Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:35

Тбилисиде полиция менен оппозиция кагылышты


Оппозиция лидерлеринин бири Нино Буржанадзе полиция колдонгон окту көргөзүп жатат, Тбилиси, 6-май 2009-жыл
Оппозиция лидерлеринин бири Нино Буржанадзе полиция колдонгон окту көргөзүп жатат, Тбилиси, 6-май 2009-жыл

Анда 30га жакын адам жараат алганы, алардын көбү демонстранттар экени кабарланууда. Оппозициянын тарапкерлери баш калаадагы полиция бөлүмүндө кармалган санаалаштарын чыгарып кетүү аракетин көрүшкөн. Ошол эле күнү Грузияда НАТОнун аскерий машыгуулары башталган.

Тбилисинин борборунда орун алган кагылышуу президент Михаил Саакашвили үчүн өтө оңтойсуз окуя болуп калды. Эмне дегенде, ошол эле күнү НАТОго мүчө жана шериктеш өлкөлөрдөн жүздөгөн аскерлер Грузияга келишкен. Түндүк Альянстын бир айга созулчу машыгуулары Батыштын Саакашвилиге колдоо көргөзүү акциясы катары сыпатталууда.

Машыгуу башталаардын алдында эле дагы бир жагымсыз кабар тараган. Грузин бийликтери Мухровани базасындагы танк батальонунун 500дөй аскери буйрукка баш ийбей, козголоң чыгарышканын маалымдашкан. Президент Cаакашвили аскерлерге өзү кайрылып, кутум аракети тынч басылганы кабарланган.

Оппозиция өткөн айда 3 апта бою демонстрация өткөрүп, президенттин кызматтан кетишин талап кылган. Оппозиция лидерлери аны өлкөдөгү саясий, экономикалык абалдын начарлашына алып келди деп, августта Россия менен болгон согушта кетирген каталары үчүн айыпташууда.

Шаршемби күнкү нааразылык чыгуулары болсо зордук зомбулук менен коштолду. Демонстранттар аларга каршы ашыкча күч, атап айтканда желим ок атылганын, союлдар колдонгонун ырасташууда. Оппозиция лидерлеринин бири, парламенттин мурдагы спикери Нино Буржанадзе Тбилисиде чогулган элдин алдында сүйлөп буларды айтты:

- Бардыгы көз, чеке, чыкый жагында жарат алышты. Полиция желим ок колдонбогонун айтууда. Бирок мына ошондой октун бири менин колумда, аны бүтүндөй дүйнө көрсүн.

Бийлик демонстранттарга желим ок атылганын танууда. Ички иштер министринин орун басары Эка Згуладзенын ырастоосунда, полиция кырдаалды көзөмөлдөө үчүн чектелүү күч колдонгон. Грузин телеканалынын суроолоруна жооп берип жатып, Згуладзе демонстранттар ички иштер имаратынын тосмосунан өтүү үчүн полицияга таш ыргыткан деди:

- Полицияга чабуул же кол салуу аракети өтө олуттуу кылмыш болуп эспетелерин жана ага жол берилбесин эскерте кетейин. Полиция бул же тигил чабуулду токтотуу үчүн керектүү масштабдагы күч колдонот. Андай күч чектелүү гана болмокчу, себеби өкмөт анын канчалык маанилүү экенин түшүнөт. Бүгүнкү окуядан кийин күмөн санай баштаганыма карабай, демонстранттар да аны түшүнөт деп үмүттөнөм.

5-майда НАТО оппозицияны жана бийликти диалогго барууга, элдин эркин чогулуу укугун, сөз эркиндигин камсыздай турган реформаларды жүргүзүүгө, өкмөттү болсо демонстранттарга каршы күч колдонууну алдын алууга дагы бир ирет үндөдү.
Оппозициянын лидери, Грузиянын БУУдагы мурдагы элчиси Ираклий Аласания бейшембиде журналисттер менен жолугушууда ушул эле теманы козгоду:

- Биз күч колдонууну токтотушубуз керек. Бардык саясий партиялар, бардык саясий күчтөрдүн өкүлдөрү жана өкмөт чогулуп бул маселени сүйлөшүү, жолугушуу аркылуу чечүүгө тийиш. Сүйлөшүү аркылуу жетишилген чечим саясий кризисти жөнгө салуунун жалгыз жолу деп ишенем.

XS
SM
MD
LG