим. Жок, Кыргызстанды билебиз, акчаңар жок дейт. Эртең төлөп берейин, бир сутка бер дедим. Ишенбей атып макул деди. Эртеси 2 жарым миллион төлөп берсек, өзү таңкалып кайра телефон чалды, ай башкача мамлекет болуптурсуңар деп. Азыр Кыргызстанда акча бар, Кыргызстан тизеден өйдө турду. Ушуну сактап калыш керек, уурдабаш керек, элдин биримдигин сактап калыш керек, бийлик таза, ачык-айкын иштеш керек.

- Алмаз мырза, эми сизди келечекте жакын арада эмне иш кылат болду экен деп эле кулак түргөндөр көп. Кандай пландарыңыз бар?

- Азыр партиялаштарыма кичине жардам беришим керек. Анткени шайлоо келатат. Анан көрө жатабыз. Кудайдан тилегенибиз, албетте, тынччылык, элибизге Кудай тынччылык берсин.

- Дагы мындай кеп-сөздөр бар. Cаясат таануучулар айтып атышат, президент Курманбек Бакиев менен Алмаз Атамбаев экөө кайсы бир деңгээлде ичара сүйлөшүп, шайлоолор өткөндөн кийин балким кызматтарга кайра келиши мүмкүн деп?

- Ким билет, президент менен жакшы эле иштештик. Ал деле көрдү Атамбаев ишти билет, ишти көтөрүп кетерин. Аны деле көрө жатабыз, мен ишсиз калам деп ойлобойм. Анткени адамдын башы бар болсо, ишти билсе дайыма иш табылат.

- Сизге ийгилик каалайбыз, ден-соолукта болуңуз, маегиңизге ырахмат.

Маектешкен Кубат Оторбаев
XS
SM
MD
LG