Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:28

Ирак согушуна жети жыл


Согуш алааматын көтөргөн ирак жери
Согуш алааматын көтөргөн ирак жери

2003-жылы 20-мартта АКШнын куралдуу күчтөрү жана анын шериктештери Саддам Хусейиндин бийлигин кулатуу максатында Иракка сокку урган эле. Бул жети жыл аралыгында ирак согушуна ар кандай баа берилип келет.

“Иракты эркиндикке чыгаруу операциясы” (Operation Iraqi Freedom, OIF) деген аталыштагы аскердик аракеттер 2003-жылдын 20-мартынын таңында башталган. Согуш отунун тутанышына АКШнын Борбордук Чалгындоо Агенттигинин (Central Intelligence Agency, CIA) Иракта жалпы адамзатты тукум курут кыла турган өзөктүк, химиялык, бактериологиялык куралдар бар деген тастыктоосу негиз болгон.

Ага кошумча ар кайсы булактардан алынган Ирактын эл аралык террордук топтор менен байланышы бардыгы тууралуу маалыматтар да болгон. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Иракка каршы күч колдонууга расмий улуксаатысыз эле АКШ жетекчилик кылган элүү өлкөнүн аскердик тобунан турган коалициялык күчтөрдүн согуш аракеттери башталган.

Көз карандысыз талдоочулар Ирак согушунун эң башкы себеби - бул өлкөдөгү кара майдын зор запасы экендигин баса белгилешет. Айта кетсек, Ирак дүйнөдөгү кара майга бай экинчи өлкө.

Кыргызстандык серепчи Карыбек Байбосуновдун пикиринде, АКШга Орто Түштүктөгү араб чөлкөмүндө жана Орто Түштүк Евразияга чектеш аймакта мунайзат чыккан булактарга толук көзөмөл жүргүзүү гана керек болчу.

- Мунайзат Америка үчүн байлоого берилген гана каражат. Саясий маселеси - менмин деген мамлекеттерди Саддам Хусейндин режими өөдө-төмөн, анын атомдук куралы бар экен деп алаксытуу. Кийин химиялык дагы, атомдук дагы куралы табылбай эле калбадыбы. Бул шылтоо болгон. Мунун баарын Американын атайын кызматтары билген. Билип туруп атайын жасалган акция, маневр болчу.

2003-жылдын 1-майында АКШнын ал кездеги президенти Жорж Буш Иракта согуш аяктаганын жар салган. Арийне, Саддам Хусейиндин бийлигин кулатуу, андан соң аны колго түшүрүү менен кийнчерээк өлүм жазасына буюруу, коалициялык күчтөрдүн өлкөгө толук ээлик кылганы – жалпы ирактыктардын каршылыгы менен өлкөдө зордук-зомбулуктун күчөшүнө алып келген.
Нью Йорк Таймс: Ирак согушу аяктады

Бир миллиондон ашуун ирактыктар согуш алааматынын курмандыгына айланса, эл аралык коалициядан төрт миңден ашуун аскер көз жумган, жарадар болгондордун саны отуз миңден ашкан.

АКШнын жаңы президенти Барак Обама өзүнүн сырткы саясатында Иракта бейкуттукту орнотууну эң артыкчылыктуу багыт катары атаган. “Мен президент катары муну ишке ашырам. Ирак эли чөлкөмдөгү бейкуттукту сактоодо биздин өнөктөш тейден калат. Эми катачылыктар болбойт, согуш бүттү, биздин аскерлер үйүнө кайтат”, - деп айткан президент Обама АКШ Конгрессинде сүйлөгөн сөзүндө. Анда 2010-жылдын август айына чейин АКШ өз аскерлерин Ирактан толугу менен чыгарып кетээри жарыяланган.

Ирактагы согуш АКШнын ички, сырткы саясатында, экономикасында эң негизги аныктагычтардын бирине айланды. Согуштун “башкы күнөөкөрү” катары эсептелген Жорж Буштан айырмаланып, Барак Обама өзүнүн Ирак саясаты аркылуу дүйнөлүк коомчулуктан колдоо табууда. Президент Обамага 2009-жылы Нобель Тынчтык сыйлыгы ыйгарылган.

Барак Обамага ыйгарылган Нобел Тынчтык сыйлыгынын диплому
Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев өткөн жылдын октябрь айында “Азаттыкка” берген маегинде Барак Обаманын саясаты Америка Кошмо Штаттары үчүн чоң бурулуш деп баалаган.

- Барак Обама кандай бурулуштарга барып, өз мойнуна кандай чоң жоопкерчиликтерди алып жатат. Ал киши келгени Ирактан Американын армиясын алып чыгып кетем деди. Бул чечим - Иракта Буш туура эмес согуш баштаган дегенге барабар.

Кечээ Вашингтон шаарында Ирак согушунун 7 жылдыгына карата миңдеген адамдар жыйналып, Ирак менен Ооганстандан америкалык аскерлерди чыгарууну талап кылышты. Ак Үйдүн алдына табыттарды коюп, алардын ичине жатып алгандыгы үчүн сегизге чукул адам камакка алынганы маалымдалды.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG