Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5485
KGS / 
EUR
61,049
KGS / 
USD
46,717

VIP маек

Сөз таануу

Борбордук Азия

Өзбек өкмөтү байларды "кынына киргизүүдө"

Президент Ислам Каримов. 2007-жыл

Президент Ислам Каримов. 2007-жыл

12.03.2010
Амирбек Азам уулу

Өзбекстанда бир нече ири бизнесмен камакка алынды. Маалымат булактарынын жазышынча, алардын ичинде банкирлер, ишкерлер, “Пахтакор” футбол клубунун кожоюну да бар.

Бай ишкерлерге каршы бийликтин жортуулу президент Ислам Каримов былтыр декабрда “өлкөдө олигархтар болбош керек, элдин баары тең болсун” дегенден бир нече айдан кийин башталган.

Капааттуу иш президент Ислам Каримовдун кыздары Гүлнара менен Лоланын бизнесине кеңири жол ачканы жасалууда деген да божомолдор бар.



Президент Каримов "чач ал десе, баш алынды"

Өзбек өкмөтү маалымат мейкиндигин “чычканга кебек алдырбай” көзөмөлдөп тургандыктан, өлкө ичинде эмне болуп жатканын так айтуу кыйын. Бирок “Uzmetronom.com”, “Uznews.net” жана “Ferghana.ru” сыяктуу интернет басылмалардын кабарлашынча, камакка Ташкендеги "Караван" базардын ээси Дмитрий Лим, Бекабад цемент заводунун мүдүрү Алик Нуриддинов, “Пахтакор” футбол командасынын эгеси, ишкер Батыр Рахимов алынган.

Өзбек аксакалдар бата кылышууда.
Батырдын бир тууганы Бахтияр Рахимов, айтылганга караганда, өлкөдөн чыга качкан. “Алп Жамал банкынын” кожоюну Мухиддин Азомиддинов, Кызыл кум цемент заводунун директору Ражапбай Жуманазаров да качкындардын арасында бар. Баса, Дмитрий Лим менен кошо "Караван" базардын түрдүү деңгээлдеги 50дөн ашык жетекчиси да камалган.

Швейцарияда катталган “Zeromax” мунай-газ компаниясынын эки өзбек эгесинин бири да прокурорго чакырылып, сурак берген.

Өлкөнү ичтен жакшы билген качкын журналист Галима Букарбаеванын "Азаттыктын" Өзбек кызматына айтышынча, камакка алуулар чиренген байлар да прокурор алдында алсыз экенин күбөлөйт.

- Шоокумдуу окуялар коомчулук үчүн жабык. Имиш сөздөрдө жана тастыкталбаган кабарларда айтылган өзбек бизнесмендери арасындагы камакка алуулардын толкуну Өзбекстанда эч ким 100 процент корголбогонун көрсөтөт.

Өзбек өкмөтүнүн атын атабоону өтүнгөн аткаминери төбөсү көрүнгөн ишкерлердин камакка алынганын ырастап, бийлик
Өзбекстандан бир элес. Бийлик "өзбек элин каралап-жамандоодо" деп күнөөлөгөн Умида Ахмедованын фото сүрөтү.
кылмышкерлерге каршы күрөшүп жатканын айткан.

 Каримов да Путинчесинен казына толтурууга өттү...

“Ferghana.ru” сайтынын кабарчысы Алексей Волошевичтин оюнча, өкмөт бөксөргөн казынаны толтуруу үчүн ишкерлерди “алкымдан алууда”:

- Казынада сары чака жок болгондуктан өкмөт аны толтуруу үчүн ырааттуу иштеген чарбаны же ийгиликтүү ишкерди кылмыш ишин ачабыз деп коркутуп, казынага чоң акча толтуруп алууну каалайт. Камакка алуулар жөнүндө кеп кылган адамдар түгөл ушундай пикирде.

Ишкерлерге каршы жортуулдун максаты алардын Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Зелимхан Хайдаров менен байланышын аныктоо деген да божомолдор айтылууда. Хайдаров бул кызматта 1993-жылдан бери былк этпей отуруп, таасирлүү саясый фигурага айланган.

“Uzmetronom.com” интернет басылмасынын редактору Сергей Ежков алп ишкерлерди абакка отургузуу карт бөрүлөрдү бийликтен айдап, жаш муунга жол тазалоо үчүн жасалууда деп боолгойт:

-Эгер байкасаңыз, соңку учурда президент 40ка чыга элек же 40тан бир аз өткөн жаштарды кызматка тартууда. Өкмөттө муун алмашууда. Ошондуктан өкмөттө узак отуруп, тамырлап кеткен жана чөнтөгүн толтуруп, коррупцияга аралашкан эски гвардия жаштарды сындырып койбош үчүн экономикалык мейкиндик тазаланууда. Максат бизнести өлтүрүү эмес, корруцпияланган адамдардын тамырын табуу.

Кээ бир серепчилер капааттуу иш президент Ислам Каримовдун кыздары Гүлнара менен Лоланын бизнесине кеңири жол ачканы жасалууда деген жоромолдошууда.
Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: ЧЕК-АРА, КООПСУЗДУК каяктан: ТЕРРИТОРИЯЛЫК БУТУНДУК
19.03.2010 20:22
Каримов биздикилерге окшоп жер саткан жок.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
14.03.2010 19:55
Каримовдун жүргүзүп жаткан саясаты бир жагы туура болсо экинчи жагы ал өлкөсүн демократиялык башкаруу деп айтканы менен ал монархиялык башкаруу жолу менен башкарат, Каримовдун айтуусу бойунча өлкөдө алигархтар болушу мүмкүн эмес бардык адамдар бирдей жашаш керек, жана тамырлашып кеткен корупцинерлерди жок кылып жаштарга жумуш орундарын бошотуу бул эң эле туура маселе,Биздин Кыргызстан болсо ушундай элдин мүлкүн талап тоноп жеп жаткандардын атын атап сүйлөп -сүйлөп какшап кала берет ,Мынаке Каримов камап салды бири да унчуга албайт ,Журналистер дагы эмне болгонун ачык айтып жаза албайт ,Жаздыңбы өлдүм дей бер,Буга мисал 2007-жылы 24-октябрьда журналист Алишер Саиповду Ош шаарында белгисиз адамдар тарабынан олтурулду,Себеби ал Андижан окуяларын чагылдырган макалаларды жазган,
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)