Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:23

ОРОЗБЕК ДАСТАНЧЫ ЭЛЕ


Эл артисти Орозбек Кутманалиев ар тараптуу, көп кырдуу өз доорунун залкар таланты эле. Ал кыргыз угуучу-көрүүчүлөрүнө төкмө акын, обончу, дастанчы, ырчы-аткаруучу, режиссер, кино актер, диктор катары белгилүү эле. Ар кыл талантка бай Орозбек Кутманалиев тирүү болгондо үстүбүздөгү жылы 75 жашка чыкмак.

Кыргыз Республикасынын эл артисти Орозбек Кутманалиев! Бул ысым кыргыз угуучу-көрүүчүлөрүнө аттын кашкасындай белгилүү. Ал Сарыөзөн Чүйдүн Сокулук районундагы Күңтуу айылында жарык дүйнөгө келген. Орозбек бармактайынан ырга ынак, күү жандуу өсөт. Онунчу классты бүтөөрү менен жашоо турмушунун оордугунан Түркстан-Сибирь темир жолунун алдындагы алтынчы Пишпек бөлүмүндө жумушчу, айылдык китепкананын башчысы, 1955-жылы ордо калаадагы куурчак театрында артист болуп иштейт. Ал эми 1965-69-жылдары Кыргыз Улуттук филармониясында ырчы, 1969-1974-жылдары Улуттук телерадио корпорациясында режиссер, диктор. 1974-жылдан баштап “Кыргыз фильм” студиясында кино актерлук кесипте эмгектенет. Орозбек бул жылдары угуучу-көрүүчүлөргө төкмө акын, кино актер, обончу, ырчы-аткаруучу, дастанчы, диктор катары таанылат. Ал ар тараптуу, көп кырдуу шыгын өрчүтүү үчүн чыгармачылыктын үстүндө күн тынымын коюп, түнкү уйкусун үч бөлө эмгектенет.

Бул жолу “ачыла элек сандыкта бычыла элек кундуз бар” дегендей Кутманалиевдин ушуга чейин угармандарга белгисиз болуп келе жаткан дастанчылык өнөрү менен тааныштырмакчыбыз.

Бир жолку жолугушууда маркум Орозбек элдик “Баатырдык дастан”, “Курманбектен” үзүндүнү мындайча баяндай отуруп айтып берген эле:

- Илгери кыргыз элинде Тейитбек аттуу хан болот. Тейитбектин жалгыз уулу Курманбек баатыр чыгып, 40 жигит күтөт. Элди жоодон сактап, калктын башына түшкөн мүшкүл ишти баатырдык менен алып таштап жүргөндө калмактар кол салат. Курманбек 40 жигити менен жоого аттанат. Бирок кырк жигити чабалдык кылып, Курманбекти жалгыз таштап качып баса беришет. Найза тийген Курманбек жарадар болуп, аңдын ичинде жатса, Кашкардагы Аккан досу Курманбекке учурашып кетейин деп келе атып жолдун боюндагы аңдын ичинде онтогон добушту угуп кайрылып калат. Ошондо жарадар Курманбек досу Акканды таанып:

Абанын а көркү ай экен,
Дарыя көркү сай экен,
Дарактын көркү саз экен,
Алардын баары кошулса,
Адамдын да көркү бар экен,
Төөнүн көркү наз экен
Алма көркү зар экен
Кашкардан досум келиптир,
Кагылайын кыздарым ай,
Менин да бир айтканым бар экен.

Айланайын жан досум,
Акыреттик кан досум,
Алым кетип баратат
Аттан түшө кал кан досум,
Колуңду бер бир кармап,
Коштошоюн жан досум,
О дүйнөгө кетип баратам
О тоо жаңыртып,
Достошоюн жан досум
Кай жеримден жаздым мен
Кан жөткүрүп жаттым мен,
Кагылайын Аккан дос,
Кантип мени таптың сен
Алладан киши жаккан жок,
Ансыз да өлөр чагымда
Атайлап мени тапкан дос.
Кудай дешкен Аккан дос,
Курдашым издеп тапкан дос,
Куурап өлөр чагымда
Кудайга ишим жаккан дос - деп Акканга кайрылат.


Жашы улуу болсо да Орозбек менен жан курбу болгон эл артисти, төкмө акын Тууганбай Абдиев элдик шайырдын адамкерчилиги, чыгармачылыгы жөнүндө мындай дейт:

- Орозбек биринчиден ичинде кири жок бапылдаган эр Эргулдун, азаматтын биринен эле. Илгерки заман болсо жоо чапканга жарай турган көкүрөгү бар эле. Өзүң жакшы билесиң 60-жылдары Куурчак театры менен филармония бир жерде, бир мекемеде болчу. Ошондо Орозбек экөөбүз таанышып калдык. Жамактап ырдайт экен. Ырдашып көрсөм экөөбүз тең эле ырдайт экенбиз. Анан Орозбекти азгырып отуруп филармонияга алып келдим. Атайдын директорго кирип: “Эстебес менен Токтосун экөө эгиз козудай ээрчишип айтышып жүрөт. Менин болсо өнөгүм жок. Ашыраалы Айталиев болсо Нарын музыкалуу театрында иштеп жүрөт, - деп, айтсам жетекчибиз макул болду. Ошентип, Орозбек экөөбүз филармонияда бирге иштешип калдык. Анан айтыша баштадык. Илгери айтышты алгач жазып, жетекчилердин сынынан өткөрүп, анан эл алдына чыкчубуз. Себеби дегенде ошол кезде талап ошондой болчу. Орозбек экөөбүз “мына жакында Токтогул ТЭЦи болот. Жыргайбыз, жыргал ырын ырдайбыз” – деп, ырдап чыктык. Интермедияны да мыкты аткаруучу. Экөөбүз интермедияны бирге аткардык. “Керегем сага айтам” деген интермедияны эки Шаршенов, Орозбек, мен төртөөбүз ойночубуз. Төрт килтейген интермедияны сахнага үч күндө алып чыктык. Орозбек ушундай шар, сезими, кабылдоосу өтө курч эле. Обон да чыгара коючу. Дастандарды жакшы айтуучу, аткаруучу. Акыныдыгы да мыкты эле. Ал эми кинодо ойногон ролдорун өзүң жакшы билесиң. Аткарган ролдору менен кыргыз эле эмес, Союзга, чет өлкөгө чейин таанылды, - деди Тууганбай мырза.

Элдик шайырлардын ичинен “Акмөөр” дастанын Асылбек Эшмамбетов, Ашыраалы Айталиев жумурай журтка алгачкылардан тартуулап, угармандардын алкоолоруна ээ болгон эле. Ал эми Орозбек да “Акмөөрдү” өзүнчө обондо, өзгөчө аткаруучулук чеберчиликте мындайча баяндап айтаар эле. Илгерки өткөн заманда Сөңкөлдөн Акмөөр аттуу сулуу кыз чыгат. Акмөөрдүн сулуулук даңкы дубандан-дубанга тарайт. Акыры кыргыз, казакка угулат. Акмөөрдүн сулуулук даңкын уккандар тегерек четтен келип, жуучу түшө башташат. Бирок, кыздын ата-энеси: - Кызыбыз али жаш, кызыбыз өз каалаганына барат” – деп жооп берет. Акмөөр болсо ошол кезде аппак тартыр буралган, чачы жерге чубалган он бештеги эстүү кыз экен. Болот болсо Акмөөрдүн жээни, аны Акмөөр сүйүп жактыргандыктан ошол айылдагы бирөөнүн жылкысын багып, айланчыктап жүрөт. Акмөөрдүн сулуулук даңкы Кеминдеги Жантай ханга угулат. Жантай хан келбеттүү жигиттерди шайлап, жакшыны көрмөк үчүн” – деп, Кеминден Соңкөлдү көздөй аттанат. Соңкөлгө келип, Акмөөрдүн сулуулугун көрүп, сулуулугуна Жантай суктана эптеп токолдукка алыш үчүн аракеттенип той түшүрөт. Тойдун кабарын уккан Болот жылкыдан түшүп келип, той үстүндө Жантайды беттен алып турган сөзү:

- Хан Жантай хандык кылсаң кечерсиң,
Кадырыма жетерсиң,
Кадырыма жете албай каарданар бекенсиң.
Каараданар бекенсиң.
Каардансаң тобокел бүгүн каргадай башым кесерсиң,
Хан Жантай адамдык кылсаң,
Мөөрүмдү кайра өзүмө таштагын
Адамдыгың жок болсо алааматты баштагын.
Ажалга да тобокел бүгүн алмадай башымды катпадым.
Хан Жантай калкты билген башкарып,
Хандык бийлик сеники,
Калк башчысы болсоңуз калыстык менен карап көр
Каргадай чактан бирге өскөн, кайгылуу Мөөр меники – деп, Болот Жантай ханга өзүнүн талабын айтат.


Маркум Орозбек ар дайым залкар төкмө акындардын көмүскөдө көмүлүп калган көркөм мурастарын калк алдана өз обонунда, өз сөзүндө алгачкылардан алып чыгууга умтулчу. Алсак, ал улуу акын Токтогулдун “Тойдогу тамаша” аттуу ырын угармандарга биринчилерден тартуулап, ыр сүйүүчүлөрдүн аокоолоруна алынган эле. Анда эмесе О.Кутманалиевдин аткаруусундагы “Тойдогу тамаша” аттуу ырды бирге угалы.

Кетментөбөдө Усуп деген киши той берет. Тойго бир топ ырчылар келет. Ошолордун ичинде Анжыян тараптан келген Карамырза деген жаш акын Аркалык карыя Накен деген акынды каптап коё берет. Накен болсо жашы 60тан ашып калган оозунда тиши жок, оң жак көзүнөн жаздымыра көргөн киши экен. Карамырза алиге чейин тирүү жүргөн кандай немесиң Накенди каптап турган жери:

- Карыя акын Накен карыпсың,
Бүгүн карылыкка барыпсың,
Карылыктын үстүнө ак көз болуп алыпсың,
Колуң кетпей тырманып котур болуп калыпсың,
Оң көзүңдөң адырап сокур болуп калыпсың,
Оозунда тирүү бир тиш калбай, ө чалыпсың
Карыганча топто ырдап
Накеним акылыңдан таныпсың,
Томугуң качкан Накеним,
Сен тойдо ырдайсың күнүндө,
Тоголонуп артыңдан,
Куда келген күнүндө
Алдыңдагы кызыл атыңдын,
Жалын көрсөң тирүүсүң
Жыргап жаткан элимдин,
Жыйынын кайдан көрөсүң,
Жалгыз көзүң карайлап
Бир күнү жардан кулап өлөсүң
Таалайың качкан Накеним,
Тарыптыр сенин мүнөзүң,
Алтымыш жашты ашсаң да,
Алиге өлбөй жүрөсүң
– деп, ырдаганда Накендин ачуусу келип, белиндеги комузун чечип алып жооп бергенче элдин четинде турган Токтогул: бул ырчылардын барын бет-бетинен койберсем, ыркырашып абийирди кетирип жүрбөсүн. буларды ынтымак менен басып коёюун - деп, Токтогулдун капталдан качырып ынтымак сурап турганы:

- Анжыяндыктын аркалыктын
Баш кошконун айталык
Алышкан итче кабышпай,
Аман-эсен кайталык,
Карамырза сөзүңдүн
Калпы чыкты байкадык
– деген шекилдүү сөздөрдү айтып, ырчыларды ынтымакка чакырат.
XS
SM
MD
LG