Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:38

Ооганда талиптер жүздөн ашуун кыштакты басып алды


Пакистандагы талиптер
Пакистандагы талиптер

Талибан кыймылы Ооганстанда өзбек улутундагылар жашаган жүздөн ашык кыштакты басып алды.

Талиптер анын ичинде элүүдөн ашык үйдү өрттөп жибергени кабарланууда. Баскынчы-согушкерлердин арасында Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөлөрү да бар экендиги айтылууда. Ооган бийликтери кырдаалды көзөмөлгө алуунун аракетин көрүп жатышат.

Талиптер Алмар районунун Каройы кыштагын 13-июлда эле толук колго алып, ал тараптагы башка айылдарга чабуулду күчөткөн. Андан бери беш күн ичинде эле Талибан кыймылы Фарьяб дубанынын Кайсар районунда 30, Алмар районунда кеминде 40 жана Ширин-Тагаб районунда 35 кыштакты басып алууга үлгүрүштү. Согушкерлер ал тургай Алмар районунда элүүдөй турак жайды өрттөп жиберишти.

Ооган парламентинин Фарьяб облусунан шайланган депутаты Накибулло Фоиктин айтымында, талиптердин соңку аракетинен бийликтердин шаштысы кетти:

- Талибан 13-июлда кеч Каройы аймагын толук ээлеп алып, үй-жайларга өрт койду. Азыр миңден ашык талип согушкерлери Маймана аймагына чабуул жасап атышат. 14-июлда талиптер Алмар районуна караштуу беш кыштакты өз кароосуна алды. Расмий бийлик мындан чындап коркуп турат.

Фарьяб провинциясын басып алган талиптер
Фарьяб провинциясын басып алган талиптер

Фарьяб провинциясынын бийликтери кабарлагандай, Талибанга каршы тап берүү үчүн барган өкмөттүк аскерлер постторду таштап, артка чегинүүгө аргасыз болушкан. Күбөлөрдүн айтымында, талиптер Фарьябдын райондорунан кийин Маймана шаарына чабуул жасоого даярданышууда, ал тургай баштады десе да болот.

15-июлда түшкө жуук Фарьяб аймагынын административдик борбору деп саналган Маймана шаарында өкмөт аскерлеринин автоунаасына коюлган бомба жарылган. Кабул банкынын кеңсесинин алдындагы бул жардырууда кеминде 20 киши жарадар болду. Жардыруу үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик алган жок. Бийликтер муну Талибан кыймылынан көрүп жатышат.

Фарьяб провинциясы
Фарьяб провинциясы

Провинция жетекчилеринин кабарына ылайык, Алмар, Кайсар жана Паштункут райондорунда Талибан менен өкмөт аскерлеринин арасында салгылашуу кескин күчөгөн. Ошого карабай өкмөттүк күчтөр бир топ жерлерди талиптерге алдырып коюшту.

Фарьяб облус кеңешинин төрагасы Абдулбаки Хашымий Ооганстан өкмөтү тез чара көрбөсө, Фарьяб провинциясы толугу менен Талибан кыймылына өтүп кетиши мүмкүндүгүн айтты:

- Жүздөгөн үй-бүлөлөр үй-жайын таштап, шаарды көздөй, коопсуз аймактарга чыгып кетишти. Тургундар алапайын таппай, эмне кыларын билбей калышты. Өкмөттүк күчтөр чабуулун күчөтпөсө, талиптер башка аймактарды да ээлеп алат. Ушул абалда тура берсек, аз күндө Маймананы да алдырып тынабыз.

Талип согушкерлери
Талип согушкерлери

Фарьяб аймагындагы согушкерлердин соңку чукул чабуулунан кийин бул облустун тургуну, учурда Ооганстандын вице-президенти, өзбек генералы Абдурашид Дустум Түркиядагы эс алуусунан кайтууга мажбур болду. Шайшемби күнү кечинде Дустум Мазари Шариф шаарына түшкөнү кабарланды. Анын келиши менен Талибанга каршы күрөшүү үчүн ыктыярчылардын саны артышы мүмкүн деп жоромолдонууда. Кээ бирлер талиптерди өкмөттүк күчтөр эмес, жергиликтүү элден түзүлгөн топ сүрүп чыгарышы мүмкүн деп үмүт артышууда.

Талибан уюмунун катарында Өзбекстан ислам кыймылынын 300дөн ашык согушкери да жүргөнү кабарланууда. Алар бул аймакка Талибан менен бирге чабуулга катышып жатканы да бекеринен эмес. Фарьяб аймагында калктын 85% жакынын өзбек тектүү тургундар түзөт. Алар жергиликтүү өзбек калкынын арасында да өз таасирин жайылтуу максатын көздөшүүдө.

Талиптер
Талиптер

Өзбекстан ислам кыймылынын бир согушкери “Азаттыктын” өзбек кызматына билдиргендей, алар Ооганстандын Бадахшан провинциясында тажиктердин экстремисттик “Ансаруллах” жана уйгурлардын радикалдык “Чыгыш Түркистан ислам партиялары” менен бирге чабуулдарды уюштуруп жатышат. Калган облустарда алар талиптер менен бирге иштешүүдө.

Жыл башында Ооганстандагы ӨИМ Сирия жана Ирактагы чабуулдарды да колдоого алып жатканын “Ислам мамлекети” кыймылынын жетекчиси Абу Бакр Багдади тастыктаган. Андан бери ӨИМ оогандын түндүк тарабында да өзүнүн согушкерлерин кеңейтип, Талибан менен кызматташуусун бекемдеген. Абалдын олуттуу болуп баратканы Ооганстандын коңшу мамлекеттерин да тынчсыздандырууда.

Ооган бийликтери Фарьяб менен Жаузжан аймактарында, Кундуз, Бадахшан жана Баглан провинцияларында согушкерлер катары күндөн-күнгө көбөйүп жатканын кабарлоодо.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG