Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 16:27

Дүйнө

АКШда маанилүү саламаттык мыйзамы колго салынат

Өкүлдөр палатасы бүгүн буга чейин Сенатта жактырылган мыйзамды карамакчы. Мыйзамдын кабыл алынышы үчүн зарыл болгон 216 добушка жетүү максатында ишембиде президент Барак Обама мыйзамгерлер менен жолукту.

Барак Обама саламаттык реформасы боюнча жолугушуулардын биринде
x
Барак Обама саламаттык реформасы боюнча жолугушуулардын биринде
Текст көлөмү - +
АКШ президенти мыйзамгерлерге мындай сөздөр менен кайрылды:

– Биз саламаттык системасын ондогон жылдардан бери талкуулап келатабыз. Азыркы талкууга бир жыл болду. Эми ал сиздердин колуңарда. Америка үчүн саламаттык реформасы тууралуу мыйзамды кабыл алууга мезгил келди. Мен сиздер аны колдоп добуш берээриңерге ишенем.

Обаманын ички саясаттагы башкы максаты болгон бул реформа ишке ашса, азыркы күндө камсыздалбаган 32 миллион америкалык жарандын ден-соолугу камсыздалат. Андай болгон күндө АКШда жарандардын 95 пайызы саламаттык камсыздоосуна ээ болот.

Бирок Обама мыйзамгерлерге сүйлөп жатканда, Конгресстин сыртында миңдеген киши бул пландарга нааразылык билдирүү үчүн чогулду. Алтургай, демпартиядан шайланган бир мыйзамгердин бетине түкүрүштү. Ал эми республикачылардын гомосексуал жана афро-америкалык эки мүчөсүнө сексуалдык жана расисттик ыдык көрсөтүү болду.

Мыйзамгерлер бул реформанын айынан ноябрдагы орток шайлоодо утулуп калуудан чочулашууда. Өкүлдөр палатасындагы демократиялык көпчүлүктүн жетекчиси Стени Хойер мыйзам долбоорун кабыл алууга демократтарда добуш жетиштүү деген божомолун билдирди. Ал эми Обаманын айтымында, бул долбоор америкалык ооруканалар менен дарыгерлердин колдоосуна ээ. Демократтар ошондой эле саламаттык реформасы ишке аша баштаса, АКШ бюжетинин зор масштабга жеткен тартыштыгы алдыдагы 20 жылда триллиондон ашык долларга азаярын белгилешүүдө.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)