Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 16:54

Басма сөз

“The New Republic”: Бакиев демократия жөнүндөгү убадасын тез унуткан

Батыштын жана Россиянын басылмалары Курманбек Бакиевдин саясаты, Кыргызстандагы жагдай жана өлкө келечеги тууралуу эмне дешет?

Дүйнө гезиттери.
Текст көлөмү - +

Вашингтондо чыкчу “The New Republic” жумалыгы Кыргызстандагы саясый кризистин себептерине арналган макалада “Бакиев демократия курам деген убадасын тез эле унутканын”, “ал эзели демократияны жактырбаганын жана бийликке келгенден тарта өлкөнү авторитаризмге жана непотизмге (туугандарын бийликке отургузууга) бурганын”  белгилейт. “Роза Отунбаева башындагы утурумдук өкмөт алты айда өткөрчү шайлоо - жаңы демократияны куруудагы алгачкы кадам болот” деп тыянак жасайт “TNR”.

 

Москванын “Газета.ru” интернет басылмасы “Бакиевдин ишинин жыйынтыгы кашкайып турат” деген макаланы баскан. Темага президент Медведевдин Вашингтондогу Брукинс интитунда Кыргызстандагы америкалык авиабазага байланыштуу айткан сөзү коюлган. Медведев эмне деген эле?

 

"Президент Бакиев ырааттуу адам. Ал обол Кыргызстандагы америкалык базаны жабуу жөнүндө чечим кабыл алганы жатканын айтты. Андан кийин Транзиттик ташуу борборун сактоо тууралуу ошондой эле ырааттуу чечим кабыл алды.(Залда күлкү башталды.) Менимче, ырааттуулук дайыма саясатчылардын жакшы мүнөзү болгон. Адам канчалык ырааттуу болсо, ийгилиги ошончолук жакшы болот. Кыргызстандын президентинин ишинин жыйынтыгы кашкайып көрүнүп турбайбы.”

Бул Россия президентинин шейшемби күнү америкалык саясатчылар, талдоочу-эксперттер алдында Курманбек Бакиевге берген баасы.

 

Британ гезиттери Курманбек Бакиев президенттиктен кетүүгө даяр экенине көңүл бурушту. Мисалы, Лондондун “Daily Telegraph” гезити Бакиев убактылуу өкмөт анын үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна кепилдик берсе, президенттиктен кетүүгө макул болгонун жазды.

 

Ал эми “Financial Times” болсо “Эл аралык коомчулук, анын ичинде АКШ, Россия жана Улуттар Уюму чатакты кан төгүүсүз токтотуусу үчүн Кыргызстандын саясый элитасына катуу кысым көрсөтүп жатканын” кабарлады. Лондондук таасирлүү гезит  Россиянын Федералдык Кеңешинин биринчи орун басары Александр Трошиндин “саясый элита тез мунасага келбесе, Кыргызстан мамлекет катары кыйрайт” деген сөзүнө да шилтеме жасаган.

 

“Коммерсанть” басылмасы Россиянын Кыргызстанга 50 миллион доллар бере турганын  жар салды. Бул акчанын 20 миллион доллары грант, 30 миллион доллары жеңилдетилген кредит болот. Жардамдын жөнүн премьер-министр Владимир Путин мындайча түшүндүргөн:

 

-Убактылуу өкмөттүн жетекчилеринин билдиришинче, (Кыргызстандын) казынасы бош калган. Азыркы жетекчиликтин айтышынча, мурдакы жетекчилер баарын уурдап, талап-тоноп, кыйратып кеткен... Биз дайыма Кыргыз эли менен өзгөчө мамиледе болгонбуз жана татаал мезгилде, албетте, Кыргызстандагы досторубузга жардамдашыбыз керек.

 

“Коммерсанть” Россия Кыргызстанга 1,5 миң тонна үрөн жана 25 миң тонна бензин жана мунай жөнөтөөрүн да жазды.

 

АКШнын “Christian Science Monitor” гезити кээ бир саясатчылардын, анын ичинде президент Медведевдин Кыргызстанда жарандык согуш чыгып кетиши этимал деген пикирине кошулбайт. “Учурда граждандык согуш чыгып болушу мүмкүн же убактынча өкмөткө каршы көтөрүлүш чыгат деген чочулоо чындыкка окшобойт сыяктуу”, деп боолгойт бостондук гезит.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
16.04.2010 12:17
Tezirek ka4yp ketpeit belen.eldi durbotpoi.azyr dele ailan jokton kettin go.AKAEV senden min ese jakwy eken.

кимден: Nari каяктан: Kg
16.04.2010 10:09
Урматтуу убактылуу окмот"" Россия Кыргызстанга 50 миллион доллар бере турганын жар салыптыр. Бул акчанын 20 миллион доллары грант, 30 миллион доллары жеңилдетилген кредит болот экен, дагы. Россия Кыргызстанга 1,5 миң тонна үрөн жана 25 миң тонна бензин жана мунай жөнөтөөрүн да жазыптыр"""Ушул акчаларды өз ыраатты менен талап тонобой, кыргызстадын экономикалык өнүүгүшүнө чоң эле өбөлгө түзөт, ошондуктан көзүңөрдү ачып жакшы колдонгула! алгандын барери бар, Кудайым буйурса КЫРГЫЗСТАННЫМ көтөрүлүп жетишкен өлкөлөрдү бири болуп кетет!!!

кимден: Maksutov Manas каяктан: Osh. TEOFAK
15.04.2010 18:58
Bardik kirgizstandiktardi sabirduuluka, jana ozubuzgo kelip alishibizga chakiramin! Azirki abaldi eske alaturgan bolsok kirdal abdan oor oshonduktan bardigibiz ertenki kirgizstandin kelechegin oylo menen! Biz tagirak aytkanda azirki liderler biylik talashuunu toktotush kerek! Azir kirgizstanda grajdandik sogush chigishi mumkun sebebi elder azir kimge ishenishin bilbey turushat. Bardigina Bakiev gana kunolubu je opazissiyanin da kunosu barbi? Degen suroogo joop izdegen adamdar, azirki kirdaldi tushuno albay turushat. Albette bul jerde AKSH menen RASSIYAnin sayasati oyun oynoodo. Kantkende azirki uchurdan chigip kete alabiz? Menin oyum boyuncha azirki ubaktiluu biylik menen Bashtapki kunoluu deybizbi je kan kor dep jatkan Bakiev menen tuzdon tuz suyloshup kim kunoolu bolso ani miyzam cheginde jazoogo tartip tezinen kirgizstanibizdin kelechegin oyloyluchu urmattuu agayim-tugandar!

кимден: Алмаз М. каяктан: Талас
15.04.2010 16:42
А.Атамбаевке Россия 150млн доллардан ашык берет деди эле.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)