Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:17

ЖАЛАЛАБАТ: КАРА АЙБЕККЕ ИЗДӨӨ ЖАРЫЯЛАНДЫ


«Кара Айбек» деген ылакап атка конгон жалалабаттык Айбек Мирсидиковго 22-майдан тартып издөө жарыяланды. Андан мурда Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Сабиров кылмыш дүйнөсүнүн бул өкүлү боштондукка коё берилгени жатат жана ал эркиндикке чыкса башка бир депутатты атышы ыктымал деп, парламентте маселе көтөргөн эле. Айбек Мирсидиков кандай жагдайда милициядан качып кете алды – мына ушул маселени облустагы кабарчыбыз иликтеп көрдү.

Жалалабат ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча Айбек Мирсидиков алгач соттун аныктамасы чыккандан кийин Оштогу СИЗОдон ден соолугуна байланыштуу Ташкөмүр шаарына караштуу Кызылжар-12 деп аталган шаарчадагы облустук психоневрологиялык ооруканага которулган. Андан соң аны Жалалабат облустук ооруканага которушкан. Ал жерден кургак учукка шектелгенден кийин кургак учук диспансерине жеткирилген. Айрым маалыматтар боюнча ал жерде бир күн жаткандан кийин Айбек Мирсидиков «мага кургак учук жугуп калат» деп, ал жерден өз бет алдынча эле чыгып кеткен жана аны кайтарып – көзөмөлдөгөн милиция кызматкерлери болгон эмес.

Өкмөт жакында 2005-жылдын 24-мартындагы ыңкылапка байланыштуу деп Жогорку Кеңешке «Мунапыс жөнүндө» мыйзам долбоорун сунуш кылган жана ал депутаттардын элегинен өткөн эмес. Ал долбоор талкууланып жаткан маалда депутат Алишер Сабиров эгер бул долбоор өтүп, мыйзам болуп кабыл алынса «Кара Айбек» аты менен кылмыш дүйнөсүнө таанымал Айбек Мирсидиков бошоп кеткени жатат жана ал парламентке Жалалабаттан шайланган депутаты өлтүрүршү ыктымал деп билдирген болчу.

Жалалабаттан шайланган депутат Кадыржан Батыров «Лица» гезитинин 1-июндагы санына берген интервьюсунда Айбек Мирсидиковду бошотууга Жалалабат облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Темирбаев менен президент Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси Акмат Бакиевдин тиешеси бар деген. Бирок Нурлан Темирбаев Кадыржан Батыровдун мындай сөзүн негизсиз дейт жана учурда Айбек Мирсидиков кандай шартта жоголуп кеткенин иликтөө жүрүп жатканын «Азаттыкка» берген интервьюсунда мындай деп айтты:

"19-майда бир айдан кийин иш козголуптур. Ал кагаздары келди. Ал жөнүндө азыр сотто карап атат. Анын бошотууга укубуз жок. Аны сот бошотот, же дарыгерлер анын абалын карайт. Акмат Салиевичтин буга эч кандай тиешеси жок", - деди Нурлан Темирбаев.

Айбек Мирсидиков 1998-жылдан тартып беш жолу соттолгон. Акыркы жолу ал бейбаштык кылды, зөөкүрдүк жасады, зордук-зомбулук көрсөттү деп 11 жылга эркинен ажыратылган. Оштогу СИЗОдо жатканда анын жактоочусу сотко кайрылган, андан алгач психоневрологиялык ооруканага, андан облустук ооруканага, кийин кургак учук диспансерине которулган.

Кургак учук диспансеринде бир күн жаткан учурда Айбек Мирсидиковду милициянын күзөтчүлөрү кайтарган-кайтарбаганы да белгисиз. Бул тууралуу аталган диспансердин директорунун орун басары Кумарбек Ботокараев «Азаттыкка» мындай деди:

"Бөйрөгүнөн кургак учукка күмоң деген диагноз менен бизге жолдогонунан келип жаткан, 23дө чыгарылган. Келип бир күн жаткан. Мен бул жерде жаткандан корком кургак учук жугуп калышы мүмкүн деп качып кеткен. Жанында милиция кызматкерлери бар же жок экенин толук айта албайбыз, көргөн жокпуз", - дейт диспансердин директорунун орун басары Кумарбек Ботокараев.

Жалалабат ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Темирбаев Айбек Мирсидиковдун кургак учуктан дарылоочу диспансерде жатканын бизге берген интервьюсунда айткан жок. Анын маалыматы боюнча кылмышкерлер үчүн атайын палата болбогондуктан Айбек Мирсидиков дароо эле облустук ооруканадан күзөтчүлөрдүн коштоосунда кайра эле Кызылжардагы психоневрологиялык ооруканага жеткирилген болчу. Учурда Мирсидиков кандай жагдайда жоголуп – качып кеткени иликтенип жатат.

"Мирсидиков конвой менен кайра Кызылжарга жеткирилген, азыр ошол жерде турат. Облустук ооруканада спец. палата да, коновой дагы жок.

Ал эми Жалалабат ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орунбасары Таалайбек Төрөкановдун маалыматы боюнча өкмөт парламентке сунуш кылып, кабыл алынбай калган «Мунапыс жөнүндө» мыйзамдолбоору кабыл алынган күндө дагы Айбек Мирсидиков эркиндикке чыга алмак эмеc:

"Кийинки жасаган кылмыштарына мунапыска туура келбейт. Себеби каракчылык, тоноочулук кылган," - деди Жалалабат ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орунбасары Таалайбек Төрөканов.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG