Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 16:41

Борбор Азия

Өзбекстан: Сабира Күмүшалиеваны тарткан сүрөткер куугунтукта

Журналисттердин "Кавказия" эл аралык биримдиги Ташкенде сүрөтчү жана документалдуу фильмдердин автору Умида Ахмедовага гендерлик темадагы чыгармалары үчүн кылмыш иши козголгондугун айыпташты.

Умида Ахмедова
Текст көлөмү - +
Тыйуу салынган чыгармалар

"Азаттыктын" өзбек кызматы билдиргендей, Ахмедовага каршы кылмыш иши анын аялдар менен эркектердин күнүмдүк жашоосу тууралуу 110 сүрөттөн турган фото-альбомуна байланыштуу козголгон.

Өзбекстандагы карапайым адамдардын турмушун чагылдырган бул сүрөттөрдүн биринде кызыл-тазыл көйнөкчөн кыздын гүл коюлган терезенин жанында турганын, сары көйнөк, кызыл туфли кийген орус кыздын артындагы жумушчулардын фонунда телмиргенин, боегу түйрүлгөн темир дарбазанын алдындагы ташта аял менен эркектин отурганын көрөбүз.

Умида Ахмедованын азыр ушул өңдөнгөн сүрөттөрү "өзбек улутун каралайт"
Бул өңдөнгөн сүрөттөрдү ташкендик тергөөчүлөр "өзбек улутун шылдыңдайт" деп баалап, прокурорлор ага каршы кылмыш кодексинин «жаманатты кылуу» жана «каралоо» деген эки берене боюнча кылмыш ишин козгошту.

"Азаттык" менен маегинде Ахмедова өзүнө коюлган айыптоо боюнча буларды билдирди:

- Швейцариянын элчилигинин гендерлик программасы менен «Аял менен эркек: таңдан кечке» деген фото альбом чыгаргам. Андан үч жыл мурда «Эркек менен аял: үрп-адаттар» деген даректүү тасма тарткам. Кийин «Кыз болуунун оор жүгү» деген тасмам чыккан. Бул чыгармаларым үчүн эми кечирим сурашымды каалап жатышат. Адвокатка эч жакка кетпесин деп айтышты. Бул нагыз өзүм билемдик болуп жатат.

"Азаттык" кайрылганда, Акмедованы суракка алган тергөөчү Нодир Акматжанов сүрөткерди сүрөттү тартып, аны чет өлкөгө бергени үчүн күнөөлөдү: 

- Бул сүрөттөрдү швейцариялыктарга бербеши керек болчу. Баарын берген. Мейли сүрөттү өзү үйүндө көрүп отурса, биз ага каршы эмеспиз. Берип салып жатпайбы. Китеп басып чыгарышкан. Кийин видео фильмин да берген. Аны дискиге чыгарышкан. Чыгармачыл адамдын чыгарма чыгарышка албетте акысы бар, бирок тергөө ал «элге акаарат келтирип, каралаган» деген жыйынтык чыгарды. Биз экспертизанын жыйынтыгына жараша иш алып барабыз да.

Сынчынын сыңар өтүгү майрыкпы?

Журналисттердин «Кавказия» уюмунун катында айтылгандай, Швейцариянын Гендерлик программасы Өзбек өкмөтүнүн гендерлик теңдик саясатынын негизинде ишке ашырылган. Азыр кылмыштуу делген фото альбомго эки жыл мурда Өзбекстандын Басма сөз жана маалымат агенттиги эң жогорку баа берген.

Коомчулук расмий Ташкенди куугунтукту токтотууга чакырат

Журналисттер өзбек элинин аброюна эмне үчүн аталган агенттик күрөшүп жаткандыгына таң калганын белгилеп, сүрөткерге каршы козголгон кылмыш ишин «караңгылыктын жана демократиядан чегинүүнүн» белгиси деп баалашты.


Умида Ахмедова тарткан Сабира Күмүшалиеванын сүрөтү
16-декабрдан бери бул катка дүйнөнүн чар тарабынан жүздөгөн киши, анын ичинде Кыргызстандын жарандары да электрондук кол тамгасын кошушту.

Умида Ахмедова учурунда СССРдин эл артисти, кыргыздын чыгаан театр жана кино актрисасы Сабира Күмүшалиеванын да сүрөтүн да тарткан.

Анда ак элечек кийген улуу актриса бырыш баскан жүзүн күзгүдөн ойлуу карап турат (солдогу сүрөт).

Бул сүрөт азыр "соттолуп жаткан" альбомго кирген эмес.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Барсбек Кыргыз каяктан: Кыргызстан
27.12.2009 21:01
Суротчунун куугунтукталганы го Озбек бийлигинин туура эмес кылгандыгы дениздерчи. Бирок бул окуяны баяндаган макаланын темасы башкача аталса болмок, суротчу тарткан Сабира Кумушалиеванын суроту соттолгон суроттордун арасына кирбесе дагы Сабира Кумушалиеванын аты менен баштоо эки элдин ортосунун бузуу ниети бар экенин корсотуп турат. Бул провокацияга жол ачышы мумкун.

кимден: Nur каяктан: Bishkek
27.12.2009 03:46
Кээде ушундай нерселерди угуп алып,чын эле бийликке "акылынан ажырагандар" гана умтулабы деп ойлойсун.
Болгон кишилерди болгондой суротко тартыптыр анын эмнесине арданды.Арданса элди да оздору кийингендей ,ичингендей акыбалда кармаш керек эле да.Альбомдун жарым бетине чондордун аялынын суротун,жарым бетине байкуш жонокой аялдардын суротун контраст
болгондой койсо андан да жакшыраак болмок.Ошондо олкодо эмне болуп жатканы даана корунмок.

кимден: Элмурат каяктан: Бишкек
25.12.2009 23:19
Адам эркиндиги кайда калды?
Болгон нерселерди тартыптыр, жок нерселерди эмес.
Буга Эл аралык адам укуктары борборунан тез арада жардам берилууго тийиш.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине