Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 16:42

Саясат

Качкындар жапырт кайтып келе баштады

Тополоң күндөрү үй-жайын таштап Өзбекстанга өтө качкан Кыргызстандын жарандары жапырт үйлөрүнө кайтып келе башташты. 22-июнда Өзбекстандан 35 миңден ашуун адам кайтып келгенин Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.

Кыргызстанга кайтып келе жаткан качкындар
Текст көлөмү - +
Ошондой эле бүгүн Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асанов баштаган делегация Өзбекстандын Анжиян облусунунда баш калкалап турган качкындардын беш-алты жайына барып, аларды үйлөрүнө кайтууга чакырып келишти.

Кыргыз делегациясын Анжиян облусунун акими Усманов Ахмаджан, ички иштер министри Бахадур Матлюбов жана өзгөчө кырдаалдар министри Турсун Кудайбергенов тосуп алышты. Алардын коштоосунда кыргыз делегациясы качкындар менен жолугуп, алардын ал-жайы менен таанышып, Жалал-Абадда, Сузакта айрыкча абал тынч экендигин, бардыгы өкмөттүн көзөмөлүндө тургандыгын түшүндүрүп, аларды үйлөрүнө кайтууга, референдумга катышууга чакырышты.

“Шарты жакшы экен, тамак-ашы, санитардык абалы, жаткан жайлары баары жакшы экен. Биз барганга чейин 1200 жаран Кыргызстанга кайтып кетиптир. Биз баргандан кийин массалык түрдө кайра кайтуу башталды. Буюрса, эки күндүн ичинде биздин жарандар толугу менен үйлөрүнө кайтып келет”,-деп билдирди “Азаттыкка” губернатор Бектур Асанов.

Ал эми качкындар өз кезегинде Кыргызстандын бийлик башчыларына тополоң окуялар кайра кайталанбайбы деп коркуп жатышканын айтышып, тополоң маалында өрттөлгөн үйлөрдү ким калыбына келтирип берет деген суроолорун беришти. “Менин ыраазы болгонум, алар бул жерде улуттар арасында чыр жок экенин, мунун үчүнчү күчтөр уюштургандыгын, кыргыздарга эч кандай дооматы, нааразылыгы жок экенин айтып жатышты”,-дейт Бектур Асанов.

Ош жана Жалал-Абад облустарында болгон тополоң окуялардын учурунда 75 миң адам үй-жайын таштап Өзбекстанга өтө качкан. Аларды Өзбекстандын бийлиги 57 лагерге бөлүп жайгаштырышкан. Качкындар баргандан бери алардын арасында 124 бала төрөлүптүр.

Бектур Асановдун айтымында азыркы учурда Өзбекстанда Жалал-Абад облусунан барган он миңдей адам калды. Алар бир-эки күн аралыгында үйлөрүнө кайтып келүүгө тийиш.

“Эртең менен бараткан саат 9-10 ченде Кыргызстандын аймагы аркылуу жүздөгөн адамдардын өз үй-жайларына төшөнчүлөрү менен кайтып келе жатканын өз көзүм менен көрдүм”,-деп билдирди дубандык кабарчыбыз Ырыспай Абдраимов.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Мирлан каяктан: Озгон
23.06.2010 16:31
кимден: Жылдызбек каяктан: Озгон !!!!!!!!! Кадырлуу озгондо жашаган озбек туугандар, Жылдызбек туура айтат.Биз кыргыздар ыньымакта жашагыбыз келет.Силер да озунордун жоопкерчилигинерди билгиле.Ар ким оз созуно жооп бериш керек.Озгондо жашаган кээ бир озбек туугандардын Юлдуз деген эл бузар кызды колдогону туура эмес.

кимден: Жылдызбек каяктан: Озгон
23.06.2010 16:03
Урматтуу озгондук озбек туугандар! Формударга кирип алып ар нерсени жазып атасынар.Юлдузду да колдоп атсынар.Ойлонгула!

кимден: БАЛА каяктан: РАША
23.06.2010 15:49
эмнеге Юлдуз баардык кыргыз элин Арам.тойлорунар арам дер кордук кылып атат?? Сотко бериш керек андай кылганы учун. Озбек азаттыгында Озбектер ОО юлдуз туура айтат эле туура деп кошомат кылып атышат.Юлдуз кайра ынтымакка чакыра турган ырдын ордуна кайчылаштырат.

кимден: Арзыбек каяктан: Жалал-Абад
23.06.2010 14:37
Ай айланайындар, келгиле ынтымакта жашайлы. Каяктагы Юлдуз Усманованы деп кайрадан ынтымакты ыдыратпайлы. ал бир эси жок пенде, оозуна келгенди оттоп койду. Юлдузду деп бардык озбекти жаман корбойлу.

кимден: Жылдызкан каяктан: Бишкек
23.06.2010 14:10
Жылдыз Усманова биринчи оз мекенинин жараны болуп алсын аны бут дуйного уят кылып мекенинен кууп жиберишкен, экинчиси ал ушул кыргыздардын той топурунда ырдап биздин пул менен аман калганын эстесин, оз кесир суйлобой жон олтурсун.

кимден: Адилет каяктан: Алай
23.06.2010 13:54
ООба туура кыргыздар! Биз айкөл боорукер элбиз. Миндеген өлкөлөрдө түрдүү улуттардан куралган аймактар бар. Бирок, алардын кимиси расмий тил, кимиси автономия сурады, сураган болсо мамлекет өзу аларды жазалайт А бу жерде бейкүнөө адамдар каны төгүлдү. Кылымдар бирге жашап келдик деген элдердин ортосунда эмне деген мыкаачылыктар орун алды.Бирок биз Кыргызстандагы негизги улут кыргыздарбыз. Кандай окуя болсо да күнөөнү бизге артышат. Ушуну унутпайлы. Бирок бул жерде кайран кыргыздын канчалык күнөөсү бар, талдагыла. Кыргызстандын Ош Жалалабатында өзбек тилиндеги балабакча барбы? БАР! Мектептер ондоп саналат! ЖОЖдор бар өзбекче. Алар ЖКга чейин депутат болуп жатышат.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
23.06.2010 11:36
кимден: Манастын урпагы каяктан: Чыныгы Кыргыз
22.06.2010 21:15 Откондо карасууда бир кыргыздын башын алып кетишкенин угуп бир ыйладым эле. Озбекстанга качып барган жаш балдардын, анан тиги аксакалдын суротун коруп коз жашымды тыя албадым.Чайханада чогуу чай ичкен достордон элек.Бизге эмне болду? Тынч эле жашап аттык эле го.Улуту ким болсо да карапайым элдин эмне куноосу бар? Кыргыз менен Озбектин короор куну ушул беле? Озбек менен Кыргыз бири бирин колдоп, бири бирине жакшылык кылып жардамдашып жашашса - ордолуу Ош бейишке айланат эле го. Эмне болду силерге, кагылайын калкым? Айткылачы, ушул тополондон кимин пайда таптын? Болду эми. Урушпагылачы. Жарашкылачы.Эгиздей болуп ээрчишип жургулочу.

кимден: Манастын урпагы каяктан: Чыныгы Кыргыз
23.06.2010 11:36
Оо-ооо озбек туугандар!!!! Мен силерге боорум ооруп ыйлап олтурсам Юлдуз Усманова "кыргыздын тойлору да, пулу да арам" деп атат.Бул эмне дегендик? Усмановага согуш керекпи??? Усманова "арам" деп кыргызды куноолоп атса, мен озбектер менен бир чайханада олтуруп кантип чай ичем???

кимден: Кыргыз каяктан: Ош
23.06.2010 11:31
Менин бир тууган инимди озбектер олтурушту.Уйубузду орттошту.Мен Озбектер арам деген жокмун.Юлдуз бут кыргыз арам деп атат.

кимден: Кыргыз каяктан: Ош
23.06.2010 11:20
кимден: Юлдыз Усманова каяктан: Туркия
23.06.2010 00:55 "Азаттыктын" озбек кызматын окуп койгула.Мекенин жана эрин таштап Туркияда качып жургон Юлдуз Усманова кыргыздын тойлору да акчасы да арам дептир

Урматтуу "Азаттыктын"кызматкерлери!!! "Азаттыктын" озбек кызматына эскертип койгулачы.Юлдуздун "Кыргыздын акчасы да тойлору да арам" деген созун чыгарыптыр.Юлдуз Кыргыз элинен кечирим сурамайынча Ошто тынчтык болбойт!!! Юлдуздун озу да ыры да арам.ушуну чыгарып бергиле. юлдуз кыргызды арам десе болот.анан мен юлдузду арам десем болбойбу???
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)