Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 16:48

Басма сөз

Батыш басма сөзү: Ташкен чечими кошуналарды түйшүккө салды

Батыш басма сөзү Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы, Борбор Азиядагы энергетика маселелери тууралуу да сөз кылды.

Текст көлөмү - +
“Кыргыз өкмөтү чет элдик жана жергиликтүү укук коргоочулардын түштүктөгү окуяларды калыс текшерүүсүнө тыюу салып жатат” деп билдирилет Хюман Райтс Уотч уюмунун интернет баракчасында чыккан баяндамада. “Кыргыз бийлигинин чет элдик жана жергиликтүү укук коргоочуларды куугунтука алуусу, экстремизмге каршы күрөшкө байкоо салуунун эмне үчүн ушунчалык маанилүү экенин далилдеп олтурат” деп улантылган баяндамада, кыргыз бийлиги, репрессиялык тактикаларды таштап, сот жараяндарына байкоо салууларга жана окуяларды калыс талдоого алууларга уруксат берүүгө чакырылат. Баяндамада өткөндө кыргыз чек ара кызматчылары тарабынан өлкөгө киргизилбей коюлган тажикистандык укук коргоочу Нигина Бахриева окуясы мисалга тартылып, Ноокатта болгон окуялар тууралуу кең-кесири маалымат берилет.

The Jamestown Foundation аталышындагы кордун интернет баракчасында Өзбекстандын аймактык электр түйүнүн үзгүлтүккө учуратып жатканы тууралуу бир макала жарыяланды. Макалада Ташкен бийлигинин Борбор Азия электр энергетика түйүнүнөн чыгып кете турганы тууралуу бекиткен токтому аймактагы бүт өлкөлөрдү түйшүккө салганы, алардын ичинен эң эле оор запкыны Кыргызстан менен Тажикистан жей турганы билдирилет да, Кыргызстан менен Казакстан ортосунда энергетика менен өз ара тейленүүнү кепилдикке алуу максатында жетишилген келишим тууралуу маалымат берилет.

“Түркия Декабрдын 3ү күнү, өзүнүн аскерлери Ооганстанда согуштук озуйпа аткарбай турганын так кесе билдирди. Мусулман ааламында зоболосу өсүп бараткан Түркия Ооганстандын бир катар кыйынчылыктуу аймактарында кысталыш абалда болгон АКШнын талаптарын четке кага ала турган абалда. Анкаранын бул токтому Түштүк Азиядагы геостратегиялык турумун күчтөндүрүү жана Борбор Азияга таасирин жаюу максатын күткөн анын максаты менен тыкыс байланыштуу”. Мындай пикир Stratfor Commentary аталган жеке чалгын уюмунун интернет баракчасында чыккан бир макалада билдирилген. Анда жазылышына караганда, Түркиянын президенти Абдуллах Гүл өткөн жакын арада айткан сөзүндө өлкөсү Ооганстандагы ишкердүүлүгүн кеңейте турганынын четин чыгарган менен, бул тууралуу токтомду Түркиянын өзү беките турганын баяндаган. “Ооганстанга жөн эле аскерлерди жибериш чечим эмес. Биз ооган куралдуу күчтөрүн машыктырып аларды техника менен жабдышыбыз талап кылынат”, - деп көрсөткөн Түрк президенти Абдуллах Гүл.

Стамбулда чыгууку Hürriyet гезити Түркиянын Иран менен мамилелерине сереп салган бир макаласын жарыялады. “Иран себебтүү Түркия кыйчалыш абалда” деген баш сөз менен чыккан макалада, Ирандын өзөктүк программасы, Тегеранды эл аралык коомчулук менен тирешүүнүн нугуна салуу менен гана чектелбестен, Анкараны дагы, абдан татаал бир дипломатиялык туюка такап койду. Премьер-министр Режеп Таййип Ердогандын Иран президенти Махмуд Ахмединежат менен сыпайылашуусу жана ТИМ Ахмет Давутоглунун ‘маселелерди диалог аркылуу чечүү’ деген саясаты Тегеранга анча таасир алып келбеген сыяктанат” деп улантылат макала.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)