Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 17:06

Дүйнө

Алты перзентти жарыкчылыкка бир берген эне

Кечээ Ооганстанда Сара Гүл аттуу аял алты бала төрөдү. Жакырчылыктан жапа чеккен үй-бүлө наристелеринин келечегинен кабатыр.

Азыр балдарды атайын интенсивдүү жардам инкубаторунда кармап турушат
Текст көлөмү - +
Катары менен алты баланы төрөп, үрөйү учуп, дагы эле толугу менен өзүнө келе албай жаткан 22 жаштагы эне жакын арада көңүлү тынчыбай тургандай.

Шейшембиде таң эртелеп Ооганстандын Мазари-Шариф шаарында Сара Гүл үч кыз, үч уул төрөдү. Төрөттөн анча деле кыйналбаганын айткан Сара бирок балдарын кантип эрезеге жеткизип, кантип багышты билбей турган чагы.

Көз жарган күнү ал журналисттерге сүйлөп жатып, кош бойлуу учурунда күйөөсү Шукрулла экөө эми алты баланы кантип бага алмак элек деп, атайылап боюнан түшүргөнгө да аракет кылып көрүшкөнүн айтты.

“Азаттыктын” ооган редакциясынын кабарчылары менен маегинде жаш эне эми жергиликтүү бийликтер да кол кабыш кылып турушат го деп үмүттөнүп турганын кошумчалады. Анан шаршембиде айрым алгачкы жардамдар түшө баштады.
Сара Гүл
​​Маселен, Мазари-Шарифте Сара Гүл ушул балдарын төрөгөн төрөткана 120 доллардай акча берди. Балх провинциясынын губернаторунун кеңсеси ага 1000 доллар беребиз деп убада кылды.

Жаш үй-бүлө жакын арада алты балалуу болоорун билгенден кийин, күйөөсү Шукруллага жумуш табылып калар бекен деп, айылдан Мазари-Шарифге көчүп келишкен.

Жакырчылыктын айынан ал боюнан алдыртып салууну да ойлонгон.

"Мен бир эле убакта алты балалуу болоорумду укканымда көңүлүм чөгүп кетти, атайылап боюмдан түшүргөнгө аракет кылдым – болбоду, - дейт Сага Гүл. - Ар кандай дарылардан ичтим, дубалдан секирип жыгылдым, бирок балдарга эч нерсе болбоду".

Азыр эми балдар төрөлгөндөн кийин да булардын оор социалдык абалы тез эле жакшырып кетпейт сыяктанат. “Биз аябай жакырбыз. Зарыл учурда догдурга бара албайбыз, жегенге жетиштүү тамагыбыз деле жок”, - дейт ал.

Дарыгерлер эненин да, балдардын да ден-соолугу жакшы экенин айтышты. Балдардын салмагы адаттагыдан бир аз азыраак экен, орточо ар бир наристе 700 грамм болуп төрөлгөн.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Азамат каяктан: Бишкек
30.01.2012 23:04
Алда байкуш кыргыздарым ай,айланып кетсе аздык кылат го элибизден.
Оздору жан айласы учун "бири Алтайда,бири Кангайда" журсо да тоолуктардын пейили менен айколдугун корсотуп, акча жоноткусу келгенин карасанар.Атам тааныбаган афган кызына жардам бергенден коро озубуздун уй булобузго, жакын тууганыбызга,кошунабызга,жок эле дегенде кочодо акчасы тартыш турган студентке,жакыр уй булого же жон эле катардагы адамга жакшы суйлоп,берчу жардамыбызды бере берели да.Мен озум укмуш динге берилген деле адам эмесмин, бирок ушу мусулманчылыктын бир жакшы жери бар экен "Кайыр садака бергенде биринчи жакыр же жетим жесирди башка жактан издебей оз жакынындан башта.Мисалы бир тууганын,досун,кошунан, кочолошун,айылдашын,мекендешине" дейт.Созсуз эле кайыр садакны сага берейин дедим дебей эле ичинден кудайга ниет кылып жаркылдап кулуп жардам берсен болду да туурабы.
Кереметтуу элим, ар дайым ушу мыкты сапатыбыздан жанбайлы, осуп онугуп келечекти чогуу багынталы.Ар дайым осуп,онгуло,биз бактылуу элбиз, ошол бакытты жакшылап ойлонуп коро да,сезе да билгиле.

кимден: максат каяктан: россия
27.01.2012 17:46
Банк номерин билсенер жарыялап койсонор. Жардам берет елек. рахмат

кимден: Эльмира каяктан: Бишкек
27.01.2012 09:11
Бешик боонор бек болсун...Сара Гул капаланба ар бир баланын оз ырыскысы бар, андан коро алардын ден соолугун тиле.

кимден: момун каяктан: мусулман
27.01.2012 01:07
алланын керемети ата энесине алла таалам узун омур,бакубат жашоо берсин........салам азаттык банктан адреси болсо жазып койсонор сураныч мусулманчылыка.....

кимден: Эсен каяктан: Бишкек
26.01.2012 19:38
Шеринечилер Шукрулло менен Сара Гулго куттук айтып атышат, алар интернетте азаттыктагы бул шеринени окуйт болду бекен, кызык. Менимче жон эле дуба кылган туура болот го? же редакция алардын адресин, банка эсебин берсе аларга жардам жонотуп койуш керек.

кимден: сабира каяктан: владивосток
26.01.2012 19:34
куттуктайбыз балдарына озуно ден-соолук тилеймин кудайым алты бала менен кошо силерге оомат бергендир жокчулукка чокпой кудайга шугур кылып балдардын омурун тилегиле ар биринин озунун ырыскысы бар бала-бул кандай чексиз бакыт эртен эле тегиз чонойуп козго корунгондо кыйынчылык кундорун унутуп озунду бактылуумун дейсин балалуу уй базар- баласыз уй мазар деген создун мааниси ото чон сен убагы келсе баарын тушуносун.Тушуром деп даари ичтим секирдим дейсин жаштык кылыптырсын кудайым озу сактап берген ооматынын бир четин билдирип турат .кудайыма шугур кыл уул-кызындын омурун тиле.мен озум торогон аял катары сени тушунуп турум 6-бала торош оной эмес .Сен кучтуусун буйруса жокко чокпой баарын женип кетишине ишенем ылайым балдарынардын кунун жолдошун экобун тен коргуло бактылуу болгула демекчимин.

кимден: nurik каяктан: korea
26.01.2012 19:18
koldo jok jakyr jashoo degen bul ALLAHtyn synoosu. osho jashoonordu jakshyrtysh uchun ALLAHym 6 bala beriptir. omurloru uzun jakshy estuu ALLAH pendeleri bolushsun.

кимден: жылдыз каяктан: москва
26.01.2012 18:01
куттуктаймын бул деген ото бактылуулук 6 бала ага наразы болбош керек ар бир бала оз ырыскысы менен торолот деген соз бар эмеспи балким ушул балдардын торолушу силерге байлык алып келери анык деп ойлоймун бизде эч нерсе жок деп олтура бербеш керек арекет кылсан бары болот кудай да ал кулум деп берет жок деп олтурсанар жокта кудай озу колдосун 6 бала ата энеси менен аман эсен болсун

кимден: Динара
26.01.2012 16:21
Бешик боонор бек болсун! Сизге жана балдарынызга ден соолук каалайм учурдагы абалынар ото окунучтуу экен. Бирок женил ойлуулукка алдырбай баланарды багып остурсонор убайын коросунор ошол 6 баланыз сизди багат жок деп эле олтура бербеши керек Кудайдан сурангыла берет кудай деген куру кол калбайт ден соолук силерге бар болгула бай болгула

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)