Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:21

Талиптер Өзбекстандын түштүгүнө жакындады


Талип согушкерлери
Талип согушкерлери

Жоочулардын ыктымалдуу кол салуусунан улам бир канча жылдан бери катуу кайтарылып турган өзбек-ооган чек арасына жакын жерде ракета атылганы кабарланды.

Окуя Өзбекстандын Сурхандарыя облусуна чектеш жерде 2-майга караган түнү болгону, чабуулдун мизи кайтарылып, андан эч ким жабыркаган эместигин ооган расмийлери кабарлады. Ташкент окуя тууралуу билдирүү жасай элек, бирок коопсуздук чараларын күчөттү.

Ооганстандагы Ariana телевидениеси “Талибан” кыймылынын согушкерлери Балх провинциясынын Калдор аймагындагы чек ара бекетин ракета менен аткылаганын кабарлады. Ооган генералы Мир Наим Хайдари чабуулдун мизи кайтарылып, эч ким жабыр тартпаганын билдирди. Полиция кол салгандар талиптер экенин бышыктап, алар Кундуз облусунан келген болушу ыктымалдыгын белгилейт.

Бул окуядан улам өзбек жана түркмөн бийликтери Ооганстан менен чектеш аймактарын күчөтүлгөн тартипте коргоп жатканын, куралдуу күчтөр салгылашууга даяр абалга келтирилгенин “Азаттык” радиосунун өзбек кызматы өздүк булактарына таянуу менен кабарлады.

Ооганстандын Калдор аймагы Өзбекстандын түштүгүндөгү Сурхандарыя облусунун Термез шаары менен чектеш. Эки аймакты Амударыя гана бөлүп турат.

1997-жылдын сентябрында Ооганстандагы салгылашуулардын кесепети Термезге да тийгенин өзбек бийлиги байма-бай айтып келген. Бир жылдан кийин талиптер Калдордогу Өзбекстан менен чектешкен Хайратон шаарын басып алып, үч жыл бою Ташкендин коопсуздугуна коркунуч жаралып турган. Ошол кезде президент Ислам Каримов аталган чек ара аймагына барып, коопсуздук чараларын күчөткөн. Андан бери ооган-өзбек чек арасы катуу кайтарылат.

2001-жылы Нью-Йорк менен Вашингтондогу террордук чабуулдардан кийин АКШнын Ооганстанда аскердик операциялары башталып, талиптер бул райондордон сүрүлгөн эле. Соңку жылдары талиптер кайрадан активдешип, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан менен чектеш аймактарга жакындай баштаганы байкалууда.

Ооган талиптеринин коңшу өлкөлөргө чектеш аймактарда жандана баштаганы тууралуу эксперттер 2015-жылдан бери коңгуроо кагып келишет. Муну өзбек армиясынын өкүлү РИА-Новости агенттигине да бышыктап, бирок талиптер Өзбекстанга караганда Тажикстанга жакын жерде көбүрөөк экенин, бул Душанбеге коркунуч алып келерин билдирген эле.

1990-жылдардын аягында “Талибан” тобу Өзбекстанга жүрүш жасаганга аракет кылып, бирок ал ишке ашкан эмес. Ал окуядан соң өзбек бийлиги ондогон кишини камакка алган.

Ооганстанда талиптер көп жайгашкан Кундуз, Бадахшан, Балх жана Фаряб аймактары Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстанга чектешет. Ооган жергесиндеги согуш көбүрөөк Ташкен менен Душанбени убайымга салып, чек ара дээрлик дайыма күчөтүлүп кайтарылат.

XS
SM
MD
LG