Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Ооганстан: Жаңы жыл алдындагы кандуу булоон


Ооганстан
Ооганстан

Ооган армиясынын үч жоокери жана бир офицери үйлөнүү тою өтүп жаткан жайдын аткылануусуна жана андан набыт кеткен 20дай адамдын өмүрү үчүн жооптуу деп шектелүүдө.

Кандуу окуя Ооганстандын түштүгүндөгү Гилменд провинциясында болду. 31-декабрда Сангин районунда үйлөнүү тою өтүп жаткан үй миномёттон аткыланып, кеминде 20 адам өлдү, 50дөн ашык адам жарадар болду. Миномёт чабуулуна жооптуу делип, Ооган армиясынын үч жоокери жана командири камакка алынганы маалымдалды.

Гилменд провинциясынын губернаторунун орун басары Мухаммед Жан Расулярдын 2-январда билдиришинче, Сангин шаарында миномёт чабуулунан өлгөн 20 адамдын 17си аялдар менен балдар экен.

"Үйлөнүү тою болуп жаткан үй тараптан алыс эмес жердеги аскерий бекетке согушчандар кол салгандан кийин аскерлер миномёттон атып жооп берген", - дейт Расуляр "Франс пресс" агенттигине курган маегинде. Анын айтымында, сот кандуу булоонго жооптуу делип, Гилменд провинциясынын борбору Лашкар Гах шаарында Ооган куралдуу күчтөрүнүн бир офицери жана үч жоокери камакка алынсын деп чечкен.

Губернаторду күтүп турган жергиликтүү тургундар
Губернаторду күтүп турган жергиликтүү тургундар

“Кырсыктын себептерин жана кандай жагдайда болгонун жеринде иштеп жаткан атайын комиссия аныктайт” деп билдирген эле мурдараак Гилменд провинциалдык бийлигинин өкүлү “Азаттык” радиосунун Ооган кызматына.

Сангин шаарынын атын атабаган тургуну "Азаттыктын" кабарчысына көзсүз ракета анын үйүн кыйратып, балдарын да жайран кылганын айткан:

- Ракета менин үйүмдү кыйратты. Келин жарадар болду. Менин балдарым өлдү, жарадар болгондору да бар. Эжелерим өлдү, таякемден айрылдым. Менин үй-бүлөмдөн 10-15 адам өлдү же жарадар болду. Бардыгы 40 чакты адам курман болду. Алардын арасында меймандар да бар. Биздин айылыбыз талиптердин башкаруусунда.

Буга кыжырданган ондогон адамдар айыпкерлерди жазалоону талап кылып, 1-январда Сангин шаарында көчө жүрүшүнө чыгышкан.

Ооганстандагы тойдон бир көрүнүш
Ооганстандагы тойдон бир көрүнүш

Сангин шаары Гилменд дарыясынын боюнда жайгашкан. Шаар өзү бир жылдан бери Ооган армиясы менен полициясынын колунда. Гилменд провинциясы өлкөдөгү апийим көп өстүрүлгөн аймактардын бири саналат.

Расмий маалыматтар боюнча, 2014-жылдын июнь-ноябрь айларында Гелменд провинциясында Ооганстандын коопсуздук күчтөрү 1 300дөн көп аскерин жоготту. Жалпысынан бир жылда Ооган армиясы жана полициясы 5 миңден көп мүчөсүнөн ажыраган. Бул 2001-жылы талиптерге каршы согуш башталгандан берки эң чоң көрсөткүч.

Ооганстандагы эл аралык күчтөр
Ооганстандагы эл аралык күчтөр

2015-жылдын 1-январынан тарта Ооганстандын коопсуздугу үчүн 350 миң колдуу улуттук армия жооп берип калды. Анткени 2014-жыл менен кошо НАТО башындагы көп улуттуу күчтөр Ооган жериндеги согуштук миссиясын аякташты. Бирок өлкөдө 13 миң чет элдик аскер калды. Алардын көбү америкалык жоокерлер. “Кажыбас колдоо” деп аталган эки жылдык миссия менен калган бул аскерлер Ооган армиясын машыктырууга көмөктөшөт.

Бириккен улуттар уюмунун маалыматы боюнча, 2014-жылы талип козголоңчулары менен Ооган армиясы ортосундагы аткылашуулар маалында бери дегенде 3188 карапайым адам апаат болгон. Өлкөдө буга чейинки жылдары бир жыл аралыгында мынча көп жай тургун уруштун кесепетинен курман болгон эмес деп белгиленет БУУ өткөн аптада жарыялаган докладда.

XS
SM
MD
LG