Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:40

РОЗА ОТУНБАЕВА: "СОТ УШУНДАЙ ЧЕЧИМ ЧЫГАРАРЫН КҮТКӨМ"...


Мурдагы тышкы иштер министри, “Ата-Журт” саясый кыймылынын теңтөрайымы Роза Отунбаева менен маек.

- Роза айым! Мына №1-Университет аймактык шайлоо комиссиясы сиздин талапкерлигиңизди четке каккан чечимин чыгарды. Сиз ал тууралуу сотко кайрылдыңыз эле. Сот сиздин арызыңызды канааттандырган жок. Сот чечимине кандай дейт элеңиз

- Мындай дейт элем. Биздин сот, негизи эле соттор жалпысынан менин оюмча Кыргызстанда профессионалдык соттор эмес. Көз каранды, саясый буйрукту аткарып жаткан соттор. Айтайын дегеним төрт саат укпай эле, чечимин окуп берип койсо болмок экен да. Анан калп эле угумуш болуп, бир киши ошентип эле менин тагдырымды чечип коет экен. Мен жөнүндө: “Мына беш жыл бул жерде болгон жок. Эки ай болду келгенине. Демек, такыр парламенттик шайлоого катышууга укугу жок. Болууга да эч мүмкүнчүлүгү жок” дегендерди уктум. Мен жөнөкөй эле түшүнүк берсем. Кудай жалгап бизде, Кыргызстанда абдан билимдүү, сабаттуу юристтер көп. Менин укугумду жактап, түшүндүрүп берип атат. Биринчиден Баш мыйзамда жазылат. Акыркы беш жыл Кыргызстанда жашабаган адам талапкерлигин коюуга болбойт экен. Мунун мага тиешеси жок. Эмне себептен? Ушул эле мыйзам боюнча үч жолу Чынгыз Айтматов депутат болгон. 2002-жылы Үсөн Сыдыков өткөн. Жүз процент мен жакта чындык. Мына Конституциянын 22 беренесинде мынтип жазылат. Бул укук ар бир адамга тең деп. Менин юристтим сотко баарын мыйзамдын тили менен ар бир күнүмдү эсептеп, аныктап берди. Бирок, ошого карабай саясый буйрукту аткарып койду. Мен соттун чечимине таң калдым деп айта албайм. Мен ушундай болорун күткөм. Анткени саясый буйрук сотко чейин түшүп атат. Мен буга нааразы эмесмин. Себеби биз системаны азыр өзгөртө албай атабыз да. Бул Кыргызстандагы жалпы кырдаалды түшүндүрөт.

- Сөзүңүзгө аралжы. Өзүңүз да айтып кеттиңиз, мыйзам чыгаруу палатасы өзгөртүүлөрдү киргизген экен деп. Мына 17-январда мыйзам чыгаруу палатасы шайлоо Кодексиндеги беш жыл жашоосу керек деген мыйзамды караганы жатыптыр. Анын оң чечилерине көзүңүз жетеби?

--Өкмөт тарап мындай деп айтып жатпайбы. “Текебаев, Мадумаров жана башка депутаттар ушундай беренени киргизип коюп, жыргап жүрүшөт. Өздөрү койгон кайырмакка өзүлөрү илинип калды”деп . Мына биз, дипломаттар каршы чыгып атабыз. Укугубузду коргогонго аракеттенебиз. Эми депуттар мойнуна алып, оңдойлу деп иштеп жатышат. 17-январда бул маселе каралат деген үмүтүбүз бар.

- Роза айым мына сиздин укугуңузду коргоп чыккан саясый акция улантылат деп айтышты пикетке чыккандар. Бирок сиз, өзүңүз деле айтып жатпайсызбы, соттун жана башка жактардын саясый бурукту аткарып жатканын. Кандай дейсиз пикет_ митинг токтотулабы? Же....

--Биринчиден менин укугумду коргоо комитети түзүлгөн. Алар жүргүзүп жатышат ал акцияны. Биз болсо беш саясый күчтөр биригип, укугубузду коргоо максатында акция жасайбыз же бир башка иш-чараларды көрөбүз деген чечимибиз бар. Саясый акцияны убактылуу токтотолу деп чечкенбиз. !7-январды күтөлү. Парламент кандай чечим кабыл алат. Бул жерде менин эле укугум чектелип жаткан жери жок. Төрт элчинин, жакшы-жамандыр эл-журтка төбөсү көрүнгөн адамдардын укуктары тебеленип жатат.

- Роза айым бир суроого токтоло кетсеңиз. Өкмөттүк маалымат каражаттарында сиз, Отунбаева жөнүндө басылып жатпайбы. Ушул материалдарга кандай карап жатасыз?

--Мен ойлойм. Жаз десе жазат да. Мен ишенем. Булар деле бир күнү ойгоноттур.

XS
SM
MD
LG