Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Ак үй армян кыргынын "геноцид" деп атабайт


Армян "геноцидинин" 100 жылдыгына тургузулган эстелик. Эрбил шаары, Ирак. 18-апрель 2015
Армян "геноцидинин" 100 жылдыгына тургузулган эстелик. Эрбил шаары, Ирак. 18-апрель 2015

АКШ өкмөтү Осмон султандыгы тушундагы армян кыргынын сыпаттоодо “геноцид” деген сөздү колдонбойт.

Бул жөнүндө Ак үйдүн аппарат башчысы Д. Макдоноу жана президенттин Улуттук коопсуздук боюнча орун басар кеңешчиси Б. Родс Америкадагы армян жамаатынын жетекчилери менен кездешкенден кийин маалымдалды.

Расмий маалымдалгандай, 21-апрелде Вашингтондо болгон кездешүүдө 1915-жылы бүгүнкү Түркиянын аймагында болгон армян кыргынынын 100 жылдыгын белгилөөнүн чоо-жайы талкууланды. Кошмо Штаттар бул зыяпатты пайдаланып, болгон окуяларды кеңири, ачык жана калыс таанууга чакырат. Анткени бул бардык тараптардын кызыкчылыгына жооп берет деп билдирди Ак үй жолугушуудан соң.

Америкадагы армяндардын улуттук комитетинин башчысы Арам Гамбаряндын билдиришинче, жолугушууда президент Барак Обама 24-апрелде трагедия курмандыктарын эскерүү салтанатында “геноцид” деген сөздү колдонбойт деп айтылган. Ал “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна телефондон курган маегинде Ак үйдүн берегидей чечимине армян жамааты аябай нааразы болгонун, бул АКШ өкмөтүнө армян кыргынына байланыштуу эмне сүйлөгөндү Анкара таңуулап калганын көрсөтөт деди:

- Иш жүзүндө өлкө катары Армян геноциди жөнүндөгү саясатыбызды Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга өткөрүп бердик. Биз ага, бөтөн өлкөнүн лидерине адам укугуна байланыштуу маселеде бизге эмне сүйлөө керектигин таңуулаганына жол бердик.

Барак Обама 2008-жылкы шайлоо өнөктүгү учурунда президент болуп шайланчу болсо, “армян геноцидин тааныйм” деп убада кылган. Ал кезде Обама сенатор эле.

Конгресстин Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Адам Шифф президент Обаманын чечими купулуна толбогонун билдирди. “АКШ узак жылдар бою адам укугу жаатында маяк болгонуна, зулумдукка жана өзүнүн да, башкалардын да тарыхындагы жагымсыз окуяларга каршы турганына сыймыктанып келген. Буга президенттин же Конгресстин геноцидди танган саясаты кайчы келет” дейт демократ Шифф.

Армяндар жана көпчүлүк тарыхчылар ырастагандай, 1915-жылкы “геноцидде” 1,5 миллион чакты армян кырылган. Алаамат окуяны бир катар мамлекеттер, ал эми 14-апрелде Европа парламенти да “геноцид” деп расмий түрдө тааныган. Өткөн аптада бул терминди Рим католик чиркөөсүнүн адыйы Франциск колдонуп, Анкаранын кыжырына тийген.

Жооп ирети Түркия Ватикандагы элчисин чакыртып алган.

Кандуу булоондун 100 жылдык мааракеси 24-апрелде Арменияда белгиленет. Ага америкалык делегацияны финансы министри Жэкоб Лью баштап барат.

Түркия армяндар көптөгөн түрктөрдүн да өмүрүн жуткан ич ара согуштун курмандыгы болгон деп, алааматты “геноцид” деп атоого карамандай каршы. Бирок премьер-министр Ахмет Даутоглу 100 жыл мурдагы кандуу булоондо жайран болгон армяндардын урпактарына үстүбүздөгү аптада көңүл айтты.

Кээ бир серепчилердин байкашынча, эгер эле Анкара “геноцидди” таанычу болсо, бир кылым илгери кыргынга кабылган армяндардын тукумдары аларга келтирилген чыгымдарды төлөп берүүнү талап кылып, сотко даттана баштайт.

21-апрелде АКШ мамкатчысы Жон Керри жана президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Сюзан Райс Вашингтондо Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен жолукту. Кабарчыларга маалымдалгандай, кездешүүдө не Керри, не Чавушоглу Армения же 24-апрелде болчу маараке тууралуу сөз кылышкан эмес. Райс Чавушоглуну “Армения менен байланышты жакшыртуу үчүн конкреттүү кадамдарды жасоого жана 1915-жылкы зулумчулуктар тууралуу Түркияда ачык талкуу өткөрүүгө” чакырган.

XS
SM
MD
LG