Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

Атаева: Ошто өзбектер чукул жардамга муктаж


Надежда Атаева, Борбор Азиядагы Адам укуктары Биримдигинин президенти. Франция, 2011-ж. январы.
Надежда Атаева, Борбор Азиядагы Адам укуктары Биримдигинин президенти. Франция, 2011-ж. январы.

Былтыркы түштүктөгү кооганын мезгилинде Кыргызстанга Өзбекстандын армиясын киргизүү талабын четке каккан укук коргоочулар да болгон. Алардын бири Надежда Атаева Борбор Азиядагы Адам укуктары Биримдигин жетектейт. Атаева айымга жакында Францияда кабарчыбыз Жаңыл Жусубжан жолукту.

Азаттык: Былтыр (2010-жылы) июндагы Ош, Жалал-Абаттагы жаңжалда сиз Кыргызстанга аскер киргизүү чакырыгына каршы билдирүү менен чыккан элеңиз, эмне себептен сиз буга каршы болдуңуз?

Надежда Атаева: Ал кезде ар кандай билдирүүлөр болгон. Алардын бирине Өзбекстандын жарандык коомунун өкүлдөрү кол коюшкан. Мен ал документке кол койгон эмесмин, анткени мен Өзбекстандын куралдуу күчтөрүн Кыргызстандын аймагына киргизүү талабы менен макул боло алган жокмун.

Албетте, ал кезде сөзсүз, жаңжалды токтотуу үчүн тынчтык аскерлерин киргизип, жаңжалды басууга эл аралык коомчулукту тартыш керек болчу.

Бирок эки коңшу өлкөнү кагыштырышга жол берүүгө таптакыр болбойт эле.

Ушундан улам, мени көпчүлүк колдогон жок.

Ошол эле убакта биз өз билдирүүбүздү жасап, жаңжалга өз мамилебизди билдиргенбиз.
Эки коңшу өлкөнү кагыштырышка жол берүүгө таптакыр болбойт эле Атаева

Азаттык: Башкалар сизди колдомок тургай, акаарат да келтиришкен, туурабы?

Надежда Атаева: Менин дарегиме ар кандай чабуулдар мурда деле болгон, бирок кеп анда эмес.

Менимче, азыр Өзбекстанда интеллигенциянын, укук коргоочу, журналисттердин чөйрөсүндө ар кандай маанай өкүм сүрүүдө. Улуттук сезимдер күчөп кетти.

Менимче, ал жаңжалдын кесепеттерин кантип жойобуз, биринчи кезекте ушуну ойлонушубуз керек. Ал кесепеттерди жойгондо улутуна карабастан, муктаждарга жардам бериш керек.

Мисалы, жыныстык (сексуалдык) зөөкүрдүктөн жапа тарткан аялдардын көп көйгөйлөрү бар, көп жаш балдар, эркектер психологиялык колдоого жана гуманитардык жардамга муктаж.

Кыйноолор жана кылмыш иштерин күнөөсүз адамдардын мойнуна илген учурлар көп учурап жатат.

Маселеге укук менен мыйзамдын көз карашынан мамиле зарыл.

Эгер укук коргоочулар менен журналисттер улут маселесине басым жасай берсе, бул көйгөйдү тереңдетиши гана мүмкүн, анткени алардын туруму коомдук пикирге таасир этет.

Азаттык: Кыргызстанда айрымдардын өзбек президенти Ислам Каримовго Нобелдин Тынчтык сыйлыгын берүү сунушун кандай кабыл алдыңыз?

Надежда Атаева: Бул акылга сыйбаган сунуш.

Ал Ислам Каримовдун
Н.Атаева (солдо экинчи) Өзбекстанда укук коргоочуларды бошотууну талап кылган нааразылык чара маалында. Брюссел, 24-январ, 2011-жыл.
бүтүндөй саясий жолуна саресеп салууга түртөт.

Мен мисалы Каримовду Өзбекстандын мыйзамдуу президенти деп эсептебейм.

Ал Анжияндагы (2005-жылдын 13-майында жүздөгөн киши атып өлтүрүлгөн) трагедия үчүн олуттуу жооп бериши керек.

Азаттык: Ошол эле убакта Каримов Кыргызстанга аскер киргизбей, тынчтыкты сактап калбадыбы?

Надежда Атаева: Бул анын ички карама-каршылыгын көрсөтөт жана бул сиздин бааңыз.

Азаттык: Бирок сиз да аскер киргизүү чакырыгына "тынчтык сакталсын" деп эч кол койгон жоксуз да?

Эмки согушта кыргыздар көп жапа тартып калышы ажеп эмес Атаева
Надежда Атаева:
Албетте, ал чын.

Ошол эле мезгилде, мен Ислам Каримовду Нобел сыйлыгы үчүн ылайыксыз талапкер деп эсептейм.

Кыргызстандын түштүгүндө бүгүн кырдаал курчуп жатат. Ал жакта кандуу жаңжал кайра тутанышы мүмкүн. Ошондо кыргыздар алда-канча көп жапа тартып калышы ажеп эмес.

Азаттык:
Демек, президент Каримовго сыйлык бергидей, тынчтык али бекем эмес экен да?

Надежда Атаева: Ооба, азыр абал абдан курч, негизсиз кылмыш жообуна тартуулар адамдарды өтө нааразы кылып жатат. Жергиликтүү органдар расмий Бишкекке таптакыр баш ийбей калган.

Кимдир бирөөнү (согушту токтотту деп) сыйлай турган мезгил али келе элек.

Тасма баян. Н.Атаеванын "Азаттыкка" курган орус тилиндеги маегинен. 2011-жыл. JCh.

Н.Атаева о реакции Каримова к событиям в Оше
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:05 0:00
Түз линк


Азаттык:
Эгер президент Каримов бийликтен кетсе, анын ордуна келе турган күчтөр Түштүк Кыргызстандагы азыркы абалга кандай мамиле жасайт деп ойлойсуз?

Надежда Атаева: Каримовдун кетиши менен Өзбекстандын саясий багыты өзгөрүп кетет деп ойлобойм.

Мында эки мүмкүнчүлүк бар. Же Кыргызстандын азыркы жаңы бийликтери Түштүктөгү кырдаалды өз көзөмөлүнө алат жана Өзбекстан Кыргызстан менен азыркыдан алда-канча таасирлүү сүйлөшүү жүргүзөт ( же эмне болуп кетээрин эч ким билбейт).

Тилекке каршы бүгүн болуп жаткан сүйлөшүүлөрдү сүйлөшүү деп аташ да кыйын, анткени алар ортомчулар аркылуу өтүп жатат – сөзсүз же орустар, же казактар катышат.

Эки өлкөнүн жетекчилери бул жаатта маңыздуу сүйлөшүү өткөргөнүн кулагым чала элек. Мында ойлонулган саясат жок болуп жатат.

Азаттык: Кыргызстандагы былтыркы коога Өзбекстанда коомдук пикирге канчалык зак келтирди, муну аскер киргизүү тууралуу билдирүүдөн деле кыйыр билбедикпи?

Надежда Атаева: Калетсиз сөз.

Ислам Каримовдун Ош окуяларына карата мамилеси башында көпчүлүктү деңгиретип койду, анан алар түшүнө алышпай, маң болушту.

Азыр ал өтүшүп кеткен көңүл калуучулукка өтүп баратат.

Менимче, мындай маанайдан улам (калайыктын бир даары) Ислам Каримовдун өзүнө анчейин ишенбей калды.

Азаттык:
Көңүлү калган күчтөр кимдер, алардын каалаганы эмне?

Надежда Атаева: Алар, албетте, Кыргызстандын түштүгүндөгү өзбектерди коргогулары келет. Алар эч бир коргоосуз калган жарандардын катарына кирип калбадыбы.

Ошого карабастан, өзбек бийликтери бул жардамга муктаж адамдарга чек араны жаап жатат.

Аларда реалдуу колдоо, медициналык жардам алып, балдары, жапа тарткан аялдар реабилитациядан өтө ала турган өлкөгө кетүүгө мүмкүнчүлүк жок.
Ошто өзбек аялдар, балдар... камоодо калышты Атаева


Азыр Кыргызстандагы өзбек тегиндегилер эң кыйчалыш абалда калды.

Алардын Өзбекстанда урук-туугандары бар, бирок аларга дайым эле бара албайт, аларды чектен өткөрбөйт, демек, алар кутулуунун башка жолдорун издеши керек.

Көпчүлүк Каримовдон башканы күткөн, бирок тилекке каршы ал өтө бир татаал кырдаалдарда өтө одоно иштерди жасады. Кыргызстан менен чек арада жети метрден бийик дубал орнотконучу (бул июн коогасына чейин курулган).

Мунун баары Ислам Каримовго карата зор ишенбөөчүлүктү жаратты. Мындай адамгерчиликсиз ташбоор мамилени өзбектерге карата гана эмес, башка коңшуларга карата да жасоого болбойт.

Азаттык: Калайыктагы бул ишенбөөчүлүктөн улам Каримовдун туруму канчалык чабалданат дейсиз?

Надежда Атаева: Бул чабалдануу азыр орун алып жатат.

Азаттык: Маегиңизге ыракмат.

Надежда Атаеванын блогун бул шилтемеден ачып окуй аласыз.
XS
SM
MD
LG