Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:17

Ооганстан: биринчи айым кааданы "бузду"


Рула Гани ооган аялдардын ролу жөнүндө
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:54 0:00

Рула Гани ооган аялдардын ролу жөнүндө "Азаттык" радиосу менен ой бөлүштү

Ооганстандын жаңы биринчи айымы Рула Гани аялдар үйдөбү же үйдөн сырт жактабы, бирдей сый-урматка татыктуу экенин айтып, президенттин зайыбы ирети активдүү роль ойноо ниетин шардана кылды.

Рула Гани мындай ыкласын “Азаттык” радиосунун Ооган кызматынын кабарчысы Малали Баширге курган маегинде айтты. Ашраф Гани президенттик инаугурация маалында аялына колдоосу үчүн ыраазылыгын айтып, Рула айым мындан ары да аялдар менен балдардын укугу үчүн күрөшөт деп жарыялаган болчу.

Ашраф Гани президенттик кызматка отурганына эки айдын жүзү болду. Бул мезгил Рула Гани мурунку президенттердин аялдарындай күйөөсүнүн көлөкөсүндө отурбасын даана көрсөттү. Ооганстандын маалымат булактары буга чейинки биринчи айым Зинат Карзай тууралуу өтө сейрек маалымдашчу жана Хамид Карзай бийликте отурган он жылда зайыбы менен бир да мертебе эл алдына чыккан эмес.

Ооганстандын жаңы биринчи айымы Рула Гани болсо: “менин оюмча, мен биринчи айым катары бул өлкөнүн эли алдында жоопкерчилигим бар”, - деди “Азаттык” радиосуна Кабылдагы президент сарайында курган маегинде.

Жолдошу Ашраф Гани менен
Жолдошу Ашраф Гани менен

Рула Гани Ливанда христиан үй-бүлөдө туулуп чоңойгон. Болочок күйөөсү менен Бейруттагы Америка университетинде окуп жүргөндө таанышып, 1975-жылы баш кошкон. Рула айым күйөөсү менен 1977-жылы АКШга окуганы барышат. Бир жылдан кийин Ооганстанда жарандык согуштун оту тутанып, 1979-жылы советтик аскерлер киргизилет. Алар Ата журтундагы кырдаалдан улам убактылуу АКШда калышат. Алардын чет жердеги сапары отуз жылга созулат. Ашраф Гани Америкада илим докторлугун жактап, университетте сабак берет, кийин Дүйнөлүк банкта иштейт.

Бир уул, бир кызды тарбиялап өстүргөн Рула Ганинин айтымында, ооган аялдарына кеңири мүмкүнчүлүк берилиш керек:

- Аялдарга мындан ары буга чейинкидей мамиле жасалбаш керек. Алар аткарган ролу үчүн үйдө болобу, же үйдөн тышкары жакта болобу урматталууга тийиш.

Журналисттик да диплому бар Рула айым англис, француз, араб, перси жана пуштун тилдеринде сүйлөп, жаза билет.

Гани үй-бүлөсү менен Ооганстанга 2002-жылы талиптер кулатылгандан кийин Карзайдын өкмөтүнө финансы министри болуп дайындалганда кайтып келет. Биринчи айым оогандар согушка чейинки мезгилдегидей ырахаттанып жашоосу үчүн жардам бере алам деген ишеничте:

- Ал убакты мен эстеп жүрөм. Адамдарга: "мен муну көргөм. Аялдарга мындай мамиле кылышчу. Биз убактыбызды моминтип өткөрчүбүз. Биз мындай нерселерди жасаганбыз”, - деп айтып жүрөм. Мен ошон үчүн ал мезгил жөнүндө билбеген жаштарга же көп кыйынчылыктарды баштан кечирип, анын баарын унуткан адамдардын жадына ушу сыяктуу маалыматтарды кайтарып жатам.

Рула Гани 12 жыл мурда Ооганстанга кайтып келгенден кийин бейөкмөт уюмдарда бекер иштеп, көчөдө иштеп, ата-энесине көмөктөшкөн балдарга жана алардын үй-бүлөсүнө жардам берген. Азыр эми өлкөнүн биринчи айымы ирети соопкерчилик ишин улантуу ниети бар.

- Мага көптөгөн адамдар келип, өз көйгөйлөрү тууралуу айтып берет. Мен аларды эшитем жана адамдарга кайсы тармактарда түз жардам бере аларымды аныктаганга жарайм деген үмүттөмүн.

Ал ошондой эле өлкө ичинде бозуп жүргөн 700 миң адамдын абалын жакшыртууга жардамдашууну каалайт: “мен аларга сарайдын дубалдарынын ичинен болсо дагы жете алам деп ойлойм”.

Аялдардын абалына арналган жыйын, Кабул, 8-ноябрь, 2014-жыл
Аялдардын абалына арналган жыйын, Кабул, 8-ноябрь, 2014-жыл

Биринчи айымга президент сарайында кеңсе бөлүнгөн. Ал бир апта мурда Ооган аялдарынын укуктарына арналып, Ослодо өткөн конференцияда сүйлөдү.

Диниятчылар оболу Ашраф Ганиге кысым жасап, зайыбын коомчулукка көрсөттүрбөөгө аракет да кылып көрүштү. Ага карабай Гани инаугурация кезде түгөйүнө Биби Гүл деп кайрылып, өнөктөш катары колдогонуна алкышын айтып, мындан ары да ооган аялдарын колдоосун токтотпойт деген тилегин билдирген.

1919-29-жылдары Ооганстанды башкарган падыша Аманулла хандын зайыбы Сорайя да аялдардын укугун жигердүү коргогон. Бирок падышанын өлкөнү модернизациялоо аракети диний чөйрөлөрдүн катуу каршылыгына кабылып, Аманулла хандын тактыдан баш тартуусун тездеткен.

XS
SM
MD
LG