Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:32

ПАРЛАМЕНТ ДАНИЯР ҮСӨНОВДУ 1-ВИЦЕ-ПРЕМЬЕР-МИНИСТРЛИККЕ ТАТЫКСЫЗ ДЕП ТАПТЫ


Жогорку Кеңеш 8-ноябрда башкы прокурордук кызматка Камбараалы Конгантиевдин талапкердигине макулдук берди. Ал эми биринчи вице-премьер-министрликке сунушталган Данияр Үсөнов парламентте колдоо таппай калды.

Президент Курманбек Бакиев бул эки талапкерди колдоп берүү сунушу менен парламентке октябрдын этегинде кайрылган. Мыйзам боюнча сунуш эки апта ичинде каралышы керек. Муну эске алган парламент ноябрь айындагы ишин ушул маселени чечүүдөн баштады. Адегенде президенттин сунуштарын анын парламенттеги өкүлү Данияр Нарынбаев депутаттарга окуп берди.

Депутаттар президент сунуштаган эки талапкердин ичинен башкы прокурордун милдетин аткаруучу Камбараалы Конгантиевге байланыштуу анын кыска маалыматын угуу менен чектелишти. Ал эми биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов дароо эле депутаттардын сынына кабылды.

Депутаттар Жантөрө Сатыбалдиев менен Өмүрбек Бабанов көтөргөн маселелердин катарында Данияр Үсөнов бюджетке киргизүүнү убада кылган 5 миллиард сомго, талапкердин жубайы жетектеген «Интерпресс», «Глобал стар» компанияларына, «Инексимбанктын» акча операцияларына, экс-президентке таандык саналган мүлктү иликтөө комиссиясынын ишмердүүлүгүнө байланышкан суроолор болду. Суроо иретинде көтөрүлгөн маселелерди Данияр Үсөнов төрт-беш айдан бери айрым депутаттар тарабынан ага каршы чогултулуп, бирок далилденбей келаткан материалдар катары белгиледи:

- Көп суроолор болору түшүнүктүү. Бирок мен божомолдор эмес, конкреттүү фактылар айтылышын каалар элем. Мен бекитилемби, бекитилбеймби, биз ушул өлкөдө чогуу жашап келатабыз, жашайбыз. Эртең эле жүздөшөбүз. Бул жерде мени Казакстандын атуулу экен деген маселе көтөрүлдү эле. Ал боюнча кийин эч ким кечирим сураган да жок… Бул жерде маалымат каражаттарынын өкүлдөрү отурушат. Ошондуктан, сөз негиздүү болсо деп суранат элем. Мен уяла турган, жашыра турган эч нерсе жок. Мен бардык суроолорго жооп берүүгө даярмын.

Бирок эки депутаттан кийин суроо берүүгө сунуштардын негизинде чек коюлду. Депутат Жантөрө Сатыбалдиев Үсөновду иште реалист болууга чакырды:

- Данияр Токтогулович, өкмөттө экономика, каржы ишин жүргүзө турган болсоңуз, реалист болушуңузду сунуштайт элем. Мына сиз айткан 5 миллиард сом жок, шайлоочуларымдын алдында сиз үчүн мен уялып атам.

Ал эми депутат Искак Масалиев талапкерге каршы добуш берерин дароо эле ачыктады:

- Эгер биринчи вице-премьер анын аялы бизнес менен иштегенинде… эч кандай өөн жок деп эсептесе, суроо бериштин кажети жок. Мен дароо эле айтып коеюн, Данияр Токтогулович бул кызматка ылайыксыз. Себеби, ал бизнес менен мамлекеттик башкаруу эки башка иш экенин али түшүнө элек экен. Мамлекеттик кызыкчылык менен өз кызыкчылыгын айырмалай албаган адамды колдоп добуш бербөөгө депутаттарды чакырам.

Буга чейин Данияр Үсөнов парламентке президент тарабынан Медетбек Керимкуловдун, Жантөрө Сатыбалдиевдин катарында 1-вице-премьер-министрликке талапкер катары көрсөтүп, бирок президент сунушун кайра кайтарып алган.

Президенттин Данияр Үсөновду экинчи ирет сунушташына парламенттин кыркка чукул депутатынын президентке кайрылуусу негиз бергендиги мурда кабарланган. Анткен менен, добуш берүүнүн жыйынтыгына караганда, 60 депутаттын 42си Данияр Үсөновго каршы добуш берди. Ал эми Камбараалы Конгантиев башкы прокурордукка парламенттен 57 добуш менен макулдук алды.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG