Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:00

АКШ Иранга каршы жаңы санкцияларды жарыялады


Ак үй Иран президенти Махмуд Ахмадинежаддын АКШ президенти Барак Обаманы "дүйнөлүк проблемаларды" талкуулоо үчүн теледебатка чакыруусун четке какты.
Ак үй Иран президенти Махмуд Ахмадинежаддын АКШ президенти Барак Обаманы "дүйнөлүк проблемаларды" талкуулоо үчүн теледебатка чакыруусун четке какты.

АКШ Иранга каршы жаңы санкцияларды жарыялады. Ага ылайык санкциялар Иран колдогон жана АКШда кара тизмеге киргизилген 21 компанияга, ирандык эки уюмга жана Вашингтон Талибан менен Хезболла топторун колдойт деп санаган ирандык расмий өкүлдөргө каршы киргизилди. АКШ ага катар өнөктөш өлкөлөрдү да Тегеранга каршы санкцияларын күчөтүүгө үндөөдө.

Каржы министрлигинин 3-августтагы жарыясына караганда, АКШда ирандык эки уюм менен катар ирандык расмий өкүлдөрдүн бир нечесине байланышы бар активдер тоңдурулду. Америкалык тараптын эсебинде, Ливанды реконструкциялоо боюнча Иран комитети жана имам Хомейнинин жардам көргөзүү комитетинин Ливандагы бөлүмү деп аталган эки уюм шийттердин “Хезболла” тобунун террордук аракеттерин каржылоого жардам берип жүрөт.

Ал эми кара тизмеге киргизилген жеке адамдар арасында Ирандын Кудс аскер күчтөрүнүн төрт жогорку даражалуу офицери бар. АКШ Кудс күчтөрүн да террорчулукту колдогону үчүн айыптап келет.

АКШнын Каржы министрлиги санкция жарыялаган 21 компанияга да Иран өкмөтү ээлик кылат же көзөмөлдөйт деп эсептелинет. Алар Ирандын өзүндө эле эмес, чет өлкөлөрдө да жайгашкан. Санкция киргизилген ал компаниялардын арасында Беларустагы эки банк, Германияда жайгашкан эки инвестициялык фирма, Жапония, Германия, Люксембург, Италия жана Ирандагы тоо-кен өндүрүшүнө адистешкен жана инженердик компаниялар бар. Америкалык жарандар менен компанияларга ал ишканалар менен бизнес жүргүзүүгө тыюу салынат.

АКШнын каржы министринин терроризм жана каржылык чалгын боюнча орун басары Стюарт Левинин билдирүүсүндө “эл аралык каржы жана коммерциялык системадан изоляциянын күчөшү менен Ирандын өкмөтү санкциялардан качуу боюнча аракеттерди, анын ичинде мыйзамсыз ишмердигин колдоого багытталган акча которууларды жеңилдетүү үчүн ирандык экендигин аныктоо оңой болбогудай кылып мамлекет ээлигиндеги ишканаларды колдонууну да улантат”,- деп айтылат.

АКШнын каржы министринин орун басары ага катар өз билдирүүсүндө Иранды “дүйнөдөгү терроризмдин эң жемиштүү каржылоочусу” катары мүнөздөдү.

АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Иранды жашыруун түрдө өзөктүк курал жасап жатканы үчүн айыптап келишет. Иран болсо андай айыптарды четке кагып, өзөктүк программасы тынчтык максатты гана көздөрүн ырастоодо.

АКШнын санкциялар боюнча соңку кадамы Иранга анын талаштуу өзөктүк программасына байланышкан кысымды күчөтүүгө багытталган. Иранга каршы санкцияларды Улуттар уюму жана Евробиримдик да киргизген болчу.

Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Филип Кроулинин Вашингтондогу басма сөз жыйында кабарчыларга айтканына караганда, БУУнун Коопсуздук кеңеши тарабынан киргизилген санкциялардын акыркы айлампасы жана АКШ, Евробиримдик, башка өлкөлөрдүн аны коштогон эки тараптуу аракеттери өз натыйжасын бере баштады:

-Биздин эсебибизде, бул Ирандын өзүндө таасирин тийгизүүдө. Иранда бизнес жасоо барган сайын кыйындоодо, бизнестин чыгымы өсүп жатат. Албетте дагы көп нерсе жасалуусу керек. Ушундан улам Мамлекеттик департаменттин өзөктүк куралды жайылтпоо жана курал жаракты көзөмөлдөө боюнча атайын кеңешчиси Түштүк Кореяда, Токиодо болду жана ушул аптада башка жерлерге да барат.

Айткандай эле Мамлекеттик департаменттин өзөктүк куралды жайылтпоо жана курал-жаракты көзөмөлдөө боюнча кеңешчиси Роберт Эйнхорн Токидогу сүйлөшүүлөр учурунда жапон бийликтерин Иранга каршы санкциясын катаалдаштырууга чакырды:

-Биз жапон өкмөтүнө кеңеш бергендей эле сиздерди жана сиздердин кесиптештерди Евробиримдик кабыл алган чараларга көңүл бурууга чакырабыз. Бул катаал чаралар, бирок Жапониянын ошондой катаал чараларды кабыл алуусу жапон экономикасына олуттуу таасир тийгизбейт.

Жогорудагыдай чакырыктын алдында Жапония Иранга каршы санцияларын БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясына ылайык кабыл алган жана ушул айдын соңунда кошумча санкцияларды киргизүү планы бар экенин жарыялады. Иран болсо санкцияларды айыптоо менен четке каккан жана алар өлкөнү карманган багытынан тайдыра албасын белгилеген.

Бул аралык Ак үй Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежаддын АКШ президенти Барак Обаманы дүйнөлүк маселерди талкуулоо үчүн теледебатка чакыруусун четке какты.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Роберт Гиббс белгилегендей, АКШ эгер Иран өзүнүн олуттуу мамилесин көргөзсө анын мыйзамсыз өзөктүк программасын талкуулоого даяр экенин айтып келген. Бирок Иран тарап азырынча “олуттуулугун” көргөзө элек.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG