Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:24

А.АКУНОВ: «МАНАС ОРДОДОГУ» АРХЕОЛОГИЯЛЫК КАЗУУ ТАРЫХКА ТАКТЫК КИРГИЗИШИ МҮМКҮН


Ушул тапта Таластагы “Манас ордо” улуттук комплексинде Грузин окумуштуусу Руни Гогасванидзе жүргүзүп жаткан археологиялык казуулар коомдо жана тарыхчылар арасында карама-каршы пикир жаратып, жаштардын “Жебе” кыймылынын өкүлдөрү казууга каршылык көрсөтүү аракетин көрө башташты. Ушундан улам кабарчыбыз Бүбүкан Досалиева кесиби боюнча тарыхчы, профессор Аалыбек Акуновго суроо узатып, окумуштуулук көз карашын билүүгө кызыккан эле.

СУРОО: - Аалыбек мырза, сиз Таластагы “Манас ордо” улуттук комплексинде жүргүзүлүп жаткан археологиялык казуу тууралуу кабарыңыз болсо керек. Руни Гогасванидзе аттуу Грузиялык академик Кароол чокуда байыркы кыргыздардын китепканасы бар деп, ошону табуу аракети менен казуу жүргүзүп жатат. Ошондой божомолго негиз барбы жана азыр казууларды жүргүзүүнүн зарылдыгы барбы?

А.АКУНОВ: - Ооба, зарылчылык дайыма бар. Өткөн кылымдын 60-жылдарында ал жерде казуулар болгон. Бирок, андан бери көп убакыт өттү. Тарыхта бир же эки жолу казуу жүргүзүп койсо эле бардык суроолорго жооп алдык деген натуура иш. Кароол чокуга байланыштуу мифтер, уламыштар, легендалар абдан көп. Алардын кайсынысы чын, кайсынысы жалган экендигин ушундай казуулар гана аныктайт.

Буга байланыштуу бир мисал бар. 19-кылымда немец элинин Генрих Шлиман (немисче Heinrich Schliemann, 1822—1890) деген бир мыкты ишкери, соодагери болгон. Ал байыркы грек акыны Гомердин “Илиада менен Одиссея” эпосун окуп отуруп, Троя шаарындагы бир дөбөчөнүн алдында шаар бар деген уламышка кызыгып калат.

Анан азыркы Түркиядагы Гиссарлык деген жерде бир дөбөнү 1870-73-жылдары казат. Ошол дөбөчөнү казса, чын эле Троя шаарынын чалдыбары бар экен. Ал өзү археолог адис эмес болучу.

Ал эми Кароол чокуга байланыштуу уламыштар абдан көп. Балким, ал жерде китепкана бардыр, балким археологиялык башка буюмдар бардыр. Аны ошондой казуулар жана изилдөөлөр гана аныктайт. Демек, казуунун илимий зарылчылыгы бар.

СУРОО: - Ушул казуулар боюнча коомдо карама-каршы пикирлер абдан көп болуп жатат. Себеби, академик Руни Гогасванидзенин казуу жүргүзүүсүнө франциялык парапсихологдор да демилге беришти деген маалымат бар. Бул тууралуу кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров “АКИ-пресс” агенттигинде билдирди. Парапсихологдордун божомолуна негизденип илимий изилдөө жүргүзүү мүмкүн эмес деген тарыхчылар арасында карама-каршылыктар айтылып жатат. Эгер Кароол чоку казыла турган болсо, ал жердин композициясы бузулат, анын ыйык жер деген макамы да жокко чыгарылат деген пикирлер да айтылууда.Бул боюнча кандай ойдосуз?

А.АКУНОВ: - Ким казат, кандай кылып казат деген техникалык маселе. Академик Руни Гогасванидзе Грузия мамлекетинин өкүлү. Башка мамлекеттин өкүлүнүн биздин мамлекеттин территориясында археологиялык изилдөө жүргүзүүсүнө өкмөттүн деңгээлиндеги келишими болууга тийиш. Эгер биздин Маданият министрлиги же башка тийешелүү мекеме уруксат бербесе, алар кайдан келип казат эле? Ал эми парапсихологдордун айтышынан уламбы же башка уламыштарга негизденип казып жатабы, ал окумуштуулардын өз иши. Окумуштуулар бир нерсени сөзсүз түрдө негиз кылып алышат. Өзгөчө археологиялык казууларга келгенде так маалымат алдын-ала эч качан болбойт.

СУРОО: - Мындай карама-каршы пикирдин чыгышына президенттин кеңешчиси Болот Шамшиевдин 26-июлда “АКИ-пресс” агенттигине берген билдирүүсү негиз болду. Ал “Манастын күмбөзүн казууга урусаат сураган кат мурда келген, бирок ага эч кандай уруксаат берилген эмес. Казуулар жүргүзүлүп жаткан болсо, ал жергиликтүү администрациянын абийиринде болчу иш. Ал жерде тарыхый сенсация болушу мүмкүн эмес” - деп билдирди.Мына ушундан улам тарыхчылар арасында кандай ой бар деген суроо туулуп отурат?

А.АКУНОВ: - Албетте, Кыргызстандын тарыхчыларынын арасында карама-каршы пикирлер болушу мүмкүн. Анткени, Кыргызстандын өзүндө Кубат Табалдиев, Москалев сыяктуу мыкты археологдор бар. Ошон үчүн биздин археологдор эмне үчүн казбайт деп биздин тарыхчылар нааразы болушу толук мүмкун. Ал эми Болот Шамшиевдин айтканынан менин да кабарым бар. Бирок, бул президенттик администрациянын иши эмес. Макулдукту президенттик администрация бербейт. Бул Маданият министрлигинин иши. Болот Шамшиев кайсы администрацияга шилтеме берип жаткандыгын да билбейм. Башка мамлекеттин өкүлдөрүнө изилдөө жүргүзүүгө уруксаат берүүгө жергиликтүү администрациянын бийлик укугу жок. Менин оюмча, бул жерде маалыматтын жетишсиздигинен ушундай маселе чыгып жатат деген ойдомун.

Ал эми композиция бузулат же болбосо бул жерден эч нерсе табылбайт деп алдын-ала айтууга кандайдыр бир негиз керек. Мындай ой комплекстүү терең казуулар жүргүзүлүп, анан эч нерсе табылбай калса гана айтылышы мүмкүн. Ал жерде комплекстүү казуулар жүргүзүлбөгөндөн кийин алдын-ала эле эч нерсе табылбайт деп айтууга негиз жок.

Ал эми биздин окумуштуулардын Кароол чокудагы тарыхый этнографиялык комплеске шек келтирбей, кынабын бузбай казабыз деген таклиби болушу мүмкүн. Бирок, башкалар казса дагы биздин археологдор, эксперттер комплекске зыян келбегендей болуп казылсын деген шарттарды коюшу зарыл.

Экинчи жагы, ошол жерден китепкана же башка археологиялык баалуу эстеликтерди таап алсаңар ал Кыргызстанга тиешелүү боло тургандыгын тастыктаган техникалык маселелерди да тактап алыш керек.

СУРОО: - Ал эми академик Гогасванидзенин Кыргызстандагы “Манас” комплексинде казуу жүргүзүүсүнө кандай тарыхый кызыкчылык түрткү берди деген ойдосуз?

А.АКУНОВ: - Эми анын окумуштуу катары кызыкчылыгы болсо керек. Андай кызыкчылык окумуштууларда болот. Бул кызыкчылык чыныгы окумуштуулук кызыкчылык деген ойдомун. Бул тарыхка дагы бир тактыктарды киргизүү, тарыхтын негиздерин кеңейтүү кызыкчылыгы болушу мүмкүн. Ал эми ошол жерде табылган буюмдарды ташып кетем деген кызыкчылыктар Шлиманда болгон. Ал Трояны казганда ал ошол жердеги алтынга гана кызыккан. Трояны казганда жалданма жумушчуларды алып барып каздырып, аябай көп алтын тапкан. Ал алтындарды эле ташый берип, археологиялык казуунун эрежелерин сактабай коюп, эстеликтердин баарын бузуп салган. Балким, ошондой кызыкчылык да бардыр.

Бирок, азыр сыртынан гана баа бычып айта албайбыз. Мен окумуштуу катары анын окумуштуулук кызыкчылыгын гана белгилеп кетким келет.

СУРОО:
- А сиз академик Гогасванидзенин илимий кандай эмгектери менен таанышсыз?


А.АКУНОВ: - Мен адистигим археолог болбогондон кийин анын эмгектерин сыртынан гана билем. Ал кандай казууларды жүргүзүп, кандай ачылыштарды жасагандыгын жалпысынан гана билем. Ошон үчүн терең айтып бере албайм.

СУРОО: - Анда маегиңиз үчүн рахмат!
XS
SM
MD
LG