Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:09

БАТКЕН: БАКИЕВЧИЛ МИТИНГГЕ ОППОЗИЦИЯНЫ ЖАКТАГАНДАРДЫ ДА ЗОРДОП ЧЫГАРЫШТЫ


Баткенде президент Бакиевди жактаган жана оппозицияга каршы митинг 8-ноябрь күнү да кайталанды. Ага Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорунан жана Кызылкыя, Сүлүктү шаарларынан миңге жакын адам катышты. Митингди облус бийлиги колдоого алып, губернатор С. Айжигитов оппозициядагы саясатчыларды бийликти басып алууга аракет кылууда деп айыптап сүйлөдү. Бул акцияга айыл өкмөттөрү зордоп алып чыккан адамдар да болду.

- Ноябрдын алтысынан жетисине өткөн түнү алар өзүнүн өзүнүн анык бетин ачышты. Ошол алты- жети депутат өзүлөрүнүн кызыкчылыгы үчүн конституцияны нарыдан бери жазып алып, анан калган депутаттарды зордоп кол койдуруп жатканы маалым болду. Буларды эч кандай реформа кызыктырбайт. Буларды бир гана бийлик кызыктырат,- деди губернатор Султанбай Айжигитов.

Ошону менен катар губернатор Султан Айжигитов Баткен облусунан шайланган депуттарды да сынга алды.

-Мыйзам жазган адамдар өзүлөрү мыйзамды тепсеп жатканы бизди өкүндүрөт. Ошондой эле Баткен шайланган депутаттар Шадиев менен Жураев дагы ошолорго кошулуп кеткени биз үчүн өтө кайгылуу.



Митингге «Жаңы Кыргызстан», «Эмгек жана биримдик», «Содружество» жана «Асаба» партияларынын электораты, бюджеттик мекеме-уюмдардын кызматкерлери, айыл өкмөт башчылары катышты. Митинг түшкө чейин уланып, ал жерде 7-ноябрь күнү башталган парламентти таркатуу үчүн кол топтоолор улантылды. «Жаңы Кыргызстан» партиясынын облустук уюмунун төрагасы Калбай Мадумаровдун кабарлоосунда, учурда үч миңден ашуун кол топтолгон.

Президент Бакиевди колдоо митингисине келгендердин арасында оппозицияны тымызын жактагандар да болду. Өзүн Рашид деп тааныштырган киши суроолорго кыйла кооптонуу менен жооп берди:

-Антимитингке айыл өкмөттөрү, ишканалар адамдарды зордоп эле чыгарып жатышат. Митинг болсун, бирок оппозициянын да кызыкчылыгын эске алыш керек. Негизинен Баткен эли толук Президентти колдойт дегенден алысмын. Ушу митингге катышкандардын 30 пайыздайы ушундай пикирде болуш керек.

Азыркы бийликтин да, парламенттин да иш аракети туура эмес дегендер да жок эмес.

- Бишкекте президентке каршы чыгып жаткандардын да пикири бар. Аларды угуп койсо болот. Анан минтип жер жерлерде дежурдук тартиптеги митингдерди уюштуруштун дагы кажети жок. Мен бүгүнкү күндөгү Президенттин, Өкмөттүн, Парламенттин кылып жаткан иштерине канааттанбайм,- деди Баткен шаарынын тургуну Тургунбай Нышанов.

Сабыр Абдумомунов, Баткен

XS
SM
MD
LG