Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:53

Академик Андрей Сахаров (1921-1989): Адилеттик деп жүрөгү соккон илимпоз


Академик Андрей Сахаров 7 жылдык сүргүндөн соң Москвага кайтып келди. Ярослав темир жол бекетинде. 1986-жылдын 22-декабры. ТАССтын сүрөтү.
Академик Андрей Сахаров 7 жылдык сүргүндөн соң Москвага кайтып келди. Ярослав темир жол бекетинде. 1986-жылдын 22-декабры. ТАССтын сүрөтү.

21-майда көрүнүктүү коомдук ишмер, укук коргоочу жана физик окумуштуу Андрей Сахаровдун 90 жылдык мааракеси дүйнө жүзүндө кеңири белгиленди. Советтик өзөктүк бомбанын авторлорунун бири Андрей Сахаров диссидент жана укук коргоочу катары да өзгөчө таанымал эле. Ал 1980-жылы Горький шаарына сүргүнгө айдалып, 1986-жылы гана Москвага кайткан. 1989-жылы СССР Эл депутаты болуп шайланган.


Андрей Дмитриевич Сахаров (1921-1989) – советтик жана орусиялык ири окумуштуу, физик, СССРдеги алгачкы суутек өзөктүк бомбасынын авторлорунун бири, коомдук ишмер, укук коргоочу, диссидент, Нобел Тынчтык сыйлыгынын лауреаты.

Ал 1921-жылы Советтик Орусиянын борбору Москва шаарында туулган.

Бала чагы ордо шаар Москвада өткөн. 1938-жылы Москва Мамлекеттик Университетинин физика факултетине тапшырат.

1941-жылы аскердик академияга тапшырууга аракет кылат, бирок саламаттыгынын акыбалына байланыштуу ага кабыл алынбайт. 1941-жылы Ашгабатка эвакуацияланат. 1942-жылы университетти ийгиликтүү аяктайт.

1942-жылы Курал-жарак эл комиссардыгынын карамагына, андан Ульяновск шаарындагы патрон ишканасына жиберилет.

1943-1944-жылдары өз алдынча бир канча илимий эмгек жазып, аларды Орусия ИАсынын П.Н.Лебедев атындагы Физика институтуна жиберет. 1945-жылы институттун аспирантурасына сынак тапшырып, окуусун баштайт.

1947-жылы канддаттык диссертациясын жактайт.

1948-жылы СССРдин жылуулук өзөктүк куралды иштеп чыгуучу атайын иликтөө тобуна кошулуп, 1968-жылга чейин бул топто иштейт жана алгачкы советтик суутек бомбасын долбоорлоо жана өндүрүү иштерине салым кошот. Анын чийген долбоору боюнча суутек бомбасын өндүрүү ыкмасы “Сахаровдун кыртыштык катмары” деген ат менен белгилүү.

1953-жылы физика-математика илимдеринин доктору болуп калды. Ошол эле жылы 32 жашында СССР ИАсынын анык мүчөсү болуп шайланган.

Укук коргоо жаатындагы ишмердиги

1950-жылдардын соңунан тартып өзөктүк куралдарды өндүрүүгө жана сыноого каршы ырааттуу чыга баштаган.

1963-жылы кабыл алынган Үч чөйрөдө өзөктүк сынактарды өткөрүүгө тыйуу салуу жаатындагы Москва келишимине кол коюуга иштиктүү салым кошкон.

1968-жылы “Прогресс, тынчтыкта жанаша жашоо жана интеллектуалдык эркиндик тууралуу ой жүгүртүү” («Размышления о прогрессе, мирном сосуществовании и интеллектуальной свободе») деп аталган брошюрасын жазган. Бул китепче көптөгөн мамлекеттерде жарык көргөн.

1970-жылы “Адам укуктары боюнча Москва комитети” (Комитет прав человека в СССР – Московский Комитет прав человека) деп аталган уюмдун үч негиздөөчүсүнүн бири болгон.

1972-жылы Елена Георгиевна Боннэрге үйлөнгөн.

1974-жылы маалымат жыйынын уюштуруп, “СССРдеги саясий камактагыларды эскерүү күнү” деген чаранын өткөрүлгөнү тууралуу жарыя кылган.

1975-жылы “Өлкө жана дүйнө тууралуу” («О стране и мире») деген китебин жарыялаган.

Ошол эле 1975-жылы Сахаровго Нобел Тынчтык сыйлыгы ыйгарылган.

1977-жылы сентябрда Өлүм жазасы маселелери боюнча уюштуруу комитетине кат жазып, анда дүйнөдөгү өкмөттөрдү (анын ичинде СССР бийлигин) мамлекеттерде өлүм жазасын биротоло алып салууга чакырган.

1979-жылы декабрда жана 1980-жылы январда бир катар билдирүүлөр менен чыгып, советтик аскерлердин Ооганстанга басып киришин жана Ооган согушун (1979-1989) айыптаган.

Бул билдирүүлөр Батыштын бир катар басылмаларында негизги макала катары жарык көргөн.

Камак жана сүргүн

Андрей Сахаров 1980-жылы 22-январда үйүнөн кызматына бараткан жолдо камакка алынган.

Жубайы Елена Георгиевна Боннэр экөө эч кандай соттун чечимисиз эле Горький (азыркы Нижний Новгород) шаарына сүргүнгө айдалган.

Ошол эле жылы СССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун атайын жардыгына жана СССР Министрлер Кеңешинин токтомуна ылайык Андрей Сахаров бардык советтик жогорку сыйлыктарынан жана наамдарынан (Үч жолку Социалисттик Эмгектин Баатыры, Сталин сыйлыгынын лауреаты, Ленин сыйлыгынын лауреаты, ж.б.) ажыратылган.

Анын СССР ИАсынын академиги наамы гана сакталып калган.

Горький шаарында жүргөндө А.Сахаров үч ирет узак мөөнөттүк саясий ачкачылык уюштурган.

Акыры, 1986-жылдын соңунда гана “Кайра куруулар” доорунун шарапаты менен Сахаров жана анын жубайы Елена Боннэр сүргндөн Москвага кайтып келген.

1989-жылы мартта Сахаров эл депутаты болуп шайланды. Ал шайлоочуларга мындайча кайрылып ыраазылыгын айткан:

- Чоң ыракмат! Ишенимиңиздерди актоого тырышам. Чындап эле абдан толкунданып жатам!

Сахаровдун жесири Елена Боннэр ошол доорду мындайча эскерет:

- Мен Андрейдин Эл депутаттар курултайына шайланышына каршы болгом. Башка кишилердей эле, 1988-жылдын соңу – 89-жылдын башындагы маанайдан менин деле башым айланып калган. Ошонун айынан ага деле мейли деп койгом.

Андрей Сахаровдун СССР Эл депутаты катары жигердүү ишмердиги Советтер Биримдигиндеги саясатчылардын реформатордук канаты үчүн өзгөчө олуттуу дем-күч болгон.

Эмесе, анын СССР Эл депутаттарынын курултайында ошол кездеги КПСС Борбордук Комитетинин Баш катчысы жана СССРдин лидери Михаил Горбачев менен кайым айтышуусунан үзүндү келтирели.

Сахаров:
- Сөз өзөгү мындайча: Ооганстандагы согуштун өзү кылмыш болгон, ал белгисиз бирөөлөр тарабынан жүзөгө ашырылган кылмыштуу авантюра болуп калды. Мекенибиздин бул ири кылмышы үчүн ким жоопкерчилик тартаары да белгисиз. Миллион киши набыт кетти. Дал ушул жагдай - оор күнөө, оор жеме болуп мойнубузга тагылды. Биз өзүбүз дал ушул шермендечиликтен арууланышыбыз керек. Бул шермендечилик биздин жетекчилигибиздин мойнунда, анткени бул баскынчылыкты жетекчилик эл эркине каршы, аскерлердин эркине каршы жүзөгө ашырды!

Горбачев:
- Андрей Дмитриевич!

Сахаров:
- Дагы айта кетсем, мен Ооганстанга советтик аскерлерди киргизүүгө каршы чыккам. Мунун айынан мени Горький шаарына сүргүнгө айдашкан. Дал ушул оюм сүргүнгө жиберилишим үчүн башкы себеп болгон. Мен бул турумум үчүн сыймыктанам. Мен Горький шаарына сүргүнгө айдалганым үчүн сыймыктанам. Бул мага берилген сыйлык болуп калды!

Горбачев:
- Жетишет, (убакыт) бүттү!

Сахаров:
- Менин бул сөзүм өзөккү мааниге ээ, ошондуктан сөзүмдү уланта берем!

Сахаров:
- Эми... Биз сталинизмден улуттук-конституциялык түзүлүштүн кыртышында пайда болгон улуттар аралык көйгөйлөрдү мураска алдык. Бул түзүлүш империячыл ой жүгүртүүнү жана “жиктеп алып, бийлей бер” деген ири дөөлөтчүл саясаттын кесепетин камтыйт.

Советтер Биримдигиндеги майда улуттар жана союздук жумурияттарга акимдик башкаруу негизинде киргизилген чакан этностук түзүлүштөр дал ушул мурастын курмандыгына айланышты. Алар ондогон жылдар бою улуттук эзүүгө дуушар болуп келишти.

Ушул тапта бул көйгөйлөр өтө олуттуу деңгээлде жогору калкып чыкты! Бирок чоң улуттар да, алардын ичинде орус улуту да, бул көйгөйлөрдөн берки элдерден аз эмес деңгээлде жабыр тартышты.

Горбачев:
- Сизге регламентке ылайык берилген убакыт бүттү.

Сахаров:
- Мен аяктап жатам. Мен бардык кыскартчу жерлерди кыскартып жатам. Мен (тексттен) көп нерсени калтырып кетип жатам.

Горбачев:
- Сизге регламентке ылайык берилген убакыт бүттү. Мени кечирип коюуңузду суранам. Болду эми, жолдош Сахаров! Сиз курултайды сыйлайсызбы, же жокпу?
А.Сахаров менен М.Горбачевдун кайым айтышуусу. 1989-жыл.
Сахаров:
- Ооба, мен курултайды сыйлайм, бирок мен - элди сыйлайм. Ушул тапта мени эл угуп жатат. Мен жалпы адамзатты сыйлайм...

Горбачев:
- Жетишет! Эки эле сөз... Текстиңизди ала кетиңиз. Байболгур, аны ала кетиңизчи!



Мыйзамчы жана атуул

А.Сахаров мырза 1989-жылдын ноябрында СССРдин Конституциясынын жаңы долбоорун даярдап, сунуш кылган.

Анда инсандын укуктары жана бардык элдердин мамлекеттүүлүккө болгон укугу кепил кылынаары белгиленген.

СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачев академик Сахаровго астейдил мамиле жасоого далаалат кылганын мындайча эскерет:

- Ал (отурумдарда) көп ирет чыгып сүйлөдү. Мен дайыма анын чыгып сүйлөөсүнө мүмкүндүк берүүгө далаалаттандым. Экөөбүздүн ортобузда мамиле пайда болду. Менимче, бири-бирибизге ишеним жаралды.

Ал эми Сахаровдун жесири Елена Боннэр болсо маркум күйөөсү чын-чынына келгенде Горбачевго шарттуу гана колдоо көрсөткөнүн айтат:

- Ал кандайдыр-бир жаңы ой-пикир пайда болгонун туйду, бирок ошого карабастан ал Горбачевго салыштырмалуу колдоо көрсөтөөрүн, бул колдоо анын эмне иш жасаганына байланыштуу экенин акыркы деми калгыча айтып жүрдү.


Илимдеги салымдары

Андрей Сахаров – коркунучтуу өзөктүк куралдардын бири - суутек бомбасын дүйнөдө алгачкы жолу иштеп чыккан мурдагы СССРдеги бул бомбаны түзүүчүлөрдүн бири.

Ал магниттик гидродинамика, плазма физикасы, башкарылчу жылуулук өзөктүк синтез, өтө жөнөкөй бөлүкчөлөр физикасы, астрофизика, гравитация жана башка илимий тармактарда да эмгектер жазган.

Болочокто, балким, 50 жылдан кийиндир, бүткүл дүйнөлүк маалымат системасы (ДМС) түзүлөт ко деп жоромол кылам. Бул система ар бир кишиге ар мүнөттө качандыр-бир убакытта жана кайсы бир жерде болсо да жарыяланган ар кандай китептин мазмунун, ар кандай макаланын жана маалыматтык кагаздын мазмунун дароо жеткире алат...

Маалыматтарга караганда, Андрей Сахаров интернеттин жалпы адамзат үчүн маалымат таркатуу каражаты катары жаркын болочогу тууралуу тээ 1974-жылы эле “көзү ачыктай” эле жоромол айткан.

Жалпыга белгилүү болгондой, интернеттин төрөлүш датасы катары 1969-жылдын 29-октябры кабыл алынып жүрөт.


Кызык жери, бирок тээ 1974-жылы эле Андрей Сахаров өзүнүн “Дүйнө жарым кылымдан кийин” деген макаласында мындай деп жазган:

Болочокто, балким, 50 жылдан кийиндир, бүткүл дүйнөлүк маалымат системасы (ДМС) түзүлөт ко деп жоромол кылам. Бул система ар бир кишиге ар мүнөттө качандыр-бир убакытта жана кайсы бир жерде болсо да жарыяланган ар кандай китептин мазмунун, ар кандай макаланын жана маалыматтык кагаздын мазмунун дароо жеткире алат... Азыркы көптөгөн замандаштарыбыздын негизги маалымат булагы болуп калган сыналгыдан айырмаланып, ДМС ар бир кишиге маалымат алууда максималдык эркиндикти жаратат жана алардын жекече инсандык жигердигин талап кылат”.


Андрей Сахаров тууралу аңыз кептерден

Бир кездери Орусия ИАсынын П.Н.Лебедев атындагы Физика институтунун теориялык иликтөөлөр бөлүмүнүн башчысы болгон жана кийин физика илимдери боюнча Нобел сыйлыгын алган Игорь Евгеньевич Тамм (1895-1971) студенти Андрей Сахаровдон Эйнштейндин салыштырмалуулук теориясы боюнча сынак (экзамен) алып калат.

Оболу Тамм бул студентке үч койуп чыгарып жиберет.

Анан ал түнүчүндө сынакты чогуу алган Михаил Александрович Леонтовичке (1903-1981) кайра телефон чалып, туура эмес баа коюп алганын, бул теория жөнүндө сынак алган окутуучулардын эмес, студенттин ою туура болуп жатканын мойнуна алган экен.

Кийинчерээк Тамм мырза Андрей Сахаровду өзүнүн шакирти кылып алган.


Эс тутум

1989-жылдын 14-декабрында Андрей Сахаров акыркы жолу Кремлге келип, СССР Эл депутаттарынын 2-курултайынын Чөлкөмдөр аралык депутаттык тобунун отурумуна катышып, чыгып сүйлөгөн.
Елена Боннэр маркум күйөөсү Андрей Сахаровдун табытынын жанында. Москва ш. 1989-жылдын 18-декабры.

Ошол күнү кечинде жүрөгүнөн кармап өз батиринде каза болгон.

1979-жылы академик А.Д.Сахаровдун ысымы бир астероидге ыйгарылган.

1984-жылы августта Нью-Йоркто 67-көчө менен 3-авенюнун кесилиши “Сахаров-Боннер бурчу” деп аталган.


Ал эми Вашингтондогу ошол кездеги СССРдин элчилиги да жайгашкан аянт “Сахаров аянты” (Sakharov Plaza) деп аталган.

Москва шаарында Академик Сахаров проспекти жана А.Д.Сахаров атындагы коомдук борбор жана музей бар.

Нижний Новгород шаарында А.Д.Сахаровдун музейине айландырылган батир бар. Бул батирде ал жети жыл бою сүргүндөгү убактысын кечирген.
Нижний Новгород шаарында 1992-жылдан бери Сахаров атындагы Эл аралык көркөм өнөр фестивалы өткөрүлүп келет.

Беларуста А.Д.Сахаров атындагы Эл аралык мамлекеттик экологиялык университет бар.

1988-жылы Европарламент Андрей Сахаров атындагы “Ой жүгүртүү эркиндиги үчүн” сыйлыгын негиздеген, бул сыйлык жыл сайын адам укуктары жаатында айрыкча иш жүргүзгөндөргө ыйгарылып келет.

1991-жылы СССР почтасы А.Д.Сахаровго арналган марка чыгарган.

Германиянын Нүрнберг шаарында Андрей Сахаров атындагы аянт (Andrej-Sacharow-Platz) бар.

Ереванда (Арменияда) А.Д.Сахаров атындагы аянтта анын эстелиги тургузулган. №69 мектеп да анын ысымын алып жүрөт.

Быйыл 20-21-майда Москвада өтүп жаткан “Андрей Сахаров: 2011-жылдагы санааркоолор жана үмүттөр” аттуу эл аралык жыйын академик А.Д.Сахаровдун 90 жылдык мааракесине багышталды.

Академик окумуштуу жана укук коргоочу Андрей Сахаровдун өмүр жолу тууралуу узун сабак кеп эми гана башталууда.

Кыргызстандагы демократиячыл күчтөр да Андрей Сахаровдун элесине багыштап ар кыл жыйындар өткөрүп келишет.

XS
SM
MD
LG