Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:24

«ЖАЛДА» ЖАШАГАНДАР НААРАЗЫЛЫК АКЦИЯСЫНА ЧЫКТЫ


Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы № 12 турак үйдүн жашоочулары Өкмөт үйүнүн алдында нааразылык акциясын өткөрүштү. Пикетте алар «Кадам» акционердик коомунун жетекчилеринин аракеттерин токтотууга бийликти чакырган плакаттарды кармап турушту. Тараптардын ортосундагы батир талаш кыйла жылдан бери уланып келатат.

Нааразылык акциясына чыккандардын айтымында, учурда талашка түшүп жаткан батирлерди алар «Кадам» ишканасында көп жыл иштеп жүрүп, кезек менен 1994-жылы Бишкек шаар мэриясынын чечими аркылуу алышкан. Толук курулуп бүтө элек кезинде алынган үй үчүн алар өз ара макулдашууга ылайык тогуз миң сомдон төлөп беришкен. Мындан тышкары, бөлүнгөн батирлердин курулушун аягына чыгаруу үчүн өз каражаттарын сарпташкан.

Бирок, «Кадам» акционердик коому ишканага таандык саналган турак үйдүн жашоочуларынан батир акысын жаңы баада талап кылып, жаңы баада сатып ала албагандардыкын башка адамдарга сатып жатат. Ушундай пикирин билдиргендердин бири, жалгыз бой аял Сулеева Галия болду:

- Биз өз укугубузду талап кылып келдик. Биз өз үйлөрүбүздү өзүбүзгө калтырышын талап кылабыз. Мен жалгыз бой аялмын, уулум тогуз жашта. 1994-жылы бир бөлмөлүү үй алгам.

Мурда «Чолпон» фабрикасы катары белгилүү ишканада иштеп жүрүп, «Эмгек кызыл туу», «Даңк» ордендерине татыган Рахим Асанбаев менен анын жубайы Рахима Асанбаеванын төрт баласы бар. Алар бул турак үйдөн үч бөлмө алышкан. Рахиманын айтымында, булар көбүрөөк акча өндүрүүнүн аракетин кылып эле адамдын тагдыры менен эсептешкен жери жок:

- Алар биздин 94-жылы акча төлөп алган батирибиз үчүн бизден акча талап кылышкан. Биз эмне үчүн эми дагы бир жолу, эми Таштанбековго төлөшүбүз керек?

«Кадам» акционердик коомунун башчыларынын бири, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Акбөкөн Таштанбеков үй курууга кеткен чыгымды өндүрүп алуудан башка максат жок дейт:

- Бизге баары бир. Кимиси төлөсө ошонусу ала берсин да. Коом акча кетирди. Биз өзүбүздүн акчабызды алдык. Булар түшүнбөй атышат. Илгери акча салганбыз дешет. Документтерди ревизия да кылып көрдүк. Бирок, таппай койдук.

Таштанбековдун айтымында, нааразы тарап №12 турак үйдө батирди ээлеп туруу менен бирге, ишкананын жатаканасында да бир бөлмөдөн үйлөргө ээлик кылууда. Ал эми пикетке чыккандар Таштанбековдун айткандарын төгүндөшүп, ишкана жетекчилиги баасы жогору турган турак үйдөн пайда табуу үчүн ар кыл айла-амалдарды таап атат дешти.

Майыптыгы бар тургундардын бири Бурул Карабалаева жашап жаткан үч бөлмөлүү батирди «Кадам» ишканасы сатып ийген. Буга байланышкан сот эки жылдан бери бүтпөй келатат. Ал акционерлерди коргоонун ордуна өз кызыкчылыгы үчүн каалаган ишин жасап жатат деп «Кадамдын» жетекчилигине нааразы болду:

- Биз он экинчи үйдө ким жашайт? Кимиси сатып кетип атат? Баарын билебиз. Жок эле кишилерди киргизип коюп, ал көрсөтмө кылып атат. Бирок, элдин чыдамы кетти… Бул үй кунун жеп бүттү.

«Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун лидери Азиза Абдырасулова дээринде «Кадамдын» мындай аракетине жол берүү башка кожоюндардын ушул өңүттөгү кадамдарына жол чабат деген ойдо:

- Алар качандыр бир кезде салган турак жайларын сатып баштаса, бул Кыргызстан үчүн жаман тенденция болуп калат. Акбөкөн Таштанбековдун көрсөтүп аткан үлгүсүн башкалар колдоп, маңдай тери менен тапкан батиринен адамдарды чыгарып, сатып башташы мүмкүн. Ошондуктан, буга коомчулук каршы турушу керек.

Пикетчилер тиешелүү документтерин бул күнү президенттик администрациянын коомчулук менен иштөө бөлүмүнө тапшырышты. Өкмөт үйүнүн алдында тургандар 26-майга чейин нааразылык акциясын токтотпой тургандыгын билдиришти. 26-майда Бишкек шаар мэриясынын чечиминин негизинде батирге киргендердин айрымдары менен батирди ишканадан жаңы баада сатып алган айрым жарандардын ортосундагы соттук териштирүүнү Жогорку Сот карары күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG