Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:58

Азия чемпионаты: "Эмгек" чейрек финалга чыкты


"Эмгек" жана "Нагоя Оушенс" клубдарынын беттеши. 2-август, 2015-ж. Исфахан шаары, Иран.
"Эмгек" жана "Нагоя Оушенс" клубдарынын беттеши. 2-август, 2015-ж. Исфахан шаары, Иран.

Бишкектин “Эмгек” футзал клубу ушул күндөрү Ирандын Исфахан шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунда тайпалык оюндарда Жапониянын “Нагоя Оушенс” клубу менен 2:2 эсебинде тең чыгып, тайпада биринчи орун менен чейрек финалга жолдомо алды.

Футзал боюнча клубдар арасында Азия чемпиондугунун тайпалык беттештеринин акыркы оюну саналган “Нагоя Оушенс” менен "Эмгек" клубдарынын беттеши 2-августта Исфахан шаарында өттү.

Оюндун биринчи бөлүгүндө атаандаштар 1:1 эсебинде тең чыгуу менен эс алууга кетишкен. Андан кийин экинчи тайм аяктарына 4 мүнөт калганда жапондор тараптан Каоринин аракети менен бишкектиктердин дарбазасына дагы бир гол кирип, эсеп айырмасы өзгөргөн. Оюн бүтөрүнө саналуу гана убакыттар калганда Руслан Гафуровдун аракети менен “Эмгек” клубунун пайдасына дагы бир гол жазылып оюн 2:2 эсебинде аяктады.

Буга чейин бир күн мурда тайпалык тандоо оюндарынын алкагында бишкектик клубдун оюнчулары Өзбекстандын "Локомотив" клубун 8:3 эсебинде утуп алган эле. Ал эми жапониялыктар ташкенттик клубду 5:2 эсебинде жеңишкен. Ошентип атаандаш дарбазасына киргизилген топтордун айырмасында “Эмгек” клубунун оюнчулары биринчи орун менен тайпадан чыга алышты.

Аталган клубдун башкы машыктыруучусу Канимет Аралбаев мелдештер күчтүү атаандаштыкта өткөнүн "Азаттыкка" курган маегинде айтып берди.

Бишкектин Эмгек футзал клубунун башкы машыктыруучусу Канимет Аралбаев. 30-июль, 2015-ж. Исфахан шаары, Иран.
Бишкектин Эмгек футзал клубунун башкы машыктыруучусу Канимет Аралбаев. 30-июль, 2015-ж. Исфахан шаары, Иран.

- Жапон клубуна буга чейин Кыргызстандык клубдар утулуп, бирөө дагы тең тайлашкан оюнду көрсөтө алган эмес. Буйруса, Кыргызстандан алгачкы жолу чейрек финалга чыккан команда болдук. Негизинен турнир күчтүү атаандаштыкта өтүп жатат. Иран, Катар, Вьетнам ж.б. бир катар өлкөлөрдүн командалары башкы олжону утуп алууга башкы талапкер болушууда.

“Нагоя Оушенс” клубу буга чейин 2011-жана 2014-жылдары футзал боюнча клубдар арасында Азия чемпиону болушкан. Кыргызстандын атынан быйыл Азия чемпиондугуна алгачкы жолу катышкан “Эмгек” футзал клубу эки жыл мурда түзүлгөн.

Команданын оюнчулары алгач ышкыбоздор арасында "KG лигада" ойношуп, кийинки жылы футзал боюнча Кыргызстандын "Cупер лигасында" 13 клубдун арасынан чемпион болгон.

Башкы машыктыруучу Канимет Аралбаев команда жаш оюнчулардан куралганын, мелдешке жогорку деңгээлде даярдык көрүшкөнүн айтып берди.

- Мелдешке 1,5 айга жакын даярдандык. Кыргызстан менен Ирандын Футбол федерацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн негизинде Ирандын Тегеран шаарында 9 күн окуу машыгууларды өткөрдүк. Машыгуу алкагында бул өлкөнүн эң мыкты кичи футзал клубдары менен 3 жолу жолдоштук беттешке чыгып, жакшы даярдандык. Командада 22 жаштан 25 жашка чейинки курактагы жаш, мыкты оюнчулар бар. Бул чемпиондукка катышкан командалардын көпчүлүгүндө сырттан келген оюнчулар, машыктыруучулар бар экен. Биздин командада жергиликтүү гана оюнчулар ойношот. Биз да мыкты экендигибизди далилдеп, финалдык жарышка чейин жетебиз деп үмүттөнөм.

Бишкектин "Эмгек" футзал клубунун оюнчулары. 2-июль, 2015-ж. Исфахан шаары, Иран.
Бишкектин "Эмгек" футзал клубунун оюнчулары. 2-июль, 2015-ж. Исфахан шаары, Иран.

“Эмгек” кичи футбол клубу кыргыз футзалынын тарыхында Азия чемпиондугунда алгачкы жолу чейрек финалга чыккан кыргызстандык клуб болууда. Буга чейин бул мелдештин тандоо оюндарына Бишкектин “Дордой” жана “Налоговик” клубдары катышып, бирок ийгиликке жетише алышкан эмес.

Ошондой эле финалдык таймаштарга катышкан “АУБ- Алтын Таш” клубунун оюнчулары да тайпалык жарыштарда атаандаштарына жеңилип калышкан эле.

Кыргызстандын Футзал федерациясынын президенти Рыскелди Мусаев Эмгек клубунун быйылкы чемпиондуктагы жетишкендиктерин жогору баалап, курамды мыкты оюнчулар менен толуктаса, дагы бир топ ийгиликтерге жетишсе болмок эле деген пикирин айтты.

- "Эмгек" клубунда ага ини Руслан жана Рустам Эрмеков, Руслан Гафуров, Ильяс Чотбаев өңдүү жогорку чеберчиликке ээ болгон оюнчулар бар. Көпчүлүк оюндарда 6-7 мыкты оюнчулар гана талаага чыгып, калганы өз кезегин күтүп отуруп калышууда. Дагы бир топ мыкты оюнчуларды командага кошуп алса жакшы жетишкендиктерди камсыз кылышат эле. Канимет Аралбаев - мыкты насаатчы. Ал оюнчуларга жакшы дем, күч берип, команданы алга жетелей алат.

Футзал боюнча Азия чемпиондугунун 4-августта боло турган чейрек финалдык таймашында Кыргызстандын чемпиону “Эмгек” клубу Кувейттин Qadsia клубу менен беттешет. Андан сырткары бул күнү Ирандын Tasisat Daryaei клубу Жапониянын Nagoya Oceans, Вьетнамдын Thai Son Nam клубу Катардын Al Ryan, Ирактын NAFT Al-Wasat Club клубу Ливандын Bank of Beirut клубу менен жарым финалга чыгуу үчүн таймашат.

Футзал боюнча клубдар арасындагы Азия чемпиондугунун финалына Азия чөлкөмүнүн рейтингинде улуттук курама командасы алдынкы 12 орунга ээ болгон өлкөлөрдүн чемпион клубдары катышат.

31-июлда Ирандын Исфахан шаарында башталган оюндар 7-августка чейин созулат.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG