Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Борбордук Азия

11-сентябрь каргашасына сегиз жыл толду

11.09.2009

"Манас" аба майданындагы Транзиттик борбордо АКШда 11-сентябрда болгон террордук окуяларды эскерген иш чарага президент К. Бакиев катышып, сөз сүйлөдү.

2001-жылы 11-сентябрда Америкада болгон террордук каргашанын 8 жылдыгын эскерүү аземи “Манас” аба майданындагы Эл аралык транзиттик борборунда өтүп, бир мүнөттүк үн катпай эскерүү менен башталды.

Мамлекет башчысы Курманбек Бакиев өз сөзүндө 2001-жылы 11-сентябрда болгон каргашалуу окуяда курман болгондорду эскерип, Кыргызстан терроризмге каршы күрөштө сегиз жылдан бери чоң салымын кошуп келе жаткандыгын белгиледи.

-“Эки ай мурун АКШнын Транзиттик борбору тууралуу келишимге кол коюу менен Кыргызстан терроризмге каршы күрөшүүгө мындан ары да даяр экендигин негиздеди, биздин өлкө чатакташкан тараптарды тынчтыкка чакыруучу ортомчу катары чыгууга, өз аймагында тараптарды бир үстөлгө отургузуп, сүйлөштүрүүгө даяр”.

Президент К. Бакиев Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салууда аскерий аракеттер өзүн актабай калганын кошумчалап, дипломатиялык, гуманитардык, саясий - экономикалык жолдор менен бул маселени чечүүгө аракет кылуу зарылдыгын белгиледи.

Американын Кыргызстандагы элчиси Татьяна Гфэллер айым өз кезегинде Кыргызстан терроризм менен күрөшүүдө чоң салым кошуп жатканына ыраазылык билдирди:

-11-сентябрь Америка эли үчүн чоң мааниге ээ дата. Андыктан ошол күнкү каргашалуу окуядан кийин Кыргызстан көрсөтүп келе жаткан колдоосун терең баалайбыз. Кыргызстандын салымын АКШ президенти Барак Обама жана Ооган мамлекет башчысы Хамид Карзай да өзгөчө деп белгилешүүдө.

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев Кыргызстан дүйнөлүк терроризмге каршы күрөштө өзүн ишенимдүү өнөктөш катары эл аралык коомчулук алдында көрсөтө алган жок деген ойдо. Мунун себебин үстүбүздөгү жылдын башында өкмөт тарабынан АКШ базасын чыгаруу чечиминин кабыл алынышы менен байланыштырды:

-Салымызды кошуп жаткандыгыбыз чын. Бирок базаны бекер жайгаштырып жаткан жерибиз жок да. Колдоо көрсөтүп жатып кайра базаны “чыгып кет” деп айтып коюп жатпайбызбы. Биз бул маселени терең карашыбыз абзел. Каржылык жагына эле такалып алганыбыз туура эмес. “Соодалашкан дос болбойт” деген сөз бар. Дипломатиялык жагыбыз чабал болуп жаткандыгын моюнга алышыбыз керек.

2001-жылы 11-сентябрдагы Америкага жасалган террордук чабуулдардан кийин кыргыз бийлиги АКШ баш болгон антитеррордук коалициянын аскерий базасын "Манас" аба майданында жайгаштырууга уруксат берген. Андан бери келишим эки жолу өзгөртүлүп, быйыл жазында аскердик база аскердик эмес багыттагы жүктөрдү ташуучу Транзиттик борбор деген макамга ээ болуп, аба майдандын ижара акысы үчүн АКШ жылына мурдагыдай он жети миллион эмес алтымыш миллион доллар төлөмөй болгон.




Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.

Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: abc каяктан: TR
16.09.2009 17:25
11 sentyabrda Amerikaga jasalgan terrorismge karshy kuroshuu uchun (eger any kimderdin jasagyndygyn bilishse,buga kumonum jok baary bilishet aytalishpait.)azyr kyrgyzstan jash. umutsuz bir gana shaitan emespi siler umutunordu uzboy araket kilgila. balkim oshol terroristterdi taap duynonun bagytyn ozgortosunor. oilobogula Ben Laden kildi munu dep. bul medyanin maskasy/.

кимден: baha каяктан: chyi
12.09.2009 17:21
eh terrorizim chon tema bolup kaldi bul tema menen emne kilip jatishat ?kaalasa doomat koyp yiynon alip ketet terririzmge bailanishin bar dep

кимден: Эр азамат каяктан: Бишкек
12.09.2009 15:59
Өз башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрөт - дейт эмеспи. Ажообуз Кыргызстанды кыйраткансып, акыл айтканы -анигдот болуп калды...
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)