Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:46

Кабулдагы каргашада 30 кишинин каны төгүлдү


Кабулдагы шийилер сыйынган жайда бомба жарылганда 30дан ашык кишинин өмүрү кыйылды.

Ирак, Пакистанда шийилерге каршы чабуулдар кадыресе көрүнүш, бирок Ооганстанда шийи азчылыгы мындай көп санда кыргын болгон учур буга чейин болуп көргөн эмес.

Күбөлөрдүн жана тартип коргоочулардын айтымында, бомба шийи динзарлары жык толгон жайда жарылганда дагы жүздөгөн киши жараат алды.

Кабулдун кылмыш тергөөлөр бөлүмүнүн жетекчиси Мохаммад Захердин "Азаттыкка" билдиришинче, түш чендеги жардыруунун мезгилинде Кабулдун борбордук бөлүгүндөгү президенттик ак сарайга жакын турган ибадатканада жүздөгөн киши болгон.

Мурад Ханидеги чабуулдун мезгилинде "Азаттыктын" Кабулдагы кабарчысы Насеем Шафак жакын жерде болгон экен. Жарылуудан бир нече мүнөттөн кийин Шафак көргөнүн мындайча сүрөттөп берди:

Туш тарапта өлүктөр, жарадарлар жайнап жатты, өлгөндөрдүн көбүнүн башы, колу-буту жулунган, денелери барчаланган. Жарадарлардын да айрымдарынын колу же буту жок. Киши чыдап карап тура албай тургандай. Баары ыйлап, жардам сурап жатышты.

Анын аралыгында Ооганстандын түндүгүндөгү Мазари-Шариф шаарында мечиттин жанындагы жардыруудан төрт киши мерт кеткени маалым болду. Кол салуунун мезгилинде шаардын көчөлөрүндө Ашура фестивалын белгилеп жаткандар жык-жыйма болгон жана бийликтер бул Кабулдагы кол салуу менен алдын-ала макулдашылып, дээрлик бир мезгилде жасалганын айтууда.

Чабуулдар үчүн азырынча эч ким жоопкерчиликти өзүнө ала элек. Ооганстанда сунилер менен шийи азчылыгынын ортосунда тиреш, кандуу кагылыштар буга чейин да болуп келген, бирок талиптердин бийлиги кулаган 10 жылдан бери бул тиреш мынчалык масштабга жеткен эмес.

Мунун алдыңкы күнү эле Ооганстандын Батыш өнөктөштөрү Германияда чоң жыйын өткөрүп, өлкөдөн чет элдик аскерлер 2014-жылы чыгарылып кеткенден кийин узак мезгилдүү жардам көрсөтүүгө убада беришкен.

Берлинде жүргөн Ооганстандын президенти Хамид Карзай Кабулдагы жардырууну айыптады:

– Бүгүнкү Кабул менен Мазари-Шарифтеги террордук чабуулдун курмандыктарын кубаттаган, көңүл айткан сөздөргө чоң рахмат. Буга чейин Ооганстанда мындай маанилүү диний мааракеде мынчалык каргашалуу террорчулук болгон эмес. Жараат алгандар тез айыгып кетишсин, жакындарын жоготкондорго көңүл айтабыз.

Шийи мусулмандарынын жыл наамасындагы эң ири окуя болгон Ашура фестивал Мохаммад пайгамбардын небереси Хуссейндин (азыр Ирактын аймагындагы) Карбала шаары үчүн согушта 680-жылы шейит кеткендигине арналып жыл сайын өткөрүлөт. Ооганстанда расмий майрам деп саналган Ашура бир айга созулган аза күтүүнүн жыйынтыктоочу күнү болуп саналат.

XS
SM
MD
LG