Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:24

ВИКТОР БУТАНАЕВ: "ТЕҢИРЧИЛИК МЕНЕН ШАМАНЧЫЛЫКТЫН АЙЫРМАСЫ АСМАН МЕНЕН ЖЕРДЕЙ "


Алтай-Саян аймагы байыркы кыргыздардын түп мекени деп саналаары тарыхтан белгилүү. Бирок ошол жерлердеги кыргыздарга тили тектеш хакас жана алтай элдеринин диний ишеними кандай?

Алтай-Саян өрөөнү тарыхта байыркы кыргыздардын түп мекени катары белгилүү. Бүгүн бул жерлерде бизге тили тектеш алтай жана хакас элдери жашайт. "Мына ушул элдердин туу туткан дини кандай?" "Эмне үчүн ал жердеги бир эле эл түрдүү диний ишенимдерге кирип кетишкен?" "Эмнеликтин бири буддизмди, бири шаманчылыкты, дагы бири теңирчиликти туу тутушат?" Биз ушундай суроолор менен белгилүү окумуштуу, этнограф, Хакас университетинин профессору Бектур Бутанаевге кайрылганыбызда мындай деген эле:

- Бурханчылык дегендин өзү эле теңирчилик. Ал эми бул экөөнүн айырмасы эмнеде? Теңирчиликте эң башкы күч - киши, же адам каган болуп эсептелсе, бурханчылыкта эң башкы күч Бурхан кызы, же өз өмүрүн өз учурундагы жашоого арнап өткөн аял эсептелет, - деген ойдо Бутанаев.

-Бизде акыркы жылдары теңирчилике кызыгуу кыйла күчөдү. Сиз ал тууралуу жазылган китептер менен тааныша алдынызбы?

- Мен силерде жарык көргөн “Теңирчилик” аттуу китепти карап көрдүм. Тилекке каршы теңирчилик жөнүндө жазып жаткан авторлор менимче шаманизм менен теңирчиликтин айырмасын чындап эле билбей жаза беришет экен. Шаманизм деген диний уруучулуктун башаты болгон. Шаманизмди туу туткан адамдар өз жерлериндеги тоо-таштарга гана сыйынышкан. Ал эми теңирчилик деген көк асман, көк теңир, теңирчилик менен көккө сыйынуу кошо келген. Теңирчилик деген жалпыга бирдей таандык кудайга табынуу. Демек шаманчылык менен теңирчиликтин айырмасы асман менен жердей.

-Алтайда "акжаян" аттуу диний ишеним бар экенин көргөн элек?

- Акжаян дегендер буддизмге жакын. Анын теңирчиликтен айырмачылыгы - акжаянда хрисиан динин таасирин жолуктурууга болот. Эмне үчүн акжаян же “белая вера”, бул - ак хан же ак падыша дегенден келген. Мында да көп Кудайга эмес, бир Кудайга ишенүү идеясы бар,- деди көрүнүктүү тарыхчы Бутанаев.
XS
SM
MD
LG