Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:58

Ислам Каримовдун бийликтеги 20 жылы


18-июнь күнү Ислам Каримовдун Өзбекстандын жетекчиси болуп дайындалганына туура 20 жыл толду. Ал бийликке келээр алдында Өзбекстан бүткүл Советтер Союзуна “пахта чатагы” боюнча атагы чыгып, ага байланыштуу ондогон жетекчилер камакка алынып, кээ бирлери атынып өлгөн. Коомдо кризистик маанай күчөп, өлкө чоң өзгөрүүлөргө даяр эле.

Өзбекстан чоң өзгөрүүлөргө суусап турган

1980-жылдардын башында СССРде сенектик доору аяктап, о дүйнөгө аттанып, Кремлди бошотууга аргасыз болгон компартия жетекчилеринин ордуна КГБда иштеп, далай жашыруун сырларды билген Юрий Андропов келгенде, советтик экономиканын көрсөткүчтөрү көп жылдардан бери жасалма көбөйтүлгөн “жел сандарга” толуп кеткени ачыла баштайт.

Ал кампания алкагында эң көрсөтмөлүү, чуулгандуу тергөө жараяны “пахта иши” аталып, анын айынан Өзбекстанда ондогон жетекчилер камакка алынып, бир канчасы өз өмүрүн өзү кыйып жаны тынды. Коомчулуктун бийликтегилерден көңүлү кайтып, миңдеген кишилер катышкан митингдер өтүп, демократиянын эпкини аралап, жаңы саясий кыймылдар түптөлүп, өлкө чоң өзгөрүүлөргө даяр болуп калган эле. Дал ошол маалда, 1989-жылы Кашка-Дарыя обкомунун 1-катчысы Ислам Каримов Москвада КП БКнын Саясий бюро мүчөлөрүнүн батасын алып, Ташкендеги тактыны ээлеп калат.
Каримовдун доору кантип башталган?

Бул жаңылыкты өзбек коомчулугу ошол учурда кандай кабыл алганын Ташкендик журналист, ал кезде “Экономика жана турмуш” журналынын башредактору болуп турган Исмат Хушев айтып берет.

- Каримов чоң кубаныч менен тосуп алынды. Жазуучулар, интеллигенция, ойчулдар, мамлекеттик кызматкерлер – баары чоң үмүт менен күтүп алышты. Ал кезде акындар Усмон Азимов, Мухаммад Салих “Бирлик” партиясын түзүп, жер-жерлерди кыдырып, элди үгүттөп жүрүшкөн. Усмон Азимов гезиттердин бирине бирликчилер Кашка-Дарыя облусуна барганда, аларды ал кезде обкомдун 1-катчысы болуп турган Ислам Каримов абдан жакшы тосуп алып, жылуу маектешкенин айтып берди. Аны окугандардын баары ошол ак пейил Ислам Каримов Өзбекстандын 1-жетекчиси болду деп сүйүнүшүп, буюрса сабаттуу, ишти мыкты билген, элди өзүнө тарткан адам келди деп кубанып жатышты. Мен өзүм бул жаңылыкты угаар замат борбордук телеграфка жүгүрүп барып, КП БКнын 1-катчысы Ислам Каримовго деп орусча куттуктоо телеграммасын жөнөттүм. Анда “урматтуу Ислам Абдуганиевич, сиздин 1-катчы болуп дайындалганыңыз менде партия менен кайра курууга болгон ишеничти бекемдеди!” деп жазган элем, - деп эскерет азыр Канадада саясий башпаанек алып бозгунчулукта жүргөн өзбек журналисти Исмат Хушев.

1989-жылы Москвада Компартиянын Борбордук комитетинин Саясий бюросунда Ислам Каримовдун талапкерлигин талкуулаган адамдардын бири, Грузиянын экс-президенти Эдуард Шеварднадзе ал окуянын аки-чүкүсү эсинен чыгып кеткенин айтып, буларга токтолду.

- Ошондо да, азыр да Ислам Каримов абдан туура тандалган деп эсептейм. Көп нерсени унуттум, бирок кээ бир кишилер каршы болгону эсимде. Бирок Каримов бул ишке жарайт деген пикир үстөмдүк кылган.

Шеварднадзе Саясий бюронун жыйынында Ислам Каримовду ким жактырбай койгонун эстей албай койду. Бирок Каримов кайсыл сапаттарынан улам Кашка-Дарыя облусунун жетекчилигинен дароо Өзбекстандын 1-катчысы болуп калганын айрым документтер айгинелейт.

Мисалы, ошол кезде Кремлге түшкөн кагаздарда Ислам Каримов бир нече жолу коомдук жыйындарда “пахта чатагы”, паракордук жана башка чуулгандуу иштерге өзбек элинин улуттук кулк-мүнөз, салт-адаттары себепкер деп ачык сындаганы, андан да анын мурдагы жана эмки жубайы экөө тең орус элинин кыздары экенин да талапкердин артыкчылыктуу жактары катары мүнөздөгөн саптар кездешет. Андан сырткары Каримов уруу-кландык түзүлүштөрдөн оолак болуп, жергиликтүү жетекчилер менен коюн-колтук алышып, достошуп кетпей өзүн баарынан оолак кармаганы да Москвага ылайык көрүнгөн.

Эркиндиктин эпкини бат эле жок болду

Бийликке келээрде демократиячыл “Бирлик” партиясын кадырлаган Ислам Каримов тактыны ээлегенден кийин бат эле көз карашын өзгөртүп, саясат таануучу Ташпулат Юлдашев айткандай, тегерегиндеги ишти мыкты билген, сабаттуу, элге аты-башы көрүнгөн саясатчы, коомдук ишмерлерге каршы айыгышкан күрөш баштады. Бир аз каш кайтарып, каяша айткандардан Ташкенди тазалады. Саясий жана башка диссиденттерди абакка отургузуп, алы келбегендерин алыска сүргүнгө айдады.

Андан бери Өзбекстан көз карандысыздык алып, Ислам Каримов 3 жолу өлкө президенти болуп шайланды. 20 жыл ичинде эмне үчүн 3 жолу деп сурабай эле койгон оң. Анткени качан жана канчага шайланаарын Ислам Каримов өзү чечет. Чет өлкөлөрдө Өзбекстанды дүйнөдөгү катаал диктатордук өлкөлөрдүн бири катары таанышат.

Ислам Каримовдун 20 жылдык башкаруу дооруна 2005-жылкы Анжыяндагы кандуу окуя, жүз миңдеген өзбек мигранттарынын тагдырын кошсо болот. Албетте, эли эмгекчил, табигый ресурстарга бай, Борбор Азиянын тарыхый жана маданий мурасы топтолгон Өзбекстанда экономикалык жана башка жетишкендиктер жок эмес. Бирок мындан 20 жыл мурун элди алдыга жетелеген эркиндиктин эпкини эбак көздөн учуп жок болгон.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG