Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:27

Ооганстан: Абдулла алдыда келатат


Ооганстан -- Президенттикке талапкер Абдулла Абдулла шайлоо өнөктүгү учурунда сүйлөп жатат. Кабул, 20-февраль, 2014
Ооганстан -- Президенттикке талапкер Абдулла Абдулла шайлоо өнөктүгү учурунда сүйлөп жатат. Кабул, 20-февраль, 2014

Ооганстанда президенттик шайлоонун экинчи айлампасына чыга тургандар аныкталгансып калды. Добуштардын дээрлик жарымы саналгандан кийинки маалыматтарга караганда, көч башында мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла бара жатат. Экинчи айлампа өтсө, ага мурдагы каржы министри Ашраф Гани атаандаш болчудай.

Ооганстандын Көз карандысыз шайлоо комиссиясынын бюллетендердин дээрлик 50% саналгандан кийинки эсеби боюнча, мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла 44,4% добуш менен алдыга чыкты. Ага куйрук улаш келе жаткан мурдагы каржы министри Ашраф Гани бул баскычта 33,2% добуш жыйнаган.

Абдулла Абдулла Кабулда кабарчылар менен маегинде шайлоонун бул жарым-жартылай жыйынтыгын мындайча комментарийледи:

- Алдыга чыгарыбызды биз күткөнбүз жана бул биз үчүн таң калыштуу болгон жок. Бирок бул жолдун жарымы эле. Биз анын калган бөлүгүнө да дыкат байкоо жүргүзүүнү уланта беребиз. Жараяндын калган бөлүгү да мыйзамдуу, ачык айкын кетет жана ооган эли шайлоонун жыйынтыгы боюнча ачык-айкын жана түшүнүктүү жооп алат деп үмүттөнөбүз. Эгер баары мыйзам жана эрежелердин алкагында кетсе, биз экинчи айлампага да даярбыз.

Абдулла Абдулла шайлоону биринчи айлампанын жыйынтыгы менен эле утуп чыгууга үмүттөнүп турганын жокко чыгарбай, азыркы шайлоо 2009-жылдагыга караганда тазараак өткөнүн кошумчалады. 2009-жылы учурдагы президент Хамид Карзайга биринчи айлампада эле уттуруп коюшун Абдулла Абдулла шайлоодогу мыйзам бузууларга, бурмалоолорго байланыштырган эле.

Шайлоонун биринчи айлампасы болбосо да, экинчи айлампасында ийгиликке жетерин мурдагы каржы министри Ашраф Гани да айтып жатат. Ал өткөн аптада “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде буларды айткан:

- Шайлоо мыйзамы абдан өзгөчөлүктүү нерсе да. Кийинки айлампада эки башкы талапкер ат салышуусу керек. Анткени, ооган элинде тандоо болушу абзел да. Элден алынуучу мандат бир нече талапкер арасынан эки адамдын атаандаштыгына караганда, түшүнүксүз болот. Биз мандатка реформа үчүн муктажбыз. Мисалы мен оогандардын бардык катмары камтылган улуттук биримдик өкмөтүн курам деп ишенимдүү айта алам. Жеңүүчү баарына ээ болот деген формулага мен анчалык ишене албай турам. Анткени, бул өлкөдөгү стабилдүүлүк үчүн саясий мунаса талап кылынат. Биз ошону жаратышыбыз абзел.

Ооган мыйзамдары боюнча да эгер шайлоонун биринчи айлампасында талапкерлердин бири 50 пайыздан ашуун добуш топтобосо, экинчи айлампа өткөрүлөт. Быйыл 5-апрелде болгон шайлоонун биринчи айлампасынын расмий жыйынтыгы 14-майдан кечиктирилбей чыгарылуусу керек. Талап кылынса, экинчи айлампа май айынын соңуна барып өтөт. Ага чейин биринчи айлампанын жыйынтыгы берилген арыз-даттанууларды териштирүү талап кылынат.

Ооганстандын Шайлоо комиссиясынын айтымында, бул ирет шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча миң чакты арыз-даттануу түшкөн. Байкоочулар баамында, эгер шайлоонун кийинки айлампасы талап кылынса, анын жыйынтыгы биринчи айлампада үчүнчү орун алуучу Залмай Расулду жана анын тарапкерлерин экинчи айлампага чыккандардын кимиси өз тарабына ийгере аларына да көз каранды болот.

Мурдагы тышкы иштер министри Залмай Расул Ооганстандын учурдагы президенти Хамид Карзай жантарткан талапкер катары каралган жана бюллетендердин жарымы саналгандан кийнки эсеп боюнча 11% добуш алды. Калган төрт талапкер 5 пайыздан добуш топтогон.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG