Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:31

КЫРГЫЗ ЭЛ ЖАЗУУЧУСУ КЕҢЕШ ЖУСУПОВ 70 ЖАШТА


Кыргыз эл жазуучусу, мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын лауреаты Кеңеш Жусупов ушул күндөрдө жетимиш жашка чыгып отурат.

Кеңеш Жусуповдун 60-жылдардан басылып чыга баштаган “Жашоо кумары”, “Алыкул”, “Жүрөгүм менин тоолордо”, “Карагайчылар”, “Эне кудурети” аңгемелер, повесттер жыйнактары – кыргыз айылдарындагы турмушту өз ырайында, өз табында кагаз бетине түшүралгандыгы менен окурмандарды муюткан эле. Белгилүү жазуучу, адабият таануучу Чоюн Өмүралиевдин баасында - Кеңеш Жусупов дүйнөлүк адабият менен маданиятты өзүнө терең сиңирүү менен кыргыз адабиятын, маданиятын дагы жаңы бийиктикке чыгарды:

"Дүйнөлүк тажрыйбаны өздөштүрүп отуруп, Кеңеш Жусупов кыргызга кыргыздын өзүн кайра жаңы бийиктиктен ачып берди."

Кеңеш Жусуповдун кыргыз элинин болгон көөнө мурастарын 15 жыл чогултуп топтоп 200 басма табак колөмүндө 10томдон турган “Кыргыздар” аттуу китепти чыгарышы – кыргыз коомчулугу тарабынан бүтүндөй бир институттун, энциклопедиялык басманын жасай турган эмгеги катары бааланып келатат. Көркөм өнөр таануучу Сарман Асанбековдун пикиринде Кеңеш Жусуповдун эмгектери – кечээки, бүгүнкү күн үчүн гана эмес, эң негизгиси эртеңки күн үчүн да кызмат этчү чыгармалар:

"Муну мен эмне менен далилдегим келет? Кайсы гана чыгармасын албайлы, Кеңеш Жусупов адам менен табияттын ортосундагы, адам менен адамдын ортосундагы, адам менен коомдун ортосундагы мамилени көтөрөт. А бул мамилелер түбөлүктүү мамилелер эмеспи..."

“Мыкты чыгармаларды мыкты адам гана жаратат” демекчи, Кеңеш Жусуповду замандаштары эң алдын чыныгы чыгармачыл инсан катары баалашат.

Акын Өмүрбүбү Бегалиева:

"Кеңеш Жусупов ойчул, ар бир сөзүн терең ойлонуп сүйлөгөн ички көрөңгөсү бийик адам."

Белгилүү жазуучу Казат Акматов:

"Кеңеш Жусупов – чыгармачылыгы менен да, адамдык сапаты менен да адам суктанарлык адам. Андыктан ал жараткан чыгармалар да мыкты. Ал чыныгы элдик жазуучу."

Кеңеш Жусуповдун жаңы эле аңгемелеринен, эскерүүлөрүнөн жана өзү жөнүндөгү замандаштарынын ой пикирлеринен турган отуз алты басма табак көлөмүндөгү “Жан шерик” аттуу китеби чыкты. Чыгармачылык коштогон өмүрүндө отузга чукул китеп жараткан эл жазуучусу Кеңеш Жусуповго “көкүрөгүңүздө дагы кандай жаңы чыгарманын элеси жашап атат” деп кайрылып калдым:

"Албетте, Кудай тынчылык берсе, ичте көп эле ойлор бар. Эми эң башкы айта кетчү нерсе мен мурда жаштар үчүн жазган “Манаска” кайра кайрылганы жатам. Андан башка да ойлор бар."
XS
SM
MD
LG