Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 17:07

Кыргызстан

Майкл Андерсен: Батыш медиасы жаңылат

Майкл Андерсен - акыркы 10 жылдан бери Борбор Азиянын ар кайсыл аймактарында жашап, иштеген даниялык журналист. Ал дүйнөдөгү белгилүү маалымат каражаттары Кыргызстандын түштүгүндө болгон атышууларды “кыргыздар менен өзбектер ортосундагы этникалык согуш” деп аташканына нааразы экенин билдирди.

Майкл Андерсен
Текст көлөмү - +
Майкл Андерсен: Тилекке каршы, дүйнөдөгү эң абройлуу маалымат каражаттары Кыргызстандын түштүгүндөгү окуяларды “этникалык кагылышуу, этникалык тазалоо” деп, аларга натуура баа берип жатышат. Мен буга таптакыр кошулбайм. Бул канчалык опурталдуу экенин түшүнүү керек. Бул кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы уруш эмес, кичинекей кылмыш топторунун, бандиттердин конфлигинен тутанган окуя. Батыштагы медиа ушуну алигече түшүнбөй жатканы мени аябай кыжаалатка салат.

Төрөкул Дооров: Сиз өзүңүз Ошто төрт жыл жашап, чет-өлкөлүк журналист катары иштедиңиз. Ал жактагы кыргыздар менен өзбектерди ушундай карама-каршылыкка, урушка алып келчү кандайдыр бир себептерди буга чейин байкадыңыз беле?

Оштогу атышуулар үчүн жаатташкан тараптар бири-бири айыптап жатышат
Майкл Андерсен:
Мен Ошто жашап жүргөндө өзбектер менен кыргыздар бири-биринин жинине тийип, от жандырып жиберчү нерселерден качканга аракет кылышканын билем. Балким, адамдар 90-жылдардагы кагылышуулардын кайталанышынан чочулашса керек. Ошондуктан ортодо бирин-экин майда араздашуу болсо да, аны тезирээк чечип, тынчтанууга аракет кылышчу. Муну Ошто жашаган башка чет-өлкөлүктөрдөн сурасаңыз да болот.

Башка өлкөнүн адамы катары мен, маселен, “Эртең согуш болуп кетиши мүмкүн” деп такыр ойлогон эмесмин. Анткени кыргыздар өзбектер менен, өзбектер кыргыздар менен дос күтүп, кыз алып, кыз бергендер бар. Адамдар бирге иштешет, бирге мектепке барышат дегендей. Азыр Батыштын бир өлкөсүндө же Москвада жылуу кабинетте отуруп алып, Ошту өмүрүндө көрбөй, бул жактагы чыныгы абалды билбей туруп, “ал жакта этникалык тазалоо болуп жатат” деп жазган журналисттер көп болуп жатат. Биз эми андай стереотиптүү деңгээлден көтөрүлүшүбүз керек. Анткени ал чындыкты көрсөтпөйт.

Төрөкул Дооров: Майкл, сиз Оштогу дос-тааныштарыңыз менен сүйлөшкөндө атышуулар болгон күндөрдөгү окуялар жөнүндө эмнелерди угуп жатасыз?

Майкл Андерсен: Менин көптөгөн өзбек тааныштарым ал оор күндөрдө алардын кыргыз достору ошол өзбектерди өздөрүнүн үйлөрүндө же коопсуз жайларда жашырып, коргошконун айтып жатышат. Кыргыздар менен өзбектер көптөн бери эле дос болуп келишкен. Мына ушундай опурталдуу учурда да алар достугун сактай алышты. Бул өзү түштүктөгү окуялар “этникалык согуш” эмес экенин айгинилеген ачык далил.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Озум эле каяктан: Москвадан
21.06.2010 17:11
Mike weight the Kirghiz people are happy to you! Good luck to you!

кимден: Бактыгул каяктан: Турция
20.06.2010 03:47
Жогорудагы мекендештерибиздин айткандарына толук кошулам. Тополон башталганда кээ бир чет элдик каналдардын коргозгону(кыргыздар жакыр болгондуктарынан озбектерди коро албай кырып жатышыптыр,анткени озбектер бай иш жерлери бар)деп да коргозушту. Информация кетип жатат,баары болбосо да копчулугу буга ишенип калгандай. Кезиккендердин коз караштарына,берген суроолоруна караганда.Ото окунучтуу.Майклга чон ырахмат!Сиздей туура коз караштагы журналистердин барына абдан ыраазыбыз.

кимден: Banu каяктан: İstanbul
19.06.2010 01:28
Salam jashtar, Kyrgyzstandagy bul Kara kunubuzdun ayabay okunuchtuu ekenin bilebiz. Oshonduktan mumkun bolushuncha tynchtykty saktayturgan jazuulardy jazyp jaryyalayluu. antkeni Kyrgyzstandy biz oylobosok echkim oyloboyt. Kalkybyz oto kyiyn abalda.

кимден: Aman каяктан: Chet olko
19.06.2010 00:13
Urmattuu Azattyk,
suranych asker kiyimderi tuuraluu chygargan videongordu anglischege kotorup HRW jana bashka chet eldik mediaga jiberip koisongor!
Anderson - azamatsyz! Emi Kyrgyzstanga baryp jakshylap iliktoo jurguzunguz. Sizden dagy kabar kutobuz.

кимден: БЕКЕШ!
18.06.2010 01:47
Ушул Майклды тапкан Торокулга да чон ырахмат!!! Калемин курч боло берсин!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: Москва
17.06.2010 22:01
Туура так айткан пикиринизге рахмат Майкл

кимден: Azat каяктан: Turkey
17.06.2010 20:50
Yes Michael, give Interview to CNN. They showed on TV a lot of lies. I am very disappointed with them. Unfortunately they don't have good journalists in Kyrgyzstan I think. It is a pity.

кимден: Айым каяктан: КГ
17.06.2010 19:47
Азат, азамат, туптуура айтасың! Оштогу кыргыздардан жардам алган озбектердин маегин жана суротторун чыгарыш керек!

кимден: Айым каяктан: КГ
17.06.2010 19:37
Dear Mike, thank you for your reliable information! Unfortunately human being is very quick to condemn and prejudge, maybe because of it is easier than to find out the real state of things.
Even as a foreigner you could understand the real situation in Osh.
We (my family and also I see everyone in here) were really pleased with your professional mindset and just for your warm heart!
We respect this kind of journalists, and thanks to Azattyk too!!!

кимден: Almaz Kyrgyz каяктан: USA
17.06.2010 18:31
Mike sizge chong rahmat oshol jakta jashap chyndykty suylop jatkanynyz uchun, men sizge 100% koshula, men Kyrgyzstanda jashagan tuugandar jana dostor menen suyloshum turam jana alar dagy maga sizdikinei maalymattardy berip jatyshty birok tilekke karshy duynoluk media bizdin Kyrgyzsdardyn undorun ukpai jatyshat, eger siz chyn ele chyn dilinizden chyndyk uchun kyzmat kylgan jurnalist bolsonuz ushul maalymatty butkul duynonun deengelinde jaryalap alyp chyksanyz jakshy bolot ele, eger mumkun bolso daje BBC, CNN jana ushularga okshogon janylyktarga chygargsanyz abdan jakshy bolot ele jana eger sizge kanday bir jardam kerek bolso men sizge jana menin oyumcha bashka dagy menin jerdesh PATRIOT kyrgyzdarym dele jardam bergenge dayar, birok men ozum uchun sizge aitalam men dayarmyn!!!
Kudaym sizge jana sizdin ishinizga jana kyzmatynyzga batasyn bersin!!!
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)