Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 16:37

Дүйнө

Янукович-Тимошенко: айырма эки пайызга кыскарды

Украинадагы президенттик шайлоонун экинчи турунда эсептелген добуштар боюнча Региондор партиясынын лидери Виктор Янукович менен премьер-министр Юлия Тимошенконун ортосундагы айырма кыскарууда. Азыркы учурда добуштардын 95 пайызы эсептелип бүтүп, Янукович эки пайыздай алдыда келатат. Ал 48 пайыздан көбүрөөк добуш алды. Ал эми Тимошенкого берилген добуштар 46 пайыздан ашты. Шайлоочулардын төрт пайыздайы бардык талапкерлерге каршы добуш беришти.

Текст көлөмү - +
Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда добуш берүүгө шайлоочулардын 69 пайызы катышты. БШК добуш берүү учурунда орчундуу мыйзам бузуулар болгон жок деп билдирди.

Янукович Киевде болгон басма сөз жыйынында өзүнүн жеңишин жарыялап жиберди. Ал эми Тимошенконун штабынан добуштарды өз алдынча эсептеп жатышканын жана анын натыйжасы боюнча эки талапкерге добуштар бирдей санда берилген деп билдирүүдө. Юлия Тимошенко мурда сүйлөгөн сөздөрүндө эгер шайлоо таза өтпөсө массалык каршылык акцияларына элди алып чыгарын билдирген.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)