Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:25

Ооганстан: Талиптерди ким эпке келтирээри айтылды


Ооган президенти дагы бир ирет козголоңчуларды куралын таштоого чакырды
Ооган президенти дагы бир ирет козголоңчуларды куралын таштоого чакырды

Ооган өкмөтү талиптер жана аларга үндөш радикал козголоңчу топтор менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзө турган кеңешке киргендердин ысымдарын бүгүн ачыктады. Анын алдынан ооган президенти Хамид Карзай өтө эмоционалдуу түрдө козголоңчуларды зордук-зобундан баш тартууга чакырды.

Кабулдагы маалымат жыйынында президенттин расмий өкүлү Вахид Омар соңку билдирүүнү өлкөдөгү тынчтык жана жарашуу аракетиндеги маанилүү кадам катары сыпаттады.

“Бул кеңеш элдешүү процессин колдоп, биздин жарандарды тынч жашоо үчүн саясий процесске аралаштыруу максатында түзүлгөн, - деди Омар. - Ал зомбулуктан баш тартып, Ооганстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы иштегенден кайта турган оогандарды колдоо үчүн иштемекчи. Жогорку деңгээлдеги кеңеш өзүнүн иши менен козголоңчу топтопго кирген оогандарды жай турмушка кайтарып, коомго аралаштыруу максатын көздөгөн президенттик программанын иши башталганын айгинилейт”.

Абройлуу тизме

Жикчил топтор менен жарашуу үчүн иштей турган кеңештеги 70 адамдын катарында ооган коомунун ар кайсыл тармактарындагы абройлуу өкүлдөрү, мурдагы президенттер да бар.

1980-жылдары Советтер союзунун аскерлерине каршылык көрсөткөн белгилүү лидерлер Сибхатулла Можахедди менен Бурхандуддин Раббани да ушул тизмеге киришти. Ошондой эле, ар кайсыл тайпалардын лидерлери, талиптердин жана айтылуу Ислам партиясынын мурдагы өкүлдөрү да ушул тизмеде. Кеңеште сегиз аял да бар экени айтылды.

Тынчтык үчүн делген жогорку бул кеңеш былтыр июнда Улуттук тынчтык ассамблеясында түзүлгөн. Ассамблеянын 1600 делегаты баары бир добуштан расмий Кабулду куралчан оппозицияны эпке келтириш үчүн конкреттүү кадамдарга барууга чакырган эле.

Бүгүн президент Хамид Карзай дагы бир ирет козголоңчу топторго кайрылып, аларды куралын таштоого чакырды.

“Мен дагы бир ирет талиптерге кайрылып: “Башка бирөөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн өз өлкөңөргө каршы чыкпагыла, аны жок кылбагыла, башка бирөөнүн таламын талашам деп, өз элиңерди атпагыла, өзүңөрдүн мектептерди жаппагыла”, - деп кайрылам”, - деди Карзай.

Жалбарган талап

Кабулда жогорку окуу жайлардын студенттери менен окутуучулары алдында сүйлөп, Карзай согуш улана берсе, оогандар өздөрүнүн улуттук жүзүн, нарк-насилин жоготуп алышы мүмкүн деди.

“Алланын алдында айтайын: Мен аябай коркуп турам. О, эл! Кудай! Менин уулум Мирваизди башка мамлекетке качууга аргасыз кылба! Чет-өлкөлүк болуп жүргөнгө мажбурлаба!”, - деп, аябай эмоционалдуу сүйлөдү ооган президенти.

Айрым маалымат агенттиктери Ооганстандагы эл аралык аскер күчтөрүн жетектеген генерал Дэвид Петреуска шилтеме жасап, кээ бир козголоңчу топтор куралдарын таштап жатышканын кабарлашууда.

Бирок талиптердин өкүлү Забиулла Мужахид генералдын айтканын заматта четке кагып: “Биз мекенибизден чет-өлкөлүк аскерлер эч кандай шартсыз, толугу менен чыгып кетишин каалайбыз”, - деп билдирди.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG