Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:52

ОРУСИЯДА КЫРГЫЗСТАНДАГЫ СЛАВЯН УНИВЕРСИТЕТИНИН ФИЛИАЛЫ АЧЫЛАТ


Акан Иманов, Бишкек Москванын алдындагы Мытищи шаарчасында Кыргыз-Орус Славян университетинин филиалы ачылмакчы. Анда Кыргызстандан барган эмгек мигранттары билим алышат. Бул филиал эки миң чакты студенттерге эсептелүүдө. Окуу жайга кабыл алына турган студенттер азырынча сырттан окушат. Орусиядагы эмгек мигранттарына жогорку окуу жай керекпи?

Орус-Кыргыз Славян Университетинин филилын Орусияда ачуу ЕврАзЭС уюмунун жардамы менен жүргүзүлүп жатат. Эгер окуу жай ачылса Славян университетинде тыштан окуп, Орусияда эмгектенип жүргөн мигранттар Кыргызстанга келип кетпестен, Москванын алдындагы Мытищи шаарындагы филиалдан сессияларын тапшыра алышат.

Университеттин администрациясынын пикиринде бул кадам Орусияда чет элдик эмгек мигрантарына карата орус бийликтеринин саясатын жумшартууга жардам берет.

Азырынча Москвада, кийинчээрек Екатеринбургда окуу жайдын филиалын ачуу пландаштырылууда. “Содружество” партиясынын өкүлдөрүнүн айтымында, бул кыргыз мигранттарына чоң колдоо болмок.

-Бүгүнкү күндө көпчүлүк Кыргызстандыктар Екатеринбург шаарларынын тегеректеринде эмгектенишүүдө. Орусиянын эки шаарында Славян Универсиеттин филиалын ачуу боюнча макулдашуулар болду. Буга ЭврАзЭстин жетекчилиги чоң жардам берип жатат. Биздин көптөгөн мигранттарыбыз сессияга келип-кетип кыйналып жүрүшкөндүктөрүн көрүп, ал жерде филиалдарды ачууну туура деп таптык. Жакында филиалдар ачылса, ошол жакка тапшырып, сырттан окуу бөлүмүндө жогорку билим менен кошо таалим-тарбия алышат,- деди “Содружество” партиясынын борбордук аткаруу комитетинин жетекчиси Самат Бөрүбаев.

Эгер Москва шаарында аталган университеттин филиалы ачылса, эмгек мигранттары сырттан окуу бөлүмүндө билим ала алышат. Кийинчээрек талап жогоруласа күндүзгү бөлүмү да ачылмакчы. Андан сырткары үч же алты айлык кесиптик билим берүү курстары менен бирге кыргыз тилин окутуу борбору ачылышы ыктымал.

Орусиядагы кыргыз эмгек мигрантары үчүн ачыла турган жогорку окуу жайлардын канчалык деңгээлде зарылчылыгы бар деген суроо жаралууда. Азис Орозбаков Москва шаарында 3 жылдан бери эмгектенип жүрөт. Анын айтымында, бул жакта билим алам деген жаштар көп:

- Менимче зарылчылыгы бар. Себеби бул жакта балдар өздөрүн толук камсыз кыла алышат. Мисалы, азыр менин тобумда 30 чакты кыргыз балдар бар. Алар орточо 22-23 жашта жана алардын көпчүлүгү билим алсак дешет. Акча чогултуп, Кыргызстанга барып окууга тапшырабыз деп айтышат. Эгер бизде сырттан окуу бөлүмү менен филиал ачылса, балдар Кыргызстанга барбай эле бул жактан иштеп, сессияларын дагы бүтүрө беришмек.

Орусияда өз филиалылын ачууга кам көрүп жаткан Кыргыз-Орус Славян университети, 1993-жылдын 9-сентябрында ачылган. Ошол күндөн бери Владимир Нифадьев ректорлук кызматты аркалап келет жана бүгүнкү күндө “Содружество” партиясынын тең төрагасы болуп да эмгектенүүдө.

Ал эмгек мигранттары үчүн университеттин филиалын ачуу менен келээрки парламенттик шайлоого даядык көрүүдө деген пикирин, коомдук саясат институтунун аналитиги Шайырбек Жураев билдирди:

- Эгер мигранттардын арасында чындап окуйм дегендер бар болсо, анда бул алардан акча жасоонун жакшы бир жолу болмокчу. Бул биринчиден, ал эми экинчиден болсо эмгек мигранттары кыргыз саясатында чоң орунга ээ. Кыргыз-Орус Славян университетинин ректору ошол эле маалда “Содружество” партиясынын төрагасы экендигин биз билебиз жана, албетте, бул келе жаткан шайлоолорго байланышы болсо керек.
XS
SM
MD
LG