Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:44

ЖОЛБОЛДУ АЛЫБАЕВ - КӨРҮНҮКТҮҮ ЫРЧЫ, ДАСТАНЧЫ


Көрүнүктүү ырчы, обончу, дастанчы, Кыргыз Республикасынын эл артисти Жолболду Алыбаевдин чыгармачылыгы жөнүндө кеп.

Жер жүзүнө жайылып,
Толуп чыккан аккан суу,
Жети кабат жер астын
Жарып чыккан аккан суу,
Жер, ааламдын баарысын
Багып чыккан аккан суу,
Алты кабат жер астын
Жарып чыккан аккан суу,
Адам менен обону
Багып чыккан аккан суу.
Алатоонун боорунан
Жарып чыккан аккан суу,
Алтын канат, жер куйрук
Балык чыккан аккан суу.
Кара тоонун койнунан
Агып чыккан аккан суу
Күмүш канат, жер куйрук
Балык чыккан аккан суу, - деп жалаң гана аккан суунун өзүн жети күн катары менен ырдаган айтылуу ак таңдай төкмө акын Жеңижоктун “Аккан суу” аттуу терең философиялык ойлорго бай көлөмдүү санатын калың калк алдына алгачкылардан ырдап чыккан көрүнүктүү ырчы-аткаруучу, белгилүү обончу, талантуу дастанчы, Республиканын эл артисти Жолболду Алыбаев болду.

Жолболду беттешкенин катырган кара жаак, жез таңдай акын Жеңижоктун он сегиз миң ааламды багып жаткан, суунун, өмүрдүy шериги экенин, дүйнөнүн баарына балдан таттуу шириндигин, өмүр отун тутанта жагып, ай-ааламды багып жатканын мукамдуу обон шаңкылдаган үн менен угарманга жар салган.

Өткөн кылымдын 60-жылдарынан тартып кыргыздын шыктуу жаштарынын арасына орустун баяны, аккордиону улуттук музыкалык аспап катары кеңири тарайт. Алардын коштоосунда ырчылар ырдашат. Обончулар обондорун чыгарышат. Жолболду балапан кезинен комуз чертсе да “Манастан Чубак кем бекен” деп, Ырысбай, Асанкалый, Калыйбек ж.б. кесиптештеринен кем калышпас үчүн басса, турса баянды, аккордеонду колунан түшүрбөй, өкүртө тартып, коштоосунда ырдайт, обон чыгарат.

“Көч жүрө-жүрө оңолот” дегендей Жолболду 1985-жылдан эсине келип, комуздун коштоосунда залкар төкмө акындардын ырларын аткарып, алардын сөздөрүнө (ырларына) обон чыгара баштайт. Ал кездерин Жолболду мындайча эскерет:

- Комуз менен аккордеон эки башка аспап. Аккордеондун коштоосунда ырдаш үчүн үнүң бийик болуш керек. Бирок кезинде мен өңдөнгөн жаштар колдорунан келишсе да, келишпесе да аккордеонду ойной беришип угуучуларыбыздын жан дүйнөлөрүнө көк талкандай тийип тажатып жиберишкен эле. Мен аккордеондун коштоосунда ырдаганда угуучулар “Ырысбай ырдап атат” деп кабыл алышты. Бир жолу акын Жолон Мамытов “Эй Жолболду сен өз жолуңду табышың керек. Сен Ырысбайдын көлөкөсүндө калып каласың” – деди. Чын эле 25 жыл аккордеон тартып жүрүп Ырысбайдын ж.б. кесиптештеримдин көлөкөсүндө калып калдым. Анан 1985-жылы эсиме келип, бала чагымдан чертип жүргөн комузду колго алып коштоосунда ырдай баштадым. Менин чыгармачылыгымдын экинчи жаңы өзгөчө Жеңижок, Барпы, Молдонияз, Арстанбек, Калыгул, Нурмолдо сыяктуу залкар акындардын ырлары болду. Ак таңдай акындардын ырлары болду. Актаңдай акын Жеңижоктун айтылуу “Көк сулуусуна” обон чыгарып, ырдап чыктым.

Жолболду өзү айткандай айтылуу ак таңдай төкмө акындардын санат, терме, насыят, дастандарын калк алдына ырдап чыккан күндөн чыгармачылыгынын жаңы баракчасы ачылат.

Жолболду кыргыз ырчыларынын ичинен биринчи жолу угуучуларга 19-кылымдын биринчи жарымында чыккан ойчул, нускоочу “Замана” ыр агымынын баштоочусу, жайылтуучусу Калыгул Бай уулунун “Акыр заман” аттуу меселе-санатын ырдап чыгат.

Ал акындын “Акыр заманында” орус падышасынын баскынчылык бийлиги кыргыздарга жаңыдан орнотула баштаганда “өңү сары, көзү көк орус чыгарын, миң түтүнгө бир киши болуш болорун, узун чөптү оруп, кыскасын коруп, эсеп кылып, кожо-молдо жоюлуп, дин, орозо-намаз окулбай тил кыскарган, жүргөн жер тарып, тар заман келип алардын бири-бирине болгон мамилелери, ал турсун табийгат да өзгөрөрүн, бардык нерсе убактылуу экенин баяндаган санатын ырдаган.

Кызыл, кызыл кыялар,
Кыргый талга уялаар.
Такыясын колго алып,
Кыз-жигитти кубалар,
Жагалмай талга уялаар,
Жакшы заман келгенде,
Жаштар бизди кубалаар.

Өңү сары, көзү көк
Орус чыгат деп айткан.
Миң түтүнгө бир киши,
Болуш чыгат деп айткан.
Эркек үндүү аялдын
Уяты жок,
Катын үндүү эркектин
Кубаты жок.

Жолболду ак таңдай акындардын ичинен Жеңижоктун санат насыят термелерин өтө жогору баалап, өзгөчө жактырып, өткөрө эргүү, жалындаган аткаруучулук шыктануу менен аткарат.


Балбай Алагушов, Бишкек
XS
SM
MD
LG