Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Пакистан ооган качкындарын күчтөп кайтарууда


Ооганстанга кайтуу үчүн жүктөрүн даярдап койгон Пакистандагы ооган качкындары. 13-февраль, 2015-жыл
Ооганстанга кайтуу үчүн жүктөрүн даярдап койгон Пакистандагы ооган качкындары. 13-февраль, 2015-жыл

Пакистандан баш калка издеген он миңдеген ооган качкындары акыркы айларда өз мекенине кайтууга аргасыз болууда.

Алар Пакистанда кодуланып, полиция кызматкерлери ур-токмокко алып, үйлөрүнөн кууп чыкканын айтышат.

Ооганстандагы согуштан улам Пакистандан баш калка издеген миндеген аламдарды расмий Исламабад өз өлкөсүнө кайтарууга бир нече жылдан бери аракет кылып келген. Былтыр декабрда 150дөн ашык адамдын өмүрүн алган Пешавардагы мектепке кол салуудан соң мындай аракет күчөдү.

Ооганстанга кайтууга аргасыз болгон адамдардын айтымында, мектепке чабуулду талиптер уюштурганы дайын болгон соң, ооган качкындары “садагага чабылып” жатат. Бийликтер аларды талиптердин пикирлеши катары көрүп, кысымды күчөттү.

Эл аралык миграция уюмунун маалыматы боюнча, жыл башынан бери 33 миңге жакын качкын мекенине кайтып барды. Бул сан өткөн жылга салыштырмалуу эки эсеге көп.

Мындай тагдырга туш болгондордун бири-Ага Хан. Ал 1990-жылдардын башында Пакистанга жер которгон. Бирок акыркы оркуялардан соң Кабулга кайтып келүүгө аргасыз болду. Ал “Азаттыктын” ооган кызматына билдиргендей, көпчүлүк оогандар Пакистан полициясы жана атайын кызмат өкүлдөрүнүн куугунтугунан улам Ооганстанга өтүп жатышат:

- Акыркы эки айда мен тааныган 63 качкынды полиция эч негизсиз эле камакка алды. Азыр алардын кайда экенин эч ким билбейт, - деди Ага Хан.

Пакистандагы ооган качкындары
Пакистандагы ооган качкындары

БУУнун качкындар иштери боюнча комиссариатынын маалымат катчысы Бабар Балучдун айтымында, эл аралык уюмга Пешаварда ооган качкындарына жасалып жаткан катаал мамиле боюнча маалымат келип түшкөн. Анын негизинде комиссариат Пакистан бийликтерине өз камтамачылыгын билдирген.

Улуттар уюмунун маалыматы боюнча, ушу тапта Пакистанда 2,5 миллионго жакын ооган качкыны жашайт. Алардын миллионго жакыны качкын деген расмий макам алган эмес. Мындай жол менен Пакистан акыркы отуз жылда оогандар эң көп баш калка тапкан өлкөгө айланган. Ушул жылдар аралыгында 3,8 миллионго жакын адам өз мекенине кайткан.

Адам укуктары жаатында иш алпарган Human Rights Watch уюму февралдын аягында Пакистан өкмөтүнө кайрылып, качкындардын коопсуздугун камсыз кылууга чакырды.

- Пешавардагы жырткычтыктан соң Пакистан бийликтери оогандарды күнөөлөп, аларды садага чаппаш керек. Коопсуздуктан улам башка өлкөгө жер которууга мажбур болгон адамдарды кайра кайтаруу мыйзамсыз экенин айтпаганда да, адамгерчиликке жатпайт, - деди Human Rights Watchтун Азия өлкөлөрү боюнча жетекчи орун басары Фелим Кайн.

Эл аралык уюм өкүлү Пакистан бийликтеринин качкындарга карата мындай мамилеси өлкөнүн кадыр-баркына шек келтирерин белгилеп, мындай көрүнүштөргө жол бербөөгө чакырды.

Исламабаддан Ооганстанга качууга аргасыз болгон качкындардын дагы бири - Абдул Вали. Ал качкын деген расмий макамы да куугунтуктан сактай албаганын “Азаттыктын” ооган кызматына айтып берди:

- Пакистан полициясында иштегендердин айтымында, ар бир офицерге 50дөн ооган качкынын камайсың деген буйрук берилиптир. Аларга качкын деген макамдын бар-жогунун мааниси жок экен.

Пакистан аскердик күчтөрү
Пакистан аскердик күчтөрү

Анткен менен Пакистан бийликтери айтылган дооматтарды четке кагууда. Бирок өлкөнүн тышкы иштер министринин маалымат катчысы Тасним Аслан Хан жакындагы маалымат жыйынында мыйзамсыз жүргөн качкындарды мекенине кайтаруу аракети болгонун моюнга алды:

- Биз ооган качкындары мекенине өз эрки менен жана татыктуу кайтышын каалайбыз,- деген Хан каттоосу жок, мыйзамсыз жүргөн качкындар өлкө коопсуздугуна коркунуч туудуруп жатканын билдирди. Анын айтымында, бийликтер террорчул аракеттерди алдын алуу үчүн “тиешелүү чараларды көрүүгө” аргасыз болуп жатат.

Пакистандын чек ара аймактары боюнча министрлиги болсо мыйзамсыз жүрүп, өлкөдөн чыгарылган качкындар кайрадан киргизилбей турганын билдирди.

Ал эми Хайбер-Пахтунхва провинциясында 11-февралда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү качкын деген макам алып, бирок атайын лагерден тыш аймакта жүргөндөрдүн баарын өлкөдөн чыгарганы кабарланды.

Ооганстандагы адам укуктары боюнча комиссиянын маалымат катчысы Рафиулла Байдар Пакистан бийликтеринин качкындарга мамилеси эл аралык укуктук нормаларга каршы келерин айтып чыкты. Анын билдиришинче, пакистандык согушкерлердин айынан ооган качкындары жабыр тартпашы керек. Ошол эле учурда эл аралык уюмдар Ооганстан азыр көп сандагы качкындарды мекенинде жайгаштырууга чама-чаркы жетпейт деп тынчсызданууда.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG