Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:33

БИШКЕКТЕ ТҮРК ДҮЙНӨСҮНӨ АРНАЛГАН ИЛИМИЙ КОНГРЕСС АЧЫЛДЫ


Бишкекте бүгүн түрк цивилизациясына арналган үчүнчү эл аралык конгресс ачылды. Кыргызстан, Россия, Казакстан, Түркия, Индия жана башка он бештен ашык өлкөдөн чогулган окумуштуулар түрк дүйнөсүнүн нарк-дөөлөттөрүнүн дүйнөлүк цивилизациядагы орду, мааниси жөнүндө илимий баяндамалар менен чыгып сүйлөшүүдө. Бул жылкы конгресс «Аламдашуу жана түрк цивилизациясы» темасына арналды.

Илимий иш чараны уюштурган Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору Сулайман Каипов түрк цивилизациясына арналган үчүнчү конгресс Кыргызстанда өтүп жатканы бекеринен эмес дейт. Анткени, "Алатоо аймагы түрк дүйнөсүнүн бешиги болуп саналат".

Конгрессте чыгып сүйлөөгө камынган илимпздордун илимий баяндамалары козгогон маселелер ар кыл жана көп аспектини кучагына алат. Анын ичинде түрк тилдүү калктардын байыркы тарыхынан тартып азыркы ааламдаштыруу процессиндеги түрк дүйнөсүнүн өнүгүү маселелерин козгогон илимий темалар бар. Конгресске Орусиядан С.Г.Кляшторный, Ю.С.Худяков, В.Я.Бутанаев, Германиядан Барбара Келлнер Хайнкеле сыяктуу түрк цивилизациясын изилдеген көрүнүктүү окумуштуулар катышууда. Хакас мамлекеттик университетинин профессору Виктор Бутанаевдын айтымында, дүйнөлүк цивилизацияда түрк дүйнөсүнүн ээлеген орду өзгөчө:

- Биз бул дүйнөдө өзүнчө бир өзгөчөлүү дүйнө болуп саналабыз. Бул дүйнө цивилизациянын ар кандай очокторуна бөлүнгөн. Ыраакы Чыгышта Кытай цивилизациясы бар, ошондой эле Иран менен байланышкан Алдыңкы Азия цивилизациясы бар. Биздин көчмөн түрктөрдүн цивилизациясы ошол Ыраакы чыгыш менен Жакынкы Азия цивилизациясын бир шакекке бириктирип турат. Бул биздин негизги жетишкендигибиз жана биз муну сыймыктанышыбыз керек,- дейт профессор Виктор Бутанаев.

Конгресске катышып жаткан окумуштуулар бул сыяктуу конгресс илимий гана максат көздөгөн иш чара болгон менен анын жалпы түрк тилинде сүйлөгөн калктар үчүн идеологиялык дагы мааниси чоң экендигин белгилешүүдө. Анткени, мурда СССРдин тутумундагы түрк тилдүү республикаларда түрк дүйнөсү жөнүндө илимий изилдөөлөр коммунисттик идеологиянын көзөмөлүндө болуп келген. Бир катар адистердин баамында, түрк дүйнөсүнүн тарыхын тактоо, материалдык маданиятын, маданий эстеликтерин сактоо, окуп үйрөнүү сыяктуу иш чаралар түрк тилдүү өлкөлөрдүн жакындашуусу, алака-катыштарынын өнүгүп өркүндөшү үчүн таяныч база болуп бере алгандыгы менен маанилүү.
XS
SM
MD
LG