Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 17:02

Дүйнө

Лондондо Ооганстандын келечеги талкууланууда

Лондондо Ооганстан боюнча эларалык жыйын өтүүдө. 70тей өлкөнүн жана эларалык уюмдардын жогорку даражалуу өкүлдөрү коалиция күчтөрүн чыгаруунун мөөнөтүн тактоо, терроризмден баш тарткан козголоңчуларды Ооганстандын коомдук турмушуна аралаштыруу маселесин талкуулашууда. Ооган президенти Хамид Карзай жыйын алдында өлкө дагы 15 жылдай эларалык жардамга муктаж болот деп билдирди.

Лондон. Ооганстан боюнча эларалык конференция, 28-январь, 2010-жыл
x
Лондон. Ооганстан боюнча эларалык конференция, 28-январь, 2010-жыл
Текст көлөмү - +
Конференцияны ачып жатып британ өкмөт башчысы Гордон Браун эларалык куралдуу күчтөр коопсуздукту камсыздоо вазийпасын жергиликтүү аскерлерге ушул жылдын этегинде өткөрө башташы мүмкүн деп билдирди:

- Бул жыйын өткөөл процесстин башаты болуп эсептелет. Ар бир район, вилаейтте коопсуздукту камсыздоо милдетин эларалык күчтөрдөн ооган структураларына, ооган элине өткөрүп берүүнү баштоо үчүн иш-аракеттерибизди макулдашыбыз керек.

Анын айтымында, 2011-жылга карай Ооганстан куралдуу күчтөрүнүн санын 171 миң 600, ал эми полициянын санын 134 миң кишиге чейин көбөйтүү максаты коюлмакчы. Ошону менен жергиликтүү аскерлердин саны чет өлкөлүк контингенттен ашмакчы.

Браун ошондой эле президент Карзай экинчи мөөнөткө расмий киришип жатканда белгилеген өлкөдөгү олуттуу проблемаларды атай кетти. Карзай коррупцияны ооздуктоо, жергиликтүү башкаруу системасын жакшыртуу, экономикалык өнүгүүгө шарт түзүү зарылдыгы жөнүндө айткан эле.

Коррупция демекчи, Улуттар уюмунун маалыматына ылайык, былтыр оогандар 2,5 миллиард доллар пара төлөшкөн экен.

Карзай өкмөтү терроризмден баш тарткан талиптерди ооган коомуна интеграциялоо демилгесин көтөргөн. Кабулдун планына ылайык, куралын таштоону каалаган миңдеген адамга жумушка орноштуруу, кесиптик даярдыктан өткөрүу сунушталып, башка экономикалык жардам берилмекчи.

- Биз "Ал-Кайида" же башка террордук уюмдарга кирбеген, Ооганстан Конституциясын тааныган ар бир мекендешибизге кол сунушубуз керек.

Карзай тынчтык жана жарашуу боюнча улуттук кеңеш түзүлөөрүн да айта кетти. Ал түзүлгөндөн кийин аксакалдар курултайы же Лойя жырга чакырылып, элдешүү маселесин талкууламакчы.

Талип лидерлери болсо чет өлкөлүк аскерлер ооган жергисинен чыгарылмайынча, тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышпасын айтышууда.

Браун зомбулуктан баш тарткан козголоңчуларды экономикалык жактан колдоо үчүн атайын эларалык фонд түзүлөөрүн билдирди. Бирок реинтеграциянын шарттарын кабыл албагандар жоопко тартылат, - деп белгиледи британ премьери.

- "Ал-Кайидага", Ислам динин бурмалап, экстремисттик, зордукчул идеологияны жактагандардын бардыгына так айтышыбыз керек: биз силерди жеңебиз, уруш майданында гана эмес адамдардын, өзгөчө ооган элинин акыл-эсин, ой сезимин иликтөө жагынан да жеңип алабыз.

Карзай ошондой эле тынчтык жана жарашуу процессинде коңшу мамлекеттердин, өзгөчө Пакистандын ролун белгилей кетти.

Лондон конференциясы алдында Стамбулда Ооганстандын коңшулары чогулушкан. Түркиянын төрагалыгында өткөн жыйынга Пакистан, Иран, Кытай, Тажикстан жана Түркмөнстандын жогорку расмий өкүлдөрү катышып, алар талиптер менен элдешүү планын колдошкон.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)