Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 16:41

Кыргызстан

Д.Үсөнов: “Түндүкэлектрону” 1 долларга деле сатмакпыз

Премьер-министр Данияр Үсөнов 24-февралда айрым өкмөт мүчөлөрү менен бирге маалымат жыйынын өткөрдү. Премьердин айтымында, былтыр экономикада кыйла жылыштар болуп, инфляциянын деңгээли нөл пайызды түздү.

Премьер-министрдин басма сөз жыйыны, 24-февраль 2010-жыл.
x
Премьер-министрдин басма сөз жыйыны, 24-февраль 2010-жыл.
Текст көлөмү - +
Ошондой эле ал тарифтердин көтөрүлүшү жана мамлекеттик ири ишканалардын сатылышы боюнча да суроолорго жооп берди.

Өкмөт башчы Данияр Үсөновдун айтымында, соңку кездери Кыргызстандын экономикасы кыйла эле тирденип алды. Алсак, былтыр инфляциянын деңгээли нөл пайызды түзүп, бүгүнкү күнү негизги азык-түлүккө болгон баалар кыйла арзандады. Ал эми расмий маалыматтар боюнча 2008-жылы инфляция 20 пайызга чейин жеткен эле.
Ноябрда биз тарифтерди көтөрүп атканда мен айткан элем, “ким эртең келип “Түндүкэлектрону” бир долларга алам десе, сатып жиберем”,- деп.
Д.Үсөнов

Тарифтердин көтөрүлүшүнө токтолгон премьер, бул эч кимге жаңылык болбошу керектигин, анткени тарифтерди көтөрүү 2006-жылы эле пландалып, атайын токтом чыкканын айтты. Бирок андан кийинки жылдары токтом аткарылбай келгендиктен азыркы тарифтер чоңдой көрүнүүдө. Тарифтерди 2006-жылдан баштап аз-аздап көтөргөндө деле бүгүнкү деңгээлге жетип калмак.

Д. Үсөнов ошондой эле “Түндүкэлектро”, “Кыргызтелеком” сыяктуу ири мамлекеттик ишканалардын сатылышы тууралуу “Азаттыктын” кабарчысынын суроосуна жооп берип, буларды сатуу аркылуу рыноктук системага өтүү каралганын айтты:

- “Кыргызтелеком” боюнча биз баарына сунуштаганбыз. Ачык айтканбыз, “телеком мындай, тарифтери тигиндей, финансылык абалы мындай” деп. Эч ким алган эмес. Бүгүн кудай жалгап менчиктештирүүнүн негизинде “Кыргызтелекомду” саттык деп мага билдиришти. Акчаларды Каржы министрлигине, Мамлекеттик мүлк министрлигинин эсебине түшүшү керек. Бул – түздөн-түз кыргыз өкмөтүнүн кирешеси болот.

“Түндүкэлектро” боюнча... Акыркы үч жылдын ичинде сөз болуп аткан, тендерлер өтүп аткан. Менин билишимче алты жолу конкурс болгон. Эч ким алган эмес. Ноябрда биз тарифтерди көтөрүп атканда мен айткан элем, “ким эртең келип “Түндүкэлектрону” бир долларга алам десе, сатып жиберем”,- деп...


Буга чейин оппозиция өкүлдөрү жана бир катар талдоочулар тарифтердин көтөрүлүшү менен мамлекеттик ири ишканалардын сатылышын катуу сындашкан эле. Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясы да буга байланыштуу нааразычылыгын билдирген эле. Ал тургай фракция жетекчиси Роза Отунбаева премьер-министрге ачык кат жазып, элдин байлыктары таланып-тонолуп атканын айтып, премьерге кызматтан кетип калуусун сунуштаган:
Р.Отунбаева

- “Түндүкэлектро” мисалы Алексей Ширшовдун “Чакан ГЭС” деген компаниясына 3 миллион долларга кетти деп атышат. Ошол А.Ширшовдун бир эле үйү 3 миллион доллар турат. “Түндүкэлектрого” кирсеңиз кассасындагы күнүмдүк пайдасы эле 30 миллион сомдой болсо керек. Анан кантип 3 эле миллионго кетип калат. Анан кантип эле ушунча арзан кетип калды. Бул деген Кыргызстандын элин тебелеп-тепсеп, бутун арчып атат деген эле сөз.

Өкмөт башчы Д.Үсөнов болсо депутат Р.Отунбаеванын ачык каты менен таанышканын, оппозициялык маанайдагы Социал-демократтар партиясынын аларга болгон мамилеси белгилүү экенин, андыктан депутат сунуштагандай кызматын таштап баса бербесин билдирди:

- Сиз айткан Роза Исаковна жазган саясий катты мен алдым. Эки баракта он жолу айтыптыр, “Данияр Токтогулович отставкага кетиниз” деп. Дагы он жолу жазыптыр, “кыргыз өкмөтү жаман” деп. Эми социал-демократтардын бизге болгон мамилесин жакшы билебиз. Бул саясий мамилеге дагы беш жыл чыдайбыз. Андан кийин убакыт көргөзөөр.

Өкмөт башчы тышкы соода-экономикалык алакаларды да президент айткан көп багыттуу саясаттын негизинде жүргүзүү керектигине токтолуп, Кыргызстан бул жаатта бир дагы мамлекет менен чатагы жоктугуна токтолду. Анын айтымында, учурда Кытай менен 3 миллиард долларлык долбоорлор тууралуу сүйлөшүүлөр болду. Орусиядан келет делген 2 миллиард долларга жакын кредит боюнча да сүйлөшүүлөр токтогон жок. Коңшу Казакстан, Өзбекстан менен да соода-экономикалык алакаларда чечилбей аткан нерсе жок. “Кандай болгон күндө да башкы кызыкчылык – Кыргызстандын кызыкчылыгы”,- дейт Д.Үсөнов.

Ал арада оппозиция өкүлдөрү бийликтин ички жана тышкы саясатын да катуу сынга алып келатышат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Ака каяктан: Уйдон
05.03.2010 00:46
Д.Үсөновго! Менде 1 доллар (40 сом) бар.Мага анда сат 1 долларга.Жооп күтөм!Любой ишкананы алам,Сен айткан 1долларга!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
04.03.2010 15:42
Д.УСОНОВДУН кыргыздарга бир сомчолук баркы жок

кимден: Динара каяктан: Бишкек
01.03.2010 20:51
Д.Үсөнов бийликке келгенден бери башыбызга балекет келди. Ушул убакка чейин Кыргызстанга салым кошо турган иш кылганын көрө да, уга да элекмин.

кимден: Жеңиш каяктан: Ош
27.02.2010 12:12
Д.Үсөнов ойлонуп ойлонбой эле сүйлөй берет экен. Бул адамдын колунан жакшылык келбейт окшойт же премьер-министр болуп эч кимди өзүнө теңебей койду.

кимден: Алимбай каяктан: Ош
26.02.2010 18:27
Бу премьер болсо эле оозуна келгенди оттой берген болобу?.Өкмөт башчы болуп туруп ушул сөздү жалпыга жарыя кылган үчүн жооп бериши керек да. Мамлекеттик жетекчиге карата этикалык комитет деген иштейт алар эмне оозуна талкан толтуруп алганбы?. Жок дегенде Жогорку Кеңеште отурган патриот чалыш депутаттар Данчикти бир аз теске салып кечирим сурасын деп талап кылып койсо болбойбу?.Же чоң болсо эле кылган кылыкты кылып,кыл жип менен бууп жүрө береби? Бир жылы Суталинов деген неме элдин бардына колун чыканагына чейин туруп муштумун өйдө каратып көрсөттү эле, бир быш деп койбой, уялмак турсун кайра шылдыңдап күлүп жүрөт. Кудай бир жеткирээр буларга...

"Азаттык" бул жерде бирөөнүн кадыр баркына доо кетирген эч нерсе жок, күйгөндөн айтам бир сабак дегендей ачуу ( өзүң уяла турган) чындык болуп жатат.Ошондуктан кеспей кемитпей жарыя кылып койгулачы...эл журт калыс пикирин айтсын.

кимден: Эркин каяктан: Талас
26.02.2010 17:36
Ушу Данчикти көргөндө денем кытышым алергиям кармап баштайт...

кимден: Баки каяктан: Баткен
26.02.2010 13:48
Оозу кыйшык болсо да байдын баласы сүйлөсүн дегендей, сүйлөйт десе эле сүйлөй бербей, иш кылбайсыңбы. 1 долларга сатканынарда көрөт элеңер, эмне кыргыздардын байлыгы бекер болуп калыптырбы. Убагында Адахан кыргыздардын 275 метр жерин тажиктерге берип тынды, жылына ижара акысына 1 доллар төлөйбүз деп. Эми сен калдың, андан көрө 1 доллар алып базарга чыгып, күндүн суугунда араба сүйрө.

кимден: Ака каяктан: Уй
26.02.2010 05:01
1 доллар азыр любой кыргызда бар,Данияр!Саал ойлонуп суйлочу!Колундан жалан эле сатыш келет экен,анда кызматты ташта,базарга бар!А кызматты иш билги,элди ойлогон азамат аркаласын!Минтип суйлогонуно караганда ордумда аябай эле бекем отурам дегенинго,мейли бул кундор да ототтур.

кимден: патриот каяктан: Аксычы
25.02.2010 23:07
Буларга айткан кайран соз. (азыркы бийликти айтам ) Создон ишке отолу. Мен булардан эчак эле тунулгом. Чогу чаран аракет кылбасак болбойт.Эл колдобосо оппазициянын деле колунан эмне келет.Сырттан эч ким келип кыргыздын жашоосун ондоп бербейт. Бала ыйлабаса эмчек кайда дегендей, биз кыргыз эли озубуз талап кылбасак, жакшы жашоону ким куруп берет бизге ? Журо беребизби комментарий жазып койуп, койго окшоп. Же баарын сатып буткучо карап туралыбы ? Канчадан сатар экен деп. Буларын беш миллион эли бар мамлекет сатабыз, эли ото жоош деп клиент издеп журобу, бир кудай озу билет. Оптом сатылып кетип, накта ит болбойлу ошондо. Бирибиздин бетибизди бирибиз карай албай. Бул акмактар андан деле кайра тартчудай эмес. Буларын алымсынгыдай эч нерсе калган жок, колго илешер. Катуу тийсе капаланбай, арыбызга келбесек болбой калды. Эртен кеч болуп калбасын баатыр элдин урпактары. "Коп ичинде баш калкалап кун корсо, Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын" деп "Кыз-Бурактын" кыздары ырдагандай болбойлу.

кимден: Erkin каяктан: Россия
25.02.2010 22:11
Кыргыз катуу копкондо козуно эч нерсе корунбой калат, дечу беле, ошону сынарындай, азыр Д.Усеновдун козуно чон, гилтейген Кыргызстандын бир ишканасы козуно $1 корунуп калыптыр. Кайран Кыргызстан, кайран эл. Качан баштуу башчыга жарыйт экенсин.
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)