Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:47

ШАЙЛОО: РОЗА ОТУНБАЕВАНЫН ТАЛАПКЕРДИГИ МАСЕЛЕСИ БОЮНЧА ТҮН ЖАМЫНЫП КАБЫЛ АЛЫНГАН ЧЕЧИМ НААРАЗЫЛЫК ТУУДУРДУ


Айданбек Акмат уулу, Бишкеk Бүгүн (6-январда) кечки саат 11:00де Бишкектеги №1 Университет шайлоо округу боюнча шайлоо комиссиясы чукул жыйын курду. Комиссия өзү мындан беш саат мурун кабыл алган чечимин жокко чыгарды. Кечке маал шайлоо комиссиясы оппозициячыл “Атажурт” кыймылынын теңтөрагасы, мурдагы тышкы иштер министри жана Кыргызстандын Улуу Британиядагы мурдагы элчиси Роза Отунбаеваны №1 Университет шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер деп каттаган эле. Оппозиция мурдагы чечимди жараксыз тапкан соңку чечимди саясий мүдөө менен жасалган мыйзамсыз кадам деп баалоодо.

№1 Университет шайлоо округу боюнча шайлоо комиссиясынын кечки саат 11:00де өткөн жыйынына комиссиянын он беш мүчөсүнүн он бири, Бишкек шаардык шайлоо комиссиянын төрагасы Алексей Тергалинский, Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары, өкмөттүк эмес уюмдардын лидерлери катышты.

Жыйынды ачкан округдук шайлоо комиссиясынын төрайымы Инна Ким талапкер Роза Отунбаеваны каттоодо “Шайлоо кодексинин” 18-беренесинин 7-бөлүгү бузулган деген оюн мындайча билдирди:

- 18-берененин 7-бөлүгүнүн талабына ылайык, талапкерди каттоо, каттоону жокко чыгаруу тууралуу чечим шайлоо комиссиясынын көпчүлүк мүчөлөрү тарабынан кабыл алынат. Беш саат мурун болгон жыйында талапкер Роза Отунбаева катталсын деп, шайлоо комиссиясынын 7 гана мүчөсү добуш берген. Ошондуктан ал чечимибиз ката болуп калган. Эми кайрадан чечим кабыл алуу үчүн чукул жыйын чакырдык.

Анын мындай сунушуна округдук шайлоо комиссиясынын бир гана мүчөсү (Алиев) каршы чыкты. Ал биз мыйзамдуу чечим кабыл алганбыз. Анын туура эместиги сот аркылуу гана аныкталыш керек, деген пикирин билдирди.

Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Болот Шерниязов округдук шайлоо комиссиясын ойлонуп туруп чечим кабыл алууга чакырды:

- Бул күн шайлоо тарыхында шерменделик катары кирип калат. №1 Университет округдук шайлоо комиссиясына интеллектуалдар чогулгансыңар, силердин жыйыныңарда кворум болсо, мыйзам чегинде көпчүлүк добуш менен чечим кабыл алсаңар, анан ал чечимди жокко чыгарууга эмне, кандай күч мажбур кылды? Атуулдук ар-намысты сактагыла. Ансыз атуулдук коомду кура албайбыз. Андан сырткары айтаарым, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан мыйзам бузуу - кылмыш.

Атуулдук коомдун өкүлдөрү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн атуулдук позицияны сактоого, кабыл алган чечимди өзгөртпөөгө чакырды.

Бишкек шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Алексей Тергалинский болсо ал чечимди мыйзамсыз деп баалаарын айтып, комиссия тарабынан жаңы чечим кабыл алынышы керек деген пикирин билдирди.

Мына ушундай талаш-тартыштын соңунда округдук шайлоо комиссиясынын төрайымы Инна Ким кандайдыр-бир чечим кабыл алуу боюнча сунуш айтууну комиссия мүчөлөрүнө сунуштады.

Шайлоо комиссиясынын катчысы Людмила Трофименко мурда кабыл алынган чечимди жокко чыгаруу үчүн добуш берүү сунушун киргизсе, Алиев ал чечимди күчүндө калтырууну сунуштады.

Добуш берүүдө Людмила Трофименконун сунушун колдоп, жыйынга катышып отурган шайлоо комиссиянын 11 мүчөсүнүн 9у добуш берди. Бирөөсү каршы чыкты, дагы бири добуш берген жок.

Беш саат мурун болгон жыйында Роза Отунбаеванын депутаттыкка талапкер катары катталуусуна “макул” деп комиссиянын 7 мүчөсү добуш берип, каршы болуп - экөөсү добуш берген, эки анжы бойдон экөөсү калган.

“Эгерде ал жыйында комиссия мүчөлөрүнүн 8и катталсын деп добуш бергенде, ал комиссиянын жалпы курамынын көпчүлүгүнүн добушу катары мыйзамдуу болмок”, дейт Инна Ким.

Шайлоо комиссиянын төрайымы Инна Кимдин айтымында, кечки саат он бир жарымда кабыл алынган чечимге ылайык, округдук шайлоо комиссиясы талапкер Роза Отунбаеваны №1 Университет шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына каттоодон баш тартты.

Ошондуктан мурдагы чечим күчүн жоготту, деди Ким айым.

Шайлоо кодексинин 27-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык шайлоо комиссиясы каттоодон баш тартуунун себебин айтууга тийиш. Бирок Инна Ким аны айтуудан баш тартып, маселе эми каралбай тургандыгын билдирсе, Бишкек шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Алексей Тергалинский Роза Отунбаеванын арызы округдук шайлоо комиссиясында кайра каралат, деп айтты.

Шайлоо комиссияларынын жетекчилеринин мындай карама-каршы билдирүүлөрү жыйынга күбө болгон укук коргоочулардын, эркин журналисттердин жана саясатчылардын нааразылыгын ого бетер курчуткансыды. Алар жума күнү маалымат жыйынын өткөрүүгө беленденүүдө.

Алардын “Азаттыкка” маалымдашынча, округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн түн жамынтып шашылыш чогултуп, беш саат мурун кабыл алган чечимин изин суутпай жокко чыгартуунун өзү бийликтин парламенттик шайлоо алдындагы шайлоо комиссияларына карата жасаган кысымынын бир көрүнүшү болуп саналат.

Азырынча Бишкектеги Акүй менен Борбордук шайлоо комиссиясы бул окуяга карата өз баасын бере элек.

XS
SM
MD
LG