Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:50

ӨMҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ ПАРЛАМЕНТТИ САКТАП КАЛЫШ ҮЧҮН КЫЗМАТТАН КЕТТИ


27-февралда Жогорку Кеңеш төрагасы Өмүрбек Текебаев өз арызы менен кызматынан кетти. Анын мындай кадамын биртоп депутаттар төраганын парламентти сактап калуу аракети катары баалашты. Спикердин жосунун орунбасары Б.Шерниязов да колдоп, кызматтан кеткенин жарыя кылды.

Спикердин кызматтан кетиш маселесине келгенде эки жолу макулдук бербеген парламент мүчөлөрү Өмүрбек Текебаевдин Эмгек кодекси боюнча ишинен бошонуу тууралуу берген арызын бул ирет канааттандырышты. Созулуп бараткан талашка чекит койгусу келген кесиптештеринин алдында арыз жазуунун жөн-жайын Өмүрбек Текебаев момундайча түшүндүрдү.

- Мен эки күндүк депутаттар менен, фракциялар менен консультация жүргүзүп, ошонун жыйынтыгында регламентке ылайык, Эмгек кодексине ылайык өз каалоом менен бир тараптуу, өзүм кызматтан кетүүм керек деп чечтим. Ал арызымды сиздерге таратып бердим, бул катталгандан кийин күчүнө кирет деп ойлойм. Мени менен коштошкондой сүйлөп жатасыңар. Куда кааласа дагы беш жыл чогуу болобуз. Дагы далай иштерди республика үчүн жасайбыз. Далай демилгелер менен чыгабыз.

Төрага орунбасары Болот Шерниязов да кодекске таянып, кызматын таштап кете тургандыгын жарыя кылды.

- Өз ыктыярым менен отставкага кетем. Ар кимибиз айткандан кийин айткан сөзүбүздүн аягына жетишибиз керек. Бир сөздү айтып коюп, анан оюн кылгандарды өзүнүн абийирине койдук.

Жыйынды алып баруу озуйпасын өзүнө алган төраганын дагы бир орунбасары Эркин Алымбеков жаңы спикер, орунбасары шайлангандан кийин кызматын өткөрүп бере тургандыгын маалымдады.

Спикердин кызматынан кетиши анын парламентти сактап калуу аргасы экенин, антпесе мыйзам чыгаруу жыйыны таркатылып кетиш ыктымалдыгы башбактап калганын депутат М.Эшимканов айтты.

- Бул чындык эле сөз. Анткени өткөн жуманын аягында депутат Азимбек Бекназаров президент Курманбек Бакиевге кирип чыкты. Ошондо президент айтыптыр: «Мен бул парламент менен иштешпейм. Таркатканга даярмын» деп. Анан берки ылдый жактагы администрация жетекчилери «биз силердин жарыгыңарды өчүрөбүз, сууңарды өчүрөбүз, айлыгыңарды бербейбиз. Толугу менен ушул парламенттин ишине тоскоол болобуз. Кетирбесеңер болбойт», деп ачык эле айтыптыр. Анан ошондон кийин жанагы үч топ бир блок түзбөдүк беле, ошолор кеңешип-таңашып отуруп, алардын 90% каршы болгонуна карабай, ишемби күнү Өмүрбек Текебаев «жок, парламентти сактап калбасак болбойт» деп жеке чечим кабыл алды.

Депутат Кубатбек Байболовдун ырасташынча, аткаруу менен мыйзам чыгаруу бийликтеринин ортосундагы мамиле коомдук-социалдык турмушка, реформалардын багытына, жүргүзүлүп аткан саясатка байланыштуу өзгөрүлүп турат. Ошондон жаңы төраганын кандай позицияны карманары, реформаны жактаар-жактабасы өзгөчө мааниге ээ.

- Менин оюмча, депутаттар белгилүү инсанды эмес, көбүнесе көз карашты, өлкөнүн өнүгүү багытына болгон көз карашты шайлашат. Эки багыттагы, көз караштагы адамдардын тиреши болушу мүмкүн. Бул - биринчиси, реформаторлук багыт. Экинчиси – Акүй тарабынан тапталган «хоп майли» деген багыт. Кайсынысын тандап алса – ошондой багыт,- деп билдирди депутат Кубатбек Байболов.

Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Данияр Нарымбаевдин айтымында, Ө.Текебаевдин кызматтан кетиши туура чечим болду. Бул иш президент экөөнүн ортосундагы келишпестиктин натыйжасы деген пикирге Д.Нарымбаев кошулбайт.

- Бул жерде соодалашуу маселеси эч убакта болбош керек. Бул маселе өзүнчө каралышы керек. Өзүнчө каралды да өзүнчө чечилди. Мындан аркы кызматташуу эки же үч бийлик ортосунда соодалашуу негизинде эмес, тең салмактуу кызматташуу негизинде болушу керек.

Парламент мүчөлөрү кызматынан кетип аткан спикерге мурдагы жеңилдиктерин калтыруу тууралуу токтом кабыл алып, депутаттар кийинки күнгө чейин жаңы төраганы шайлоонун кам-чомун көрүүгө тыным алышты. Ошондон депутат Авасбек Момункуловдун ишти улантуу тууралуу сунушун кесиптештери колдошкон жок.

- Күн тартиби менен иштей берели. А жанагы оюнга саат бирден эртеңки тогузга дейре убакыт толтура. Анан эмне, ойнойбуз деп эле күндө эле тарай беребизби?- деп айтты А.Момункулов.

Парламенттин жаңы спикерин шайлоо канчага созулары белгисиз. Өткөн жылдын 24-мартынан кийин өзүн-өзү сактап калуу мүдөөсүнө азгырылган депутаттар Ө.Текебаевди төрага кылып шайлашкан.

XS
SM
MD
LG